08:20 28 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0201
  • RUB1.1205
Сүрөт

Буларда сөөк барбы? Көркөм гимнастика боюнча чемпионаттан 15 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
44410
  • Эс алуу күндөрү гимнасттар Кыргызстан чемпионатына катышты
  • Спортчулар секирме, алкак, топ, тасма менен жана буюмсуз көнүгүүлөрдү жасашты
  • Мелдешке борбордон чогулган 84 спортчу катышты.  10-11, 15 жаштагы жана андан жогору курактагы кыздар күч сынашты.
  • Көркөм гимнастика региондордо анча өнүккөн эмес, ошол себептен КРдин чемпионаттары Ош менен Бишкекте жергиликтүү спортчулардын катышуусунда өтүп турат.
  • Жаш спортчуларды колдоо үчүн мелдешке алардын ата-энелери менен жакындары да келишти
  • Сөөгү жоктой.... Мындай ийилчээктикке жетүү үчүн узак убакыт тер төгүү керек экендиги белгилүү эмеспи.
  • Тасма менен бийлеген өспүрүм. Соңку убакта ата-энелер кыздарын көркөм гимнастикага көп берип жаткандыгын байкоого болот.
  • Топ менен өнөрүн көрсөткөн кыз келгендерди айран-таң калтырууда
  • Турнир Кожомкул атындагы спорт сарайынын машыгуу залында болду
  • Ийгиликке жетүү үчүн буттар минтип көгөрөт... Биз үчүн таң калычтуу көрүнсө, гимнасттарга көндүм адат болсо керек.
  • Кыргызстанда көркөм гимнастика эми өнүгүп келе жатат деп айтса туура болот. Себеби дүйнө чемпионаты, Олимпиада оюндарынан дээрлик байге жок.
  • Бийчи тыным учурунда
  • Бутун ээгине жеткирген бийчи. Мындай өнөр калыстарды кайдыгер калтырбашы керек.
  • Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль жана дипломдор менен сыйланышты.
  • КРдин Көркөм гимнастика федерациясынан байге ээлери курама командагы кирип, эл аралык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк алганын билдиришти.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эс алуу күндөрү гимнасттар Кыргызстан чемпионатына катышты

7-8-декабрь күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Мелдештеги ирмемдерди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.

Чемпионатка борбордон чогулган 84 кыз катышты. Анда 10-11, 15 жана андан жогору курактагы кыздар күч сынашты.

Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты. КРдин Көркөм гимнастика федерациясынан байге ээлери өлкөнүн курама командасына кирип, эл аралык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк алганын билдиришти.

Тема боюнча

Мурзаев: FIFA биздин стадионду жаратпай коюшу мүмкүн
Олимпиадада медаль алган КР спортчулары 10 млн. сомго чейин алышы мүмкүн
Дүйнө чемпионаты: КР футбол командасы тандоо турунун кийинки этабына өтөбү?
Белгилер:
Сүрөт, спорт, кыз, чемпионат, көркөм гимнастика, Бишкек, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ