Күйүккөн, жылмайган спикер Жумабеков жана жан сакчылар. Жарым марафон сүрөттө

Жазылуу
"Ак илбирсти сактайбыз" эл аралык жарым марафонуна даярдык бир нече күн мурда башталып, күлүктөр кечээ, 15-сентябрда, Бишкектин негизги жолдорунда жарышты.

Уюштуруучулар 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга чуркоо уюштурууну пландашкан. Таңдан тарта негизги көчөлөр тосулуп, автокыймылга чектөө коюлду.

Жарым марафондо жашынан тарта карысына чейин, кичинесинен тарта чоңуна чейин чуркады.

Миңдеген адамдар чуркап. Ак илбирсти сактоого арналган марафон видеодо - Sputnik Кыргызстан
Миңдеген адамдар чуркап. Ак илбирсти сактоого арналган чуркоо видеодо
Анын ичинен бир чакырымдык аралык тилектештик жарышы деп аталып, бардык катышуучулар ак илбирсти коргоо чакырыгынын алкагында жарышты. Ал эми даярдыгы мыкты жөө күлүктөр узун аралыктарда күч сынашты.

Чуркагандардын арасында профессионал спортчулардан сырткары жөнөкөй жарандар, журналисттер, депутаттар, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов болду. Алар беш чакырымга чуркады.

Финишке келген ар бир катышуучуга эстеликке медалдар берилди.

Катышууга төлөнгөн каражат илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) которулуп, мындан тышкары, фотокапкандар сатып алынмакчы.

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу иш-чаранын медиа өнөктөшү.

© Sputnik / Эмиль Садыров"Ак илбирсти сактайбыз" эл аралык жарым марафонунун бийиктиктен тартылган сүрөтү
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
1/18
"Ак илбирсти сактайбыз" эл аралык жарым марафонунун бийиктиктен тартылган сүрөтү
© Sputnik / Табылды КадырбековКатышуучулар мүмкүнчүлүгүнө жараша 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга чуркашты
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2/18
Катышуучулар мүмкүнчүлүгүнө жараша 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга чуркашты
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандыктар мындай иш-чарага активдүү катышат
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
3/18
Кыргызстандыктар мындай иш-чарага активдүү катышат
© Sputnik / Табылды КадырбековЧуркоо — эркти, чыдамкайлыкты талап кылган спорттун түрү
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
4/18
Чуркоо — эркти, чыдамкайлыкты талап кылган спорттун түрү
© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаЧуркагандардын арасында Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков да болду. Жан сакчылары менен кошо беш чакырымга чуркады.
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
5/18
Чуркагандардын арасында Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков да болду. Жан сакчылары менен кошо беш чакырымга чуркады.
© Sputnik / Табылды КадырбековМындай назик кыздарды марафондон эмес, көчөдөн көрсөң узак аралыкка чуркарына ишене бербейсиң
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
6/18
Мындай назик кыздарды марафондон эмес, көчөдөн көрсөң узак аралыкка чуркарына ишене бербейсиң
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Илбирс" кыз — Мээрим көптөрдүн көңүлүн бурду
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
7/18
"Илбирс" кыз — Мээрим көптөрдүн көңүлүн бурду
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Түлкү" менен марафончу
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8/18
"Түлкү" менен марафончу
© Sputnik / Табылды КадырбековДастан азамат! Темирдей эрк деп ушундай көрүнүштү айтыш керек
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/18
Дастан азамат! Темирдей эрк деп ушундай көрүнүштү айтыш керек
© Sputnik / Табылды КадырбековБир дагы секунданы жаза кетирбеген калыстар
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10/18
Бир дагы секунданы жаза кетирбеген калыстар
© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлери береги марафончудай чуркай алар бекен?
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11/18
Милиция кызматкерлери береги марафончудай чуркай алар бекен?
© Sputnik / Табылды КадырбековКүйүккөн, жылмайган, чымырканган күлүктөр
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12/18
Күйүккөн, жылмайган, чымырканган күлүктөр
© Sputnik / Табылды КадырбековӨх-хх... жеттим! Марага келген жигит
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13/18
Өх-хх... жеттим! Марага келген жигит
© Sputnik / Табылды КадырбековЖеңиштин же марафондун "даамын" таткан катышуучу
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14/18
Жеңиштин же марафондун "даамын" таткан катышуучу
© Sputnik / Табылды КадырбековСергек жашоо образын, марафонду, багынткан чакырымдарын талкуулап жаткан катышуучулар. Алардын арасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кызматкери Эркин Садыков да болду.
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15/18
Сергек жашоо образын, марафонду, багынткан чакырымдарын талкуулап жаткан катышуучулар. Алардын арасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кызматкери Эркин Садыков да болду.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭстелик медалды тагынып жаткан марафончу
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
16/18
Эстелик медалды тагынып жаткан марафончу
© Sputnik / Табылды КадырбековМарага келген жөө күлүк
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
17/18
Марага келген жөө күлүк
© Sputnik / Табылды КадырбековКоштоп, көптөрдүн көңүлүн буруп, жылмаюусу менен дем берип турган кыздар
Первый международный забег Сохраним снежного барса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
18/18
Коштоп, көптөрдүн көңүлүн буруп, жылмаюусу менен дем берип турган кыздар
Жаңылыктар түрмөгү
0