01:23 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Сүрөт

Мындай баш кийимдерди издеп таппайсыз! Сиз көрө элек 10 калпактын сүрөтү

Кыскача шилтеме алуу
1265 0 0
  • Башкармадан калган мурас калпак. Бул баш кийим Нарын облусунун Жерге-Тал айылынын тургуну Мыктыбек Жумалиевге атасынан мурас катары калганы айтылат. Атасы Жакып Жумалиев Жаңы-Талап колхозунун башкармасы болуп иштеген. Баш кийим болжол менен 1950-жылдары жасалган. Ал накта уяң жүндүү койдун жүнүнѳн жасалып, кара баркыт менен кыргакталган. Көп убакыт өткөндүктөн кездеменин түсү бозомтук болуп калган.
  • Жылкынын жалынан жасалган калпак. Кол өнөрчү Клара Асангулованын колунан жаралган эмгек. Калпак Манас эпосундагы каармандардын сүрөтүнө таянып жасалып, кол башчы жоокердин образына туура келет.
  • Туюк калпак. Бул баш кийим Ысык-Көл облусунун тургуну Эркингүл Акунова тарабынан уютулуп, бордолуп жасалган. Маңдайына Кыргыз ата белгиси түшүрүлгөн. Кыргагы кылдан өрүлүп бекитилип, кара тырмак саймасы сайылган. Азыр мындай калпактар кийилбейт.
  • Туюк калпак. Ысыккөлдүк кол өнөрчү Керимжан Карымбаеванын айтымында, мындай калпактарды Советтер Союзу убагында пионерлер кийчү. Бул баш кийим жүндөн уютулуп жасалып, маңдайы жазы болуп тилинген.
  • Мурас калпак. Сүрөттөгү баш кийим Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылынан алып келинген. Ээсинин маалыматына таянсак, 1956-жылы төрт талаа болуп тигилген. Чоң атасынан чөбөрөсүнө чейин жеткен калпак.
  • Үлпөт тойдо кийгизилген калпак. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Степное айылынын тургуну Талантбек Курманбековдун айтымында, калпак ага атасынан мурас катары калган. Бул баш кийимди атасына чоң ата, чоң энелери 1993-жылы үлпөт тоюнда белек кылып кийгизишкен.
  • Туюк калпак. Кол өнөрчү Кымбаткүл Качаганова уютуп жасаган туюк калпак. Жаштар кийгенге ылайыктуу. Ак жана боз жүндөн эки кат кылып жасалып, асты шырылып, чырашталган.
  • Кызыл кыргактуу калпак. Кол өнөрчү Клара Асангулованын колунан жаралган эмгек. Төрт талаа болуп бычылып кызыл баркыт менен кыргакталган. Мындай калпактарды көп учурда кыл мурут бозойлор кийген. Илгери кызыл кыюусу бар калпак кийген жигит кошуна айылга барып калса кыз издеп келген экен деп жоруп коюшчу.
  • Төрт талаа бычылган калпак. Муундан-муунга — кыргыз калпагы иш тобу тарабынан 2009-жылы калпактын атайын концепциясы иштелип чыккан. Ал концепцияга таянсак, 1 жаштан 12 жашка чейинки балдардын калпагынын кийизинин түсү ак, көк, чөп жашыл, ачык күрөң болуп, кыюусу да адатта жашыл, көк сыяктуу ачык түстөр менен кооздолгон.
  • Туюк калпак. Кол өнөрчү Неля Чолпонбаеванын айтымында, бул калпакты эки түр кылып кийсе болот. Саймаларын маңдайына каратып кийсе бакай калпак болуп калат.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Башкармадан калган мурас калпак. Бул баш кийим Нарын облусунун Жерге-Тал айылынын тургуну Мыктыбек Жумалиевге атасынан мурас катары калганы айтылат. Атасы Жакып Жумалиев Жаңы-Талап колхозунун башкармасы болуп иштеген. Баш кийим болжол менен 1950-жылдары жасалган. Ал накта уяң жүндүү койдун жүнүнѳн жасалып, кара баркыт менен кыргакталган. Көп убакыт өткөндүктөн кездеменин түсү бозомтук болуп калган.

Калпак байыртан тарта азыркы күнгө чейин сакталып, кийилип келе жаткан эркектердин баш кийими. Кыргызстанда дал ушул улук баш кийимге арналган сынак болуп өттү.

Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу калпак сынагы өткөрүлүп, жыйынтыгы кечээ, 30-сентябрда, чыкты. Сынакка 52 калпак келип түшкөн. Алардын ичинде көп жылдан бери атадан балага мурас катары өтүп келе жаткан таберик, өзгөчө ыкмада жасалган туюк калпактар бар. Мыкты аталган баш кийимдердин сүрөттөрүн Sputnik агенттиги сунуштайт.

Уюштуруучулардын бири Дөөлөт Рысбаевдин айтымында, калыстар тобу калпактарды "Таберик калпак", "Туюк калпак" "Төрт талаа калпак" жана "Дизайнерлик калпак" деп төрт бөлүккө бөлүп тандаган.

"5-март - калпак күнүнө карата атайын сынак жарыялаганбыз. Төрт ай аралыгында жалпы 52 калпак келип түшүп, 5-июль күнү калыстар тобу ар бирин карап жыйынтык чыгарган. Андан соң дагы төрт ай мыкты делген баш кийимдер Ысык-Көлдөгү "Рух ордо" музейинде көргөзмөдө турду. Сынактын максаты — салттуу баш кийим жасоо ыкмасын жандандыруу. Анткени азыркы жаштар салттуу калпак кандай жасаларын билбейт. Колго кийиз жасабай, сатып алып эле тигип жатышат. Бирок илгери кыргыздар калпактын кийизин колго уютуп жасашкан. Табигый таза жүн колдонулган. Жеңүүчүлөрдү да аныктоодо ушул критерийлер эске алынды", — деди Рысбаев.

Алсак, "Таберик калпак" номинациясында эң эски, атадан балага мурас катары өтүп келе жаткан калпактын мыкты үлгүлөрү жеңүүчү аталып, 10 миң сомдон сый акы алышкан.

Тема боюнча

Кыргыз мырзаларынын сынын арттырган ак калпак
Белгилер:
кол өнөрчүлүк, таберик сүрөт, сынак, Сүрөт, ак калпак

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ