14:16 07 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.2200
  • EUR87.1891
  • RUB1.0824
Сүрөт

"Кыргыз кереметинин" жылдызы өчүп... Болот Шамшиевдин сүрөттө калган ирмемдери

Кыскача шилтеме алуу
Болот Шамшиев дүйнө салды (12)
966 0 0
  • Болот Шамшиев өз тасмалары менен Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан
  • Режиссер Москвадагы окуусун бүтүп келип эле кино тартууга киришкен
  • Ал СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти
  • Шамшиев келинчеги Айтурган Темирова менен айыл жеринде
  • Болот Шамшиев мыкты сценарист да болгон
  • Ак кеме тасмасын тартуу маалы. Режиссер Шамшиев менен актер Орозбек Кутманалиев
  • Кичинекей Нургазы жана Ак кеме тасмасынын режиссеру Шамшиев
  • Кинорежиссер фестивалдарда бир топ эл аралык сыйлыктарды багындырган
  • Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин жана Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган
  • Режиссер кичинекей кызы Сүйүтай менен
  • Союз тарагандан кийин ал жеке кинокомпания ачып эмгектенген
  • Залкар Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги консулу болуп да дайындалган
  • СССРдин эл артисти ондон ашык мыкты тасманын автору
  • Болот Шамшиев менен Асанкул Куттубаев тасма тартуу маалында
  • Ак кемедеги репетиция учуру
  • Залкар киночу үй-бүлөсү менен
  • Фунзиямага чыгуу актриса Алиман Жанкоргозова менен
  • Шамшиев бүт өмүрүн киного арнап, ага жан үрөп жашады
  • Ал жаштарга акыл-наасатын айтып, кеп-кеңешин аячу эмес
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Болот Шамшиев өз тасмалары менен Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан

Бүгүн СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев 78 жаш курагында көз жумду. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Кинорежиссёр Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде (азыркы Бишкек шаарында) жарык дүйнөгө келген.

Мектепти бүткөн соң Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтуна тапшырып, 1964-жылы режиссёрдук факультетин аяктаган. Өмүрүн ата мекендик кинематографияга арнаган инсан "Караш-караш", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Сүйүү закымдары", "Ак кеме", "Эл арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер" жана "Фудзиямага чыгуу" тасмаларын тарткан.

СССРдин эл артисти 1989-1995-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты, кийин Туризм жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору жана Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги консулу болгон.

Тема:
Болот Шамшиев дүйнө салды (12)

Тема боюнча

Шамшиев Болот Төлөнович — өмүр баян
Белгилүү режиссёр Болот Шамшиев көз жумду
Белгилер:
Сүрөт, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ