Смоленскидеги дем алыш: кайсы жайларын кыдырып, эстеликке эмне алса болот?

Жазылуу
Москвадан түштүк-батышка карай төрт жүз чакырым (поезд менен төрт саат) жол жүрсөңүз, Смоленскиге туш болосуз. Калааны кээде "Россиянын калканы" же "Москванын ачкычы" деп коюшат, илгери батыштан келген душмандын соккусун биринчи болуп ушул шаардын тургундары тосушкан.

Сепилди аралап, мунарага чыгуу — туристтердин программасындагы сөзсүз аткарылчу пункт. Күндүзү 900 жылдык храмдарды көрүп, Вязьманын пряниктерден жана фирмалык жергиликтүү байпактардан белекке сатып алсаңыз болот, кечкисин жаз стилиндеги ырларга кулак төшөй аласыз. Смоленскиде эсте каларлык дем алыш өткөрүүнүн сырын биздин өнөктөш РИА Новости агенттигинин фототүрмөгүнөн тапсаңыз болот.

© Sputnik / Илья ПиталевАталыш таржымалынын бир версиясы боюнча, калаа Смольня дайрасынын ысымын алган (байыркы славянча "кара топурак").
Дагы бир варианты боюнча, бул жер "варягдардан грек тарапка" кеткен жолдогу эң ири соода борбору болгон. Кайык курууга пайдаланылган смола өндүрүшкөн деп эсептелет.
Достопримечательности Смоленска - Sputnik Кыргызстан
1/11
Аталыш таржымалынын бир версиясы боюнча, калаа Смольня дайрасынын ысымын алган (байыркы славянча "кара топурак").
Дагы бир варианты боюнча, бул жер "варягдардан грек тарапка" кеткен жолдогу эң ири соода борбору болгон. Кайык курууга пайдаланылган смола өндүрүшкөн деп эсептелет.
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАр тараптан храм комплекси менен Собор тоосу көрүнүп турат.
Сепилдин дубалдары айланасына XVI кылымдын аягында тургузулган. Анын көп бөлүгүн 1812-жылы Москвадан чегинген Наполеондун аскерлери талкалап кеткен.
"Коргонду толук айланып чыгыңыз (6,5 чакырым), дөңсөөлөр менен бирде өйдө, бирде ылдый жүрүп отурасыз. Смоленскинин этегинде турган жоо кабылгандай эле сезимдерге тушугасыз", — деп сунуштайт гид Наталья Михайловская. Бирок ашыкканыңыз оң, себеби келерки жылга бул курулушту рестраврациялоо пландалган.
Достопримечательности Смоленска - Sputnik Кыргызстан
2/11
Ар тараптан храм комплекси менен Собор тоосу көрүнүп турат.
Сепилдин дубалдары айланасына XVI кылымдын аягында тургузулган. Анын көп бөлүгүн 1812-жылы Москвадан чегинген Наполеондун аскерлери талкалап кеткен.
"Коргонду толук айланып чыгыңыз (6,5 чакырым), дөңсөөлөр менен бирде өйдө, бирде ылдый жүрүп отурасыз. Смоленскинин этегинде турган жоо кабылгандай эле сезимдерге тушугасыз", — деп сунуштайт гид Наталья Михайловская. Бирок ашыкканыңыз оң, себеби келерки жылга бул курулушту рестраврациялоо пландалган.
© Sputnik / Олег МинеевБүтүндөй Смоленск чебинде бир дагы окшош мунара болгон эмес. Алардын бийиктиги жана формасы бул жердин рельефи менен аныкталган. 38 мунарадан 18и сакталып калган.
Достопримечательности Смоленска - Sputnik Кыргызстан
3/11
Бүтүндөй Смоленск чебинде бир дагы окшош мунара болгон эмес. Алардын бийиктиги жана формасы бул жердин рельефи менен аныкталган. 38 мунарадан 18и сакталып калган.
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКоргондон нарыдагы Успенский собору поляктар тарабынан талкаланган храмдын ордуна XVII кылымдын башында курулган. XII кылымда Владимир Мономахтын тушундагы чиркөө чегинген интервенттер анын жанындагы ок-дары сакталган кампаларды жардырышканда урап түшкөн. Бирок иконостасы (чиркөөнүн төркү бөлүмүн бөлүп турган тосмо) жана жыгач-ташы сакталып калган.
Собор калаанын колдоочусу — ыйык Меркурий Смоленскийдин катырылган денеси жана анын темир сандалы сакталганы менен белгилүү.
Достопримечательности Смоленска - Sputnik Кыргызстан
4/11
Коргондон нарыдагы Успенский собору поляктар тарабынан талкаланган храмдын ордуна XVII кылымдын башында курулган. XII кылымда Владимир Мономахтын тушундагы чиркөө чегинген интервенттер анын жанындагы ок-дары сакталган кампаларды жардырышканда урап түшкөн. Бирок иконостасы (чиркөөнүн төркү бөлүмүн бөлүп турган тосмо) жана жыгач-ташы сакталып калган.
Собор калаанын колдоочусу — ыйык Меркурий Смоленскийдин катырылган денеси жана анын темир сандалы сакталганы менен белгилүү.
© Sputnik / Юрий Кавер / Медиабанкка өтүүСмоленскте XII кылымга таандык, монголдук доорго чейинки архитектуранын эстеликтери болгон үч храмды сактап калышкан. Алардын үчөө тең иштейт, — дейт гид Светлана Бычкова. Алар: Городянкадагы Петр жана Павел, Иоанн Богослов жана Михаил Архангел (аны Свир деп да коюшат) чиркөөлөрү.
Достопримечательности Смоленска - Sputnik Кыргызстан
5/11
Смоленскте XII кылымга таандык, монголдук доорго чейинки архитектуранын эстеликтери болгон үч храмды сактап калышкан. Алардын үчөө тең иштейт, — дейт гид Светлана Бычкова. Алар: Городянкадагы Петр жана Павел, Иоанн Богослов жана Михаил Архангел (аны Свир деп да коюшат) чиркөөлөрү.
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү"Россиянын жапжашыл он шаарынын бири. Тарыхый борборуна парк, скверлер курулган. Сепилдин ичинде эле эки: Блонье жана Лопатинский бакчасы салынган, — деп түшүндүрөт Светлана Бычкова. — Мында Смоленскинин эң эски эстелиги турат, ал 1812-жылы калааны коргогон жоокерлерге арналган. 1845-жылы коюлган.
Достопримечательности Смоленска - Sputnik Кыргызстан
6/11
"Россиянын жапжашыл он шаарынын бири. Тарыхый борборуна парк, скверлер курулган. Сепилдин ичинде эле эки: Блонье жана Лопатинский бакчасы салынган, — деп түшүндүрөт Светлана Бычкова. — Мында Смоленскинин эң эски эстелиги турат, ал 1812-жылы калааны коргогон жоокерлерге арналган. 1845-жылы коюлган.
© Sputnik / Илья ПиталевБлонье бакчасына расмий түрдө Смоленск губерниясынын кулуну болгон Михаил Глинканын ысымы берилген. Коло скульптура — бул композитордун элесине арналган биринчи эстелик, ал 1885-жылы ыктыярдуу топтолгон каражатка тургузулган. Атактуу смоляндыктын чыгармалары үн күчөткүчтөр аркылуу жаңырып турат. Парктын чок ортосунда айланасы сейил тилкелерине толгон музыкалык фонтан бар.
Достопримечательности Смоленска - Sputnik Кыргызстан
7/11
Блонье бакчасына расмий түрдө Смоленск губерниясынын кулуну болгон Михаил Глинканын ысымы берилген. Коло скульптура — бул композитордун элесине арналган биринчи эстелик, ал 1885-жылы ыктыярдуу топтолгон каражатка тургузулган. Атактуу смоляндыктын чыгармалары үн күчөткүчтөр аркылуу жаңырып турат. Парктын чок ортосунда айланасы сейил тилкелерине толгон музыкалык фонтан бар.
© Sputnik / Илья ПиталевОн беш жыл мурун сепилдин дубалдарынан анча ыраак эмес жерде балдарга — фашисттик концлагерлердин туткундарына багышталган "Куйкаланган гүл" деген эстелик тургузулган.
Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына арналып ушундай эле аталыштагы музей ачылган. "Анда сизге түркүн доордогу курал-жарактарды көрсөтүп, кантип колдонушканын айтып беришет", — дейт Наталья Михайловская.
Сизди шаарда дагы XV жана XVI кылымдардагы иконалар, Шишкин, Поленов, Репин, Суриков, Врубель, Левитан, Коровин, италиялык жана голландиялык живописчилердин эмгектери коюлган көркөм галерея да күтөт.
Достопримечательности Смоленска - Sputnik Кыргызстан
8/11
Он беш жыл мурун сепилдин дубалдарынан анча ыраак эмес жерде балдарга — фашисттик концлагерлердин туткундарына багышталган "Куйкаланган гүл" деген эстелик тургузулган.
Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына арналып ушундай эле аталыштагы музей ачылган. "Анда сизге түркүн доордогу курал-жарактарды көрсөтүп, кантип колдонушканын айтып беришет", — дейт Наталья Михайловская.
Сизди шаарда дагы XV жана XVI кылымдардагы иконалар, Шишкин, Поленов, Репин, Суриков, Врубель, Левитан, Коровин, италиялык жана голландиялык живописчилердин эмгектери коюлган көркөм галерея да күтөт.
© Sputnik / Илья Питалев"Смоленскиге архитектурага кызыккандар бир келип кетсе болот: мында эклектика, модерн, конструктивизм бар. Имараттар согуштан соң кайра калыптандырылган, — дейт Михайловская. — Бирок жыгач курулуштардан калган жок".
Достопримечательности Смоленска - Sputnik Кыргызстан
9/11
"Смоленскиге архитектурага кызыккандар бир келип кетсе болот: мында эклектика, модерн, конструктивизм бар. Имараттар согуштан соң кайра калыптандырылган, — дейт Михайловская. — Бирок жыгач курулуштардан калган жок".
© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүү"Туристтерге сөзсүз "Маяковский" барына баш багууга кеңеш берет элем, чакан болсо да, мезгилдик тамактар жана таттууларды сунган ашканасы менен даңаза, — деп кебин улайт Михайловская. — Ишембинин кечтеринде жаз концерттери коюлат. Терезе текчеси болгон столдордо тамактанып, айнектен ылдый агылган жамгырдын агымын тиктей кыялдансаңыз болот".
Del Mar устрица бары — жалпынын көңүлүн ээлеген жай. "Моллюскалардын түрү кеңири, баары жаңы кармалган, — деп белгилейт Наталья. — "Сүйкүмдүү бийкеч" тасмасында ойногон Жулия Робертстин каарманы сымал мурда билбеген идиш-аяктарды көрүп апкаарып калсаңыз да, аларды кантип кармашты сизге сөзсүз үйрөтүшөт".
Празднование дня рождения ресторана Vаниль - Sputnik Кыргызстан
10/11
"Туристтерге сөзсүз "Маяковский" барына баш багууга кеңеш берет элем, чакан болсо да, мезгилдик тамактар жана таттууларды сунган ашканасы менен даңаза, — деп кебин улайт Михайловская. — Ишембинин кечтеринде жаз концерттери коюлат. Терезе текчеси болгон столдордо тамактанып, айнектен ылдый агылган жамгырдын агымын тиктей кыялдансаңыз болот".
Del Mar устрица бары — жалпынын көңүлүн ээлеген жай. "Моллюскалардын түрү кеңири, баары жаңы кармалган, — деп белгилейт Наталья. — "Сүйкүмдүү бийкеч" тасмасында ойногон Жулия Робертстин каарманы сымал мурда билбеген идиш-аяктарды көрүп апкаарып калсаңыз да, аларды кантип кармашты сизге сөзсүз үйрөтүшөт".
© Фото / Туристский визит-центр "Смоленский терем"Калаанын сүрөттөрү түшүрүлгөн магнит, открытка, керамикадан тышкары, Смоленскиден өзгөчө азем эстеликтерди да алып кетишет. Мисалы, революцияга чейин эле Туладагыдан да белгилүү болгон Вязьма пряниктери жасалат. Жыты аңкыган бал-жаңгактуу, цукаттуу, жер жаңгак жана бадам кошулган шириндиктерди санап берди Светлана Бычкова. "Бул таттуу туурасында Пушкиндин да: Москва колуктулары, Вязьма пряниктери менен даңазалуу" деп жазганы бар" — деп кошумчалайт ал.
Смоленск конфекттери, ооба, жаңылыштык эмес, дал конфеКТтери — шекер ширесиндеги (сиробу) жемиштер, негизинен, алма, алмурут. Табигый, даамдуу азык байыркы технология менен жасалат. Бул жактан курамына какао буурчагы жана кант камышы кошулган анжир, жайма как, шоколадды да сатып алышат.
Бирок бриллиант да ала кетсеңиз болот, Смоленскиде алмазды кайра иштетүүчү ири ишкана жайгашканын айтат Наталья Михайловская.
Баарына кошумча, байпак сатып алыңыз. Жергиликтүү байпак фабрикасы космонавттарга да атайын буюмдарды чыгарат.
Достопримечательности Смоленска - Sputnik Кыргызстан
11/11
Калаанын сүрөттөрү түшүрүлгөн магнит, открытка, керамикадан тышкары, Смоленскиден өзгөчө азем эстеликтерди да алып кетишет. Мисалы, революцияга чейин эле Туладагыдан да белгилүү болгон Вязьма пряниктери жасалат. Жыты аңкыган бал-жаңгактуу, цукаттуу, жер жаңгак жана бадам кошулган шириндиктерди санап берди Светлана Бычкова. "Бул таттуу туурасында Пушкиндин да: Москва колуктулары, Вязьма пряниктери менен даңазалуу" деп жазганы бар" — деп кошумчалайт ал.
Смоленск конфекттери, ооба, жаңылыштык эмес, дал конфеКТтери — шекер ширесиндеги (сиробу) жемиштер, негизинен, алма, алмурут. Табигый, даамдуу азык байыркы технология менен жасалат. Бул жактан курамына какао буурчагы жана кант камышы кошулган анжир, жайма как, шоколадды да сатып алышат.
Бирок бриллиант да ала кетсеңиз болот, Смоленскиде алмазды кайра иштетүүчү ири ишкана жайгашканын айтат Наталья Михайловская.
Баарына кошумча, байпак сатып алыңыз. Жергиликтүү байпак фабрикасы космонавттарга да атайын буюмдарды чыгарат.
Жаңылыктар түрмөгү
0