20:41 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Сүрөт

Подиумдан чоң саясатка аттанган сулуулар. Сүрөт түрмөк

Кыскача шилтеме алуу
727 0 0
  • Мария Василевич Белоруссия — 2018 сынагынын жеңүүчүсү.
  • Мария Василевич сулуулар сынагында.
  • 43 жаштагы Мара Карфанья учурда Италия парламентинин депутаты. Мурда фотомодель жана алып баруучу болгон.
  • Юнис Олсен Сингапур сулуусу — 2000 сынагынын жеңүүчүсү. 2004-жылы өлкө парламентинин эң жаш депутаты болгон. Азыр Кызыл крест уюмунун ыктыярчысы.
  • 2009-жылы Дүйнө сулуусу болгон Кайане Лопес туптуура сегиз жылдан кийин Гибралтар шаарынын (Улуу Британия) мэри болуп дайындалган.
  • Норвегия сулуусу — 2007 сынагынын жеңүүчүсү Туве Лиль Лейте учурунда эркектер үчүн журналдардын көркүн аччу. Кийин Вест-Агдер аймагындагы Өнүгүү партиясынын жаштар канатын жетектеген.
  • 2007-жылы Россия сулуусу, 2008-жылы дүйнө сулуусу болгон Ксения Сухинова Россиянын коомдук палатасынын мүчөсү болгон.
  • Россиянын 2003-жылкы сулуусу Виктория Лопырева Россиянын адам укугун коргоо боюнча БУУдагы элчиси.
  • Оксана Федорова теле алып баруучу, милициянын майору, 2001-жылы Россия сулуусу болгон. Ал эми 2002-жылы Аалам сулуусу наамына татыган. 2003-жылы Дума депутаттыгына талапкерлигин койгон.
© Sputnik / Victor Tolochko
Мария Василевич "Белоруссия — 2018" сынагынын жеңүүчүсү.

Өткөн аптада Белоруссиянын парламентинин төмөнкү палатасына шайлоо өтүп, "Белоруссия сулуусу — 2018" сынагынын жеңүүчүсү Мария Василевич мандатка ээ болду.

Василевич президент Александр Лукашенкону маданий жана спорттук иш-чараларда көп коштоп жүрөт. Атургай ал өлкө башчы менен вальс бийлеп, айылга барып отун жарган жайы бар.

Sputnik Кыргызстан алгач дүйнөлүк подиумдарды багынтып, кийин саясатка кадам таштаган сулууларды эске салды.

 

Тема боюнча

Азиянын эң ажарлуу бийкечи тандалды
Белгилер:
сынак, саясат, сулуулук, модель

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ