Акактаган, таңыркаган илбирстер. Ала-Тоону байырлаган жаныбардын сейрек сүрөттөрү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги жоголуп бара жаткан ак илбирстердин сейрек сүрөттөрүн сунуштайт.

Ак илбирстердин төмөнкү сүрөттөрү Ысык-Көл облусундагы Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругунун аймагында тартылган. Ал жакта Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan уюму фотокапкандарды коюп, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери менен биргеликте жаныбарларга санак жүргүзүп келет. Адистердин пикиринде, учурда Кыргызстанда 300дүн тегерегинде ак илбирс байырлайт, бирок алардын саны андан да көп болушу мүмкүн. Анткени республиканын бардык аймагында санак жүргүзүлө элек.

Ал жырткычтардын көпчүлүгү Батыш Тянь-Шань жана Памир-Алай тоолорунда жашайт. Ал жаныбарлар негизинен кулжа, тоо теке, доңуз, суур жана коён менен тамактанат.

 

© Фото / Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan/ГАООС и ЛХБийик тоолуу аймактагы жаныбарлардын сүрөтү фотокапканга түшүп калган
Бийик тоолуу аймактагы жаныбарлардын сүрөтү фотокапканга түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
1/11
Бийик тоолуу аймактагы жаныбарлардын сүрөтү фотокапканга түшүп калган
© Фото / Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan/ГАООС и ЛХКыргызстандагы ак илбирстерди изилдегени чет элдик илимпоздор да келет
Кыргызстандагы ак илбирстерди изилдегени чет элдик илимпоздор да келет - Sputnik Кыргызстан
2/11
Кыргызстандагы ак илбирстерди изилдегени чет элдик илимпоздор да келет
© Фото / Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan/ГАООС и ЛХДүйнө жүзүндө ак илбирстин саны 5000ге жетет, бирок бул сандар да болжолдуу
Дүйнө жүзүндө ак илбирстин саны 5000ге жетет, бирок бул сандар да болжолдуу - Sputnik Кыргызстан
3/11
Дүйнө жүзүндө ак илбирстин саны 5000ге жетет, бирок бул сандар да болжолдуу
© Фото / Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan/ГАООС и ЛХЖырткычтар Кытай, Бутан, Монголия, Непал, Кыргызстан өңдүү 12 өлкөдө жашайт
Жырткычтар Кытай, Бутан, Монголия, Непал, Кыргызстан өңдүү 12 өлкөдө жашайт - Sputnik Кыргызстан
4/11
Жырткычтар Кытай, Бутан, Монголия, Непал, Кыргызстан өңдүү 12 өлкөдө жашайт
© Фото / Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan/ГАООС и ЛХКыргызстанда ак илбирс аткандарга 1,5 миллион сом айып салынат
Кыргызстанда ак илбирс аткандарга 1,5 миллион сом айып салынат - Sputnik Кыргызстан
5/11
Кыргызстанда ак илбирс аткандарга 1,5 миллион сом айып салынат
© Фото / Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan/ГАООС и ЛХАк илбирс өзү байырмалаган аймакта азык үчүн карышкыр менен атаандашат
Ак илбирс өзү байырмалаган аймакта азык үчүн карышкыр менен атаандашат - Sputnik Кыргызстан
6/11
Ак илбирс өзү байырмалаган аймакта азык үчүн карышкыр менен атаандашат
© Фото / Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan/ГАООС и ЛХЖырткыч жаныбар жалгыз чоң топоз өлтүрүп жеп койгонго күчү жетет
Жырткыч жаныбар жалгыз чоң топоз өлтүрүп жеп койгонго күчү жетет - Sputnik Кыргызстан
7/11
Жырткыч жаныбар жалгыз чоң топоз өлтүрүп жеп койгонго күчү жетет
© Фото / Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan/ГАООС и ЛХАк илбирстин орточо салмагы 40 килограммга чейин барат
Ак илбирстин орточо салмагы 40 килограммга чейин барат - Sputnik Кыргызстан
8/11
Ак илбирстин орточо салмагы 40 килограммга чейин барат
© Фото / Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan/ГАООС и ЛХЖоголуп бара жаткан жаныбар бир күндө ондогон чакырымды басып өтөт
Жоголуп бара жаткан жаныбар бир күндө ондогон чакырымды басып өтөт - Sputnik Кыргызстан
9/11
Жоголуп бара жаткан жаныбар бир күндө ондогон чакырымды басып өтөт
© Фото / Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan/ГАООС и ЛХАк илбирстер калк жашаган бийик тоолуу жерлерде жашайт
Ак илбирстер калк жашаган бийик тоолуу жерлерде жашайт - Sputnik Кыргызстан
10/11
Ак илбирстер калк жашаган бийик тоолуу жерлерде жашайт
© Фото / Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan/ГАООС и ЛХАзыр Ысык-Көлдөгү Сары-Чат – Ээр-Таш коругунда ондогон ак илбирс жашайт
Азыр Ысык-Көлдөгү Сары-Чат – Ээр-Таш коругунда ондогон ак илбирс жашайт - Sputnik Кыргызстан
11/11
Азыр Ысык-Көлдөгү Сары-Чат – Ээр-Таш коругунда ондогон ак илбирс жашайт
Жаңылыктар түрмөгү
0