14:08 30 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Сүрөт

Аркардын башын тиштеген карышкыр, элеңдеген суур. Ысык-Көлдүн жапайы жаныбарлары

Кыскача шилтеме алуу
6340 0 0
  • Сары-Чат – Ээр-Ташта ондогон ак илбирс жашайт
  • Үйүрү менен жүргөн аркарлар
  • Ээрчишкен карышкырлар
  • Бийик тоолуу аймактагы кулжалар
  • Абайлап баскан мадыл
  • Фотокапканга тике караган карышкыр
  • Жардын этегинде оттогон кулжа
  • Тоолуу аймакты жердеген  кекилик
  • Түн ортосунда азык издеген аюу
  • Коруктун аймагында аркар-кулжа, тоо теке арбын
  • Олжосун тиштеп алып жөнөгөн карышкыр, текенин бул башын кайдан тапты экен...
  • Жалгыз  аяк жолдо элеңдеген суур
  • Суу боюнда жайылып оттогон тоо текелер
© Фото / Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan/ГАООС и ЛХ
Сары-Чат – Ээр-Ташта ондогон ак илбирс жашайт

Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат – Ээр-Таш коругунда балыктын эки, канаттуулардын 100гө жакын жана карышкыр, аюу, мадыл, суур, аркар-кулжа сыяктуу ондогон жапайы жандыктын түрлөрү жашайт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жаратылыш койнундагы жаныбарлардын мезгилдин ар кыл маалындагы фотокапканга түшүп калган сейрек сүрөттөрүн сунуштайт.

Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги Сары-Чат – Ээр-Таш мамлекеттик коругу 149 миң 117 гектардан ашык аймакты ээлейт жана аянты боюнча өлкөдөгү эң чоң коруктардын бири. Бийик тоолуу аймакты жоголуп бараткан жаныбарлар байырлайт, ал жакта аңчылык кылууга тыюу салынган. Жыл сайын аталган өрөөнгө ондогон чет элдик илимпоздор келип түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзүп кетишет.

Жаныбарлар Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan уюму орноткон фотокапкандарга тартылып калган. 

Тема боюнча

Илбирс, каман, улар... "Чоң-Кемин" паркындагы жаныбарлардын сүрөтү
Белгилер:
Сүрөт, жаныбарлар, жаратылыш, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ