08:53 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Сүрөт

Оодарылган жолтандабас, демиккен айдоочу. Бишкектин жанында тартылган ирмемдер

Кыскача шилтеме алуу
145 0 0
  • Бишкектин четинде жайгашкан Озерное айылында жолтандабастардын жарышы өттү
  • Турнирде ТР1, ТР2, ТР3 категориясындагы жолтандабастар жана квадроциклдер болду
  • Жарышка түшкөн Нива
  • Турнирге 40ка чукул жолтандабастар менен квадроциклдер катышты
  • Ар бир категориянын өзүнө ылайыкталган жолу даярдалган
  • Жолдун ар кайсы тилкелеринде аңдар жана тоскоолдуктар болду
  • Кээ бир жолтандабастар аңтарылып калды
  • Мындай жарышка биринчи ирет катышып жаткандар болду
  • Тиштер кычырып, кан тамырлар көөп чыкты. Албетте, мындай жарыш кишини делөөрүтөт да эмеспи
  • Турнирге катышуу үчүн ар бир спортчу автоунаасын жасап-түзөп, бузулган жерин оңдоп келди
  • Жарышка эки адам катышат. Бири — штурман, экинчиси – айдоочу
  • Иш учурунда бир дагы сүрөтчү жабыркаган жок, бирок бир топ жүдөштү.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектин четинде жайгашкан Озерное айылында жолтандабастардын жарышы өттү

Бишкектин чет жакасында жайгашкан Озерное айылында жекшемби күнү жолтандабастардын "Штурмовик" деп аталган турнири өттү. Sputnik Кыргызстан агенттиги автокөлүктөрдүн күч сынашкан таймашынан алынган сүрөттөрдү сунуштайт.

Бул айылда күүлдөгөн моторлордун үнү жаңырып жатты. Себеби ал жерде жолтандабастардын жарышы өтмөк. Турнир ТР1, ТР2, ТР3 категориясында жана квадроциклдер менен болду. Темир тулпарлардын күчүн сынап, мыкты деп аныкталгандарга эстеликке белектер тапшырылды. Андан сырткары акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Тема боюнча

Жулкунган, тыгылган, зуулдаган жол тандабастар. Бишкектеги өзгөчө жарыш
Белгилер:
жарыш, жол тандабас, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ