18:31 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Сүрөт

Ат жалындагы кыздар, улак тарткан эрендер. Ат-Башыдагы оюндардан 16 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
2043 0 0
  • Кыз куумайда жигитке жеткирбей чаң ызгыта чаап бараткан белгилүү каскадер Диана Ашырбаева
  • Кыз куумайдын эрежеси боюнча, эгер кыз жигиттин артынан кууп жетип алса, дал ушинтип камчы менен урат
  • Ат жалында ойногон жигиттер эл алдында өнөрүн тартуулашты
  • Улуттук оюндардын бири - тыйын эңмей. Эреже боюнча атты чаап баратып жердеги тыйынды эңип алуу керек
  • Жакында эле Ат оюндары федерациясы түзүлүп, ага эр сайыш, тыйын эңмей, кыз куумай жана жигитчилик өнөрү кирген.
  • Каскадерлор эң опурталдуу оюндарды да көрсөтүп Ат-Башынын тургундарын таң калтырышты
  • Ат жалында ойногон Диана Ашырбаева дээрлик беш жылдан бери улуттук ат оюндарын көркүнө чыгарып келет
  • Ак кар баскан тоонун этегинде Кыргызстандын желегин желбиретип ат чаап бараткан жигиттер
  • Улуттук оюндарды көк бөрүсүз элестетүү кыйын. Бул спорттук иш-чарада дагы улакчылар бүйүр кызыткан оюн көргөзүштү.
  • Мелдешке Ак-Талаа, Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор райондорунан жана Нарын шаары менен талаа ээси Казыбек айылынан түзүлгөн жети команда катышты
  • Улакты жаңы эле жерден эңип тай казанды көздөй бараткан көк бөрүчү
  • Көк бөрүнүн баш байгесине Lada 2109 үлгүсүндөгү автоунаа, экинчи орунга тай, үчүнчүгө 10 миң сом ыйгарылды
  • Улак талашкан эрендер атын башкара албай, көрүп жаткан эл тарапка кирип кеткен учурлар да болду
  • Улакты тай казанга алып келип ыргытуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Ага да чоң чеберчилик талап кылынат.
  • Финалда Жумгал районунун командасы Ак-Талаанын улакчылары менен күч сынашып, 3:0 эсебинде жеңип алды
  • Оюндар Ат-Башы районунун Казыбек айылында өттү.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыз куумайда жигитке жеткирбей чаң ызгыта чаап бараткан белгилүү каскадер Диана Ашырбаева

Кечээ, 15-февралда, Ат-Башы районунун Казыбек айылында көк бөрү боюнча Нарын облусунун чемпионаты өттү. Ошондой эле эр сайыш, тыйын эңмей, кыз куумай жана жигитчилик өнөр сыяктуу ат оюндары тартууланды.

Көк бөрү мелдешине Ак-Талаа, Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор райондорунан жана Нарын шаары менен талаа ээси Казыбек айылынан түзүлгөн жети команда катышты. Финалда Жумгал районунун командасы Ак-Талаанын улакчылары менен күч сынашып, 3:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми Кочкор районунун көк бөрүчүлөрү 3:2 эсебинде Казыбек айылынын командасын утуп, 3-орунду алды.

Натыйжада баш байгеге Lada 2109 үлгүсүндөгү автоунаа, экинчи орунга тай, үчүнчүгө 10 миң сом ыйгарылды.

Аталган спорттук иш-чара Казыбек айылынын тургундарынын демилгеси менен уюшулган.

Жакында эле Ат оюндары федерациясы түзүлүп, ага эр сайыш, тыйын эңмей, кыз куумай жана жигитчилик өнөрү кирген. Алардын оюну да ушул жерде өтүп, тушоосу кесилди.

Мындан сырткары, бүркүт салуу, тайган агытуу жана жаа атуу боюнча салбуурун да өттү. Катышуучуларга медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар берилди.

Тема боюнча

Нарын: көк бөрү чемпионатында Жумгалдын улакчылары автоунаа утуп алды
Түркияда өтчү Көчмөндөр оюндарында салбуурун спорттун түрүнө кирбей калды
Кара-Сууда миңден ашуун улакчы кыл чайнашты. Оюндун кызыктуу учурлары видеодо
Батир утам деп кыл чайнашкан эрендер. Кара-Суудагы аламан улактан 20 сүрөт
Белгилер:
ат, байге, улуттук ат оюндары, улак, Көк бөрү, Ат-Башы, Нарын

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ