Корккон, кубанган залкар актер. Орозбек Кутманалиевдин сүрөттө калган ирмемдери

Жазылуу
Мындан 15 жыл мурда, 3-январда актер, режиссер, төкмө акын, обончу, дастанчы Орозбек Кутманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Sputnik Кыргызстан агенттиги көп кырдуу залкарды эскерип, анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Орозбек Кутманалиев 1932-жылы 10-майда Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында жарык дүйнөгө келген. Ыр-күүгө жакын өспүрүм мектепте окуп жүргөндө эле элдик чыгармачылыкка жакын болгон. Кийин бойго жеткенде эмгек жолун борбор калаадагы Куурчак театрынан баштап, 1965-жылдан тарта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда солист, 1969-жылы Кыргыз телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинде режиссёр, диктор болуп эмгектенген.

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз кереметинин" жылдызы өчүп... Болот Шамшиевдин сүрөттө калган ирмемдери
Кыргыз Республикасынын эл артисти өзүнүн чыгармачылык жолунда "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Ак мөөр", "Бөрү зындан", "Махабат дастаны" өңдүү 20га жакын фильмде образ жараткан.

Жеке жашоосунда Кутманалиев радиодо иштеп жүргөн кезинде колуктусунан айрылып, беш бала менен жалгыз калган. Кийин кесиптешине үйлөнүп, алты балалуу болгон. Жубайлар 35 жыл чогуу жашап алты кыз, беш уулду тарбиялаган. Залкар артист 15 жыл мурда оорудан улам 73 жашында көз жумган. Быйыл анын көзү тирүү болгондо 88 жашка толмок.

© Фото / Александр ФедоровОрозбек Кутманалиев эмгек жолун Куурчак театрынан баштаган
Орозбек Кутманалиев эмгек жолун Куурчак театрынан баштаган - Sputnik Кыргызстан
1/11
Орозбек Кутманалиев эмгек жолун Куурчак театрынан баштаган
© Фото / Александр ФедоровЗалкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Кутманалиев "Ак кеме" тасмасын тартуу маалында
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Кутманалиев Ак кеме тасмасын тартуу маалында - Sputnik Кыргызстан
2/11
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Кутманалиев "Ак кеме" тасмасын тартуу маалында
© Фото / Александр ФедоровОрозбек Кутманалиевдин образдарынын эле эмес, тамашанын да көркүн чыгарган адам болгондугун айтышат
Орозбек Кутманалиевдин образдарынын эле эмес, тамашанын да көркүн чыгарган адам болгондугун айтышат
 - Sputnik Кыргызстан
3/11
Орозбек Кутманалиевдин образдарынын эле эмес, тамашанын да көркүн чыгарган адам болгондугун айтышат
© Фото / Александр ФедоровРежиссер Болот Шамшиевдин "Бөрү зындан" тасмасы
Режиссер Болот Шамшиевдин Бөрү зындан тасмасы - Sputnik Кыргызстан
4/11
Режиссер Болот Шамшиевдин "Бөрү зындан" тасмасы
© Фото / Александр ФедоровЗөөкүр Орозкулдун образындагы талант, 1975-жыл
Зөөкүр Орозкулдун образындагы талант, 1975-жыл - Sputnik Кыргызстан
5/11
Зөөкүр Орозкулдун образындагы талант, 1975-жыл
© Фото / Александр ФедоровКутманалиевдин талантынын күчү - көрүүчүнү таланты менен ыйлата да, күлдүрө да ала тургандыгында болчу
Кутманалиевдин талантынын күчү - көрүүчүнү таланты менен ыйлата да, күлдүрө да ала тургандыгында болчу
 - Sputnik Кыргызстан
6/11
Кутманалиевдин талантынын күчү - көрүүчүнү таланты менен ыйлата да, күлдүрө да ала тургандыгында болчу
© Фото / Александр Федоров"Ак кеме" тасмасындагы Сабира Күмүшалиева менен Орозбек Кутманалиев
Ак кеме тасмасындагы Сабира Күмүшалиева менен Орозбек Кутманалиев - Sputnik Кыргызстан
7/11
"Ак кеме" тасмасындагы Сабира Күмүшалиева менен Орозбек Кутманалиев
© Фото / Александр ФедоровКыргыз Республикасынын эл артисти 20га жакын фильмде роль аткарган
Кыргыз Республикасынын эл артисти 20га жакын фильмде роль аткарган - Sputnik Кыргызстан
8/11
Кыргыз Республикасынын эл артисти 20га жакын фильмде роль аткарган
© Фото / Александр ФедоровРежиссер Төлөмүш Океевдин "Кожожаш" тасмасы, 1984-жыл.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Орозбек Кутманалиевдин кезектеги образы

Режиссер Төлөмүш Океевдин Кожожаш тасмасы, 1984-жыл.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Орозбек Кутманалиевдин кезектеги образы
 - Sputnik Кыргызстан
9/11
Режиссер Төлөмүш Океевдин "Кожожаш" тасмасы, 1984-жыл.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Орозбек Кутманалиевдин кезектеги образы

© Фото / Александр ФедоровАктер радиодо иштеп жүргөндө колуктусунан айрылып, беш бала менен жалгыз калган. Кийин кесиптешине үйлөнүп, алты балалуу болгон.
Актер радиодо иштеп жүргөндө колуктусунан айрылып, беш бала менен жалгыз калган. Кийин кесиптешине үйлөнүп, алты балалуу болгон. - Sputnik Кыргызстан
10/11
Актер радиодо иштеп жүргөндө колуктусунан айрылып, беш бала менен жалгыз калган. Кийин кесиптешине үйлөнүп, алты балалуу болгон.
© Фото / Александр ФедоровКөп кырдуу талант ээсинин көзү тирүү болгондо быйыл 88 жашка толмок.
Көп кырдуу талант ээсинин көзү тирүү болгондо быйыл 88 жашка толмок. - Sputnik Кыргызстан
11/11
Көп кырдуу талант ээсинин көзү тирүү болгондо быйыл 88 жашка толмок.
Жаңылыктар түрмөгү
0