Пряник, самоор жана курал-жарак калаасы. Тула шаарынын кызыктары

Жазылуу
Тула облусунун меймандары жайкысын көбүнесе "Ясная Поляна", "Поленово" жана "Тургенево" короо-жай музейин көрүүгө барышат. Бирок аяздуу күндөрдө да облустук борбордо көрө турган жайлар табылат.

Россиянын борбор калаасынан болгону 180 чакырымдык, поезд менен эки сааттан бир аз ашык жол. Самоорго кантип чыгууга, алтын така кагылган бүргөнү, үч граммдык револьвер жана өтүк-гармонду кайдан көрүүгө болору туурасында биздин өнөктөш РИА Новости агенттигинин фото түрмөгүнөн көрүңүздөр.

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүXVI кылымдын башындагы Тула кремли — калаанын эң эски курулушу. Анын аймагында эки собор бар: курал-жарак музейинин Богоявленск филиалы, ал эми Успенский собору чиркөөгө кайтарылган. Чынында азыр ал кайра бир жасап чыгуу үчүн жарым-жартылай жабык. Туристтер коңгуроо мунарасынын төмөнкү бөлүгүнөн палехтик икона адистеринин фрескаларын (сүрөттөрүн) көрүүгө болот.
Тульский кремль - Sputnik Кыргызстан
1/16
XVI кылымдын башындагы Тула кремли — калаанын эң эски курулушу. Анын аймагында эки собор бар: курал-жарак музейинин Богоявленск филиалы, ал эми Успенский собору чиркөөгө кайтарылган. Чынында азыр ал кайра бир жасап чыгуу үчүн жарым-жартылай жабык. Туристтер коңгуроо мунарасынын төмөнкү бөлүгүнөн палехтик икона адистеринин фрескаларын (сүрөттөрүн) көрүүгө болот.
© Sputnik / Мария СеливановаКремлдин жанында — велосипед жолдору, кофе жана чүчвара күркөлөрү, ошондой эле арт-объекттер каз катар жайгашкан Казань жээги. Мында, мисалы, металл бак-дарак, көпөлөктөр, орус жана латын алфавитинен бири-бирине ширетилген 14 миң тамгадан чогултулган болоттон ат орнотулган. Сүрөткө түшүүгө эң ылайык жай!
Казанская набережная - Sputnik Кыргызстан
2/16
Кремлдин жанында — велосипед жолдору, кофе жана чүчвара күркөлөрү, ошондой эле арт-объекттер каз катар жайгашкан Казань жээги. Мында, мисалы, металл бак-дарак, көпөлөктөр, орус жана латын алфавитинен бири-бирине ширетилген 14 миң тамгадан чогултулган болоттон ат орнотулган. Сүрөткө түшүүгө эң ылайык жай!
© Sputnik / Мария СеливановаОшондой эле кооздолгон самоордун жанындагы оймо-чиймеленген жыгач дүкөнчөнүн фонунда да сүрөткө түшсөңүз болот.
Казанская набережная - Sputnik Кыргызстан
3/16
Ошондой эле кооздолгон самоордун жанындагы оймо-чиймеленген жыгач дүкөнчөнүн фонунда да сүрөткө түшсөңүз болот.
© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүШаардын дагы бир көзгө басар жерлеринин бири — Россиядагы эң эзелки, тагыраак 1873-жылы түптөлгөн мамлекеттик курал-жарак музейи. Анын коллекциясынын бир бөлүгү кремлдин Богоявленск соборунда сакталат. Эски туулга калыбындагы негизги имарат сегиз жыл мурун курулган. Беш кабаттуу жайда тулалык усталар тарабынан жасалган ок атуучу жана атылбас курал-жарактар жайгаштырылган. Эң эски экспонаттар XIV кылымга таандык.
Тульский государственный музей - Sputnik Кыргызстан
4/16
Шаардын дагы бир көзгө басар жерлеринин бири — Россиядагы эң эзелки, тагыраак 1873-жылы түптөлгөн мамлекеттик курал-жарак музейи. Анын коллекциясынын бир бөлүгү кремлдин Богоявленск соборунда сакталат. Эски туулга калыбындагы негизги имарат сегиз жыл мурун курулган. Беш кабаттуу жайда тулалык усталар тарабынан жасалган ок атуучу жана атылбас курал-жарактар жайгаштырылган. Эң эски экспонаттар XIV кылымга таандык.
© Sputnik / Мария СеливановаБуюмдардын айрымдарын кармап, пулеметтон мээлеп же Биринчи дүйнөлүк согуштун тушундагы винтовканы колго алып көрсөңүз болот.
Музейдин топтомунда "балерина" деп аталган эң жеңил — 43 килограммдык аба пушкасы, кымындай — үч граммдык "Бульдог" револьвери (бир метрлик аралыктан бир кагазды теше алат) эң бат — мүнөтүнө 12 миң ок чыгарган артиллериялык курал өңдүү сейрек кездешкен экспонаттар бар. Анан албетте, кеңири белгилүү Калашников автоматы жана Макаров тапанчасы да музейдин коллекциясын толуктап турат.
Курал-жарактар туурасында кеңири маалымат менен таанышууга голографиялык витриналар жана проекциялык кичи кинотеатрлар жардамга келет.
Государственный музей оружия в Туле - Sputnik Кыргызстан
5/16
Буюмдардын айрымдарын кармап, пулеметтон мээлеп же Биринчи дүйнөлүк согуштун тушундагы винтовканы колго алып көрсөңүз болот.
Музейдин топтомунда "балерина" деп аталган эң жеңил — 43 килограммдык аба пушкасы, кымындай — үч граммдык "Бульдог" револьвери (бир метрлик аралыктан бир кагазды теше алат) эң бат — мүнөтүнө 12 миң ок чыгарган артиллериялык курал өңдүү сейрек кездешкен экспонаттар бар. Анан албетте, кеңири белгилүү Калашников автоматы жана Макаров тапанчасы да музейдин коллекциясын толуктап турат.
Курал-жарактар туурасында кеңири маалымат менен таанышууга голографиялык витриналар жана проекциялык кичи кинотеатрлар жардамга келет.
© Sputnik / Мария СеливановаШаардын тургундарын XIX кылымдын аягы — XX кылымдын башында эмне менен дарылашканын "Старая тульская аптека" (Тулдун байыркы дарыканасы) музейинде көрсөтүшөт. Мында дары-дармек 1884 жылдан 2011-жылга чейин сатылган.
"Дарыкананы эң алгачкы кожоюндары Беляевдердин үй-бүлөсү кандай кармаса, дал ошондой кайра калыбына келтиришкен. Бул ишти дарыканачылардын үч мууну жүргүзгөн. Эмерек, витрина, асма чырактар муундан муунга өткөн документтер боюнча буюртма менен даярдалган, — деп баяндайт экскурсовод Лариса Москаленко. — Соода залында — ичке моюндуу идиштер жана банкалар ошондогу этикеткалары менен сакталуу".
Музей Старая тульская аптека - Sputnik Кыргызстан
6/16
Шаардын тургундарын XIX кылымдын аягы — XX кылымдын башында эмне менен дарылашканын "Старая тульская аптека" (Тулдун байыркы дарыканасы) музейинде көрсөтүшөт. Мында дары-дармек 1884 жылдан 2011-жылга чейин сатылган.
"Дарыкананы эң алгачкы кожоюндары Беляевдердин үй-бүлөсү кандай кармаса, дал ошондой кайра калыбына келтиришкен. Бул ишти дарыканачылардын үч мууну жүргүзгөн. Эмерек, витрина, асма чырактар муундан муунга өткөн документтер боюнча буюртма менен даярдалган, — деп баяндайт экскурсовод Лариса Москаленко. — Соода залында — ичке моюндуу идиштер жана банкалар ошондогу этикеткалары менен сакталуу".
© Sputnik / Мария СеливановаМузейдин эл көп кызыккан экспонаты — токарь Николай Алдунин жасап калтырган алтын такалуу бүргө. Бул зер буюмду микроскоп менен карап чыгууга болот.
Мурда дарыканага дары-дармек сатып алуу үчүн гана баш бакпастан, кереметтерди гана тургай, мисалы, спиртке салынган жаныбарларды көрүп кетүүгө да киришчү.
Музей Старая тульская аптека - Sputnik Кыргызстан
7/16
Музейдин эл көп кызыккан экспонаты — токарь Николай Алдунин жасап калтырган алтын такалуу бүргө. Бул зер буюмду микроскоп менен карап чыгууга болот.
Мурда дарыканага дары-дармек сатып алуу үчүн гана баш бакпастан, кереметтерди гана тургай, мисалы, спиртке салынган жаныбарларды көрүп кетүүгө да киришчү.
© Sputnik / Мария СеливановаКремлдин дал дубалдарында жайгаштырылган "Тула самоорлору" музейинин эки залында XVIII-XX кылымдардын үлгүлөрү топтолгон. Арасында металл гана эмес, фарфор, кабыктан жасалгандары да бар. Эң чоңу — декоративдик, көрүүчүлөр анын ичине да кирип көрө алышат.
Шаардагы самоор жасоочу алгачкы фабриканы курган Иван жана Назар Лисициндердин жеке буюмдары да, жергиликтүү көпөстөр Сомов, Маликов, Фомин, Баташев, Шемаринге таандык оокаттар да сакталган.
Музей Тульские самовары - Sputnik Кыргызстан
8/16
Кремлдин дал дубалдарында жайгаштырылган "Тула самоорлору" музейинин эки залында XVIII-XX кылымдардын үлгүлөрү топтолгон. Арасында металл гана эмес, фарфор, кабыктан жасалгандары да бар. Эң чоңу — декоративдик, көрүүчүлөр анын ичине да кирип көрө алышат.
Шаардагы самоор жасоочу алгачкы фабриканы курган Иван жана Назар Лисициндердин жеке буюмдары да, жергиликтүү көпөстөр Сомов, Маликов, Фомин, Баташев, Шемаринге таандык оокаттар да сакталган.
© Фото / предоставлено Постоянным комитетом Союзного государстваЛенин атындагы Башкы аянтчада Туланын даңкы тараган прянигине "На счастье" ("Жакшылыкка") деген жазуу менен колодон эстелик орнотулган. Шаардын бир символу катары 1685-жылдан бери белгилүү.
Главная площадь имени Ленина в Туле - Sputnik Кыргызстан
9/16
Ленин атындагы Башкы аянтчада Туланын даңкы тараган прянигине "На счастье" ("Жакшылыкка") деген жазуу менен колодон эстелик орнотулган. Шаардын бир символу катары 1685-жылдан бери белгилүү.
© Sputnik / Мария СеливановаКлассикалык тула пряниги — тик бурчтуу формада, үстүнө шире коюлган. Ичине повидло же коюу сүт салынат.
Аларды ири көлөмдө өндүрүү 1954-жылы башталып, Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнүн ачылышына арналган.
Пряникке багышталган музей чейрек кылымдан бери иштейт, экспонаттардын арасына ар кандай калыптагы атайын такталар, таңгактардын түрлөрү жана наабайчылардын буюм-тайымдары коюлган.
Производство тульского пряника - Sputnik Кыргызстан
10/16
Классикалык тула пряниги — тик бурчтуу формада, үстүнө шире коюлган. Ичине повидло же коюу сүт салынат.
Аларды ири көлөмдө өндүрүү 1954-жылы башталып, Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнүн ачылышына арналган.
Пряникке багышталган музей чейрек кылымдан бери иштейт, экспонаттардын арасына ар кандай калыптагы атайын такталар, таңгактардын түрлөрү жана наабайчылардын буюм-тайымдары коюлган.
© Sputnik / Мария СеливановаАнан да Тула — гармондун (музыкалык аспап) мекени. Дал ушул калаада XIX кылымдын башында ага-ини Шкунаевдер үй устаканасында эң жөнөкөй аспаптарды жасашкан.
Музей Гармони деда Филимона в Туле - Sputnik Кыргызстан
11/16
Анан да Тула — гармондун (музыкалык аспап) мекени. Дал ушул калаада XIX кылымдын башында ага-ини Шкунаевдер үй устаканасында эң жөнөкөй аспаптарды жасашкан.
© Sputnik / Мария СеливановаАларды Менделеев көчөсүндө, кремлден анча ыраак эмес жерде жайгашкан "Гармонь деда Филимона" музейинен көрө аласыздар. Музейдин топтомунда тулалык, саратовдук, орловдук, елец, вологоддук, нижегороддук, ошондой эле немис бандонеону жана концертинасы өңдүү 150дөн ашуун музыкалык аспаптар сакталат. Аларды чертип көрсөңүздөр болот.
Музей Гармони деда Филимона в Туле - Sputnik Кыргызстан
12/16
Аларды Менделеев көчөсүндө, кремлден анча ыраак эмес жерде жайгашкан "Гармонь деда Филимона" музейинен көрө аласыздар. Музейдин топтомунда тулалык, саратовдук, орловдук, елец, вологоддук, нижегороддук, ошондой эле немис бандонеону жана концертинасы өңдүү 150дөн ашуун музыкалык аспаптар сакталат. Аларды чертип көрсөңүздөр болот.
© Sputnik / Мария Селиванова"Биз эң узун гармошканы, көлөмү алаканчалык гана бар эң кичинекейин, эң шаңкылдаган добуштуусун жана эң кооз жасалганын да меймандарга көрсөтөбүз. Ал эми өтүк-гармонь — биздин эң сыймыгыбыз", — дейт экскурсовод, Даргомыжский атындагы Тула искусство колледжинин окутуучусу Николай Кузьмищев.
Семен Штырхунов аттуу уста 37-өлчөмдөгү өтүккө экинчи өмүр берип, музыкалык инструментке жана искусствону чыгармага айланткан.
Аны чертип көргүңүз келсе, оң колду анын кончуна коюп, сол кол менен таканы кармай тартыңыз.
Музей Гармони деда Филимона в Туле - Sputnik Кыргызстан
13/16
"Биз эң узун гармошканы, көлөмү алаканчалык гана бар эң кичинекейин, эң шаңкылдаган добуштуусун жана эң кооз жасалганын да меймандарга көрсөтөбүз. Ал эми өтүк-гармонь — биздин эң сыймыгыбыз", — дейт экскурсовод, Даргомыжский атындагы Тула искусство колледжинин окутуучусу Николай Кузьмищев.
Семен Штырхунов аттуу уста 37-өлчөмдөгү өтүккө экинчи өмүр берип, музыкалык инструментке жана искусствону чыгармага айланткан.
Аны чертип көргүңүз келсе, оң колду анын кончуна коюп, сол кол менен таканы кармай тартыңыз.
© Sputnik / Мария СеливановаКазань жээгине катар кремлден бери созулган Металлчылардын көчөсү жөө жүргүнчүлөр гана жүрө алчу көчөгө айланганына көп боло элек. Аны Туланын Арбаты деп да коюшат. Имараттардын көп бөлүгү — азыр азем эстелик буюмдар, кондитердик дүкөндөр, кафелер жайгашкан эки кабат, XIX кылымга таандык таш үйлөр.
Улица Металлистов в Туле - Sputnik Кыргызстан
14/16
Казань жээгине катар кремлден бери созулган Металлчылардын көчөсү жөө жүргүнчүлөр гана жүрө алчу көчөгө айланганына көп боло элек. Аны Туланын Арбаты деп да коюшат. Имараттардын көп бөлүгү — азыр азем эстелик буюмдар, кондитердик дүкөндөр, кафелер жайгашкан эки кабат, XIX кылымга таандык таш үйлөр.
© Sputnik / Мария СеливановаУшул жерде эле советтик оюнчуктардын музейи жайгашкан. Жол боюндагы көрсөткүч менен арка аркылуу короого кирсеңиз, дароо табасыз. Астанадан сизди оюнчук автомобиль күтүп алат.
Музей советской игрушки - Sputnik Кыргызстан
15/16
Ушул жерде эле советтик оюнчуктардын музейи жайгашкан. Жол боюндагы көрсөткүч менен арка аркылуу короого кирсеңиз, дароо табасыз. Астанадан сизди оюнчук автомобиль күтүп алат.
© Sputnik / Мария СеливановаЭкспозиция үч бөлмөнү ээлейт. Текчелерде жыгылбас, жумшак оюнчуктар, пирамидалар, стол оюндары, бет кап, мозаика, диафильм, куурчактар тизилип турат.
Музей советской игрушки - Sputnik Кыргызстан
16/16
Экспозиция үч бөлмөнү ээлейт. Текчелерде жыгылбас, жумшак оюнчуктар, пирамидалар, стол оюндары, бет кап, мозаика, диафильм, куурчактар тизилип турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0