00:48 29 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Сүрөт

Бирде күлүп, бирде ой баскан Жээнбеков. Маалымат жыйындан кызыктуу ирмемдер

Кыскача шилтеме алуу
669 0 0
  • Президент Сооронбай Жээнбековдун жылды жыйынтыктаган маалымат жыйыны Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өттү
  • Жээнбеков алгач эки жылда аткарган иштери тууралуу 20 мүнөт маалымат берип, андан соң суроо-жоопко өттү
  • Маалымат жыйынында 29 журналист 50дөн ашык суроосун берүүгө үлгүрдү
  • Мамлекет башчынын маалымат жыйынын чагылдыруу үчүн 188 журналист аккредитациядан өткөн. Анын ичинен 160 журналист (77 ЖМКнын өкүлү) жергиликтүү, 28и (15 ЖМКнын өкүлү) чет элдиктер.
  • Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу бардыгы экөөбүздүн колубузда эле. Бирок аягында мени дагы, өзүн дагы, мамлекетти дагы туңгуюкка кептеп салды. Эми бардыгы мыйзам чегинде чечилет, — деген пикирин билдирди.
  • Райым Матраимов жана бажыдагы коррупция тууралуу суроо бул ирет да президенттен кыйгап өткөн жок
  • Мамлекет башчы Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги көп мамлекеттерде жок экенин айтты
  • Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков президентке билим берүү тармагындагы көйгөйлөр тууралуу суроо берди
  • Ал ортодо күтүлбөгөн суроолор да берилип жатты
  • Президенттин маалымат жыйыны үч саатка созулду
  • Соңунда фуршет даярдалып, Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн айтууга үлгүрдү
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Президент Сооронбай Жээнбековдун жылды жыйынтыктаган маалымат жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү

Президент Сооронбай Жээнбековдун журналисттерге берген маалымат жыйыны 3 саатка созулду. Тагыраак айтканда, саат 11.00дө башталып, 14.00дө бүттү.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жыйын учурунан тартылган кадрларды сунуштайт.

Жээнбеков алгач эки жылда аткарган иштери тууралуу маалымат берип, андан соң суроо-жоопко өттү. Ал ар бир журналисттин аты-жөнүн, иштеген жерин жана берилген суроону кагазга жазып жатты. Суроо берүүнү каалаган журналисттерге кезекти президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева берип турду.

Журналисттер Жээнбековдон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов менен болгон мамилеси тууралуу сурады. Андан сырткары, билим берүү, миграция жана социалдык маселелер козголду. Алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу да президенттин пикирин угууга кызыккандар болду.

Тема боюнча

Жээнбековдун жылды жыйынтыктаган маалымат жыйыны соңуна чыкты
Жээнбеков: биздин экспорт ЕАЭБге тоскоолдуксуз кирет
Жээнбеков: мага президенттик бир эле мөөнөт жетишет
Белгилер:
суроо, маалымат жыйын, журналист, Сооронбай Жээнбеков

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ