Чаң ызгыган трасса, түтөгөн дөңгөлөктөр… Токмоктогу дрифт таймашынан сүрөттөр

Жазылуу
Токмок шаарындагы полигонго автожарыштын дрифт түрүн сүйүүчүлөр көрүүчүлөргө өнөрлөрүн тартуулашты.

Өткөн дем алыш күнү, 8-сентябрда, Токмок шаарынын Кызыл Аскер айылында автожарыш өттү. 10 спорттук айдоочу дрифттин эки түрү боюнча күч сынашып, үчөө "стрит" бөлүгүндө бир-бирден спорттук унааларын кайытса, "про" түрү боюнча жуптук жарышууда жети айдоочу ат салышты.

Восьмикратный чемпион Кыргызстана по картингу Улукбек Байзаков - Sputnik Кыргызстан
Картинг боюнча Россиянын чемпионатында 16 жаштагы Улукбек алдыңкы ондукка кирди
Иш-чаранын жыйынтыгында дрифттин "стрит" түрү боюнча Артур Праздников жеңүүчү аталды. Ал эми "про" жарышында Игорь Гусев мыкты жыйынтык көрсөттү. Аларга колго жасалган кубоктор жана башка сыйлыктар ыйгарылды.

Спорттук иш-чараны дрифттин "Стрит" түрү боюнча Кыргызстандын чемпиону Гайрат Юсупов уюштуруп, максаты Кыргызстанда автожарыштын бул түрүн өнүктүрүү экенин айтып берди.

"Бизге мамлекет сапаттуу асфальт төшөлгөн, спортчулар менен көрүүчүлөргө коопсуз автодром салып бербей жатат. Өзүбүз инвесторлорду чакырып, жарышчу тилке салдыралы десек жер беришпейт. Бийлик өкүлдөрүнө көп жолу кайрылуу жөнөттүк, майнап чыкпай жатат", — деди Юсупов.

Ал Токмоктогу автожарышта кырсык катталбаганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 21-июнда ордо калаанын чок ортосунда Gradus Cup аталышындагы чемпионат баштала элек жатып, Toyota Mark II үлгүсүндөгү спорттук унаа көрүүчүлөрдү карай аралап кирип кеткен болчу. Бул кырсыкта беш адам жабыркап, Кытайдын эки жараны ооруканага жаткырылган эле.

© Sputnik / Табылды КадырбековТокмоктогу спорттук иш-чара 13:00дө башталды. Аны Алексей Ли алып барган.
Токмоктогу спорттук иш-чара 13:00дө башталды. Аны Алексей Ли алып барган.  - Sputnik Кыргызстан
1/11
Токмоктогу спорттук иш-чара 13:00дө башталды. Аны Алексей Ли алып барган.
© Sputnik / Табылды КадырбековДрифт-такси. Атайын аукцион ойнотулуп, 500 сомдон көп акча төлөгөн катышуучу бул дрифттин кардарына айланды
Дрифт-такси. Атайын аукцион ойнотулуп, 500 сомдон көп акча төлөгөн катышуучу бул дрифттин кардарына айланды - Sputnik Кыргызстан
2/11
Дрифт-такси. Атайын аукцион ойнотулуп, 500 сомдон көп акча төлөгөн катышуучу бул дрифттин кардарына айланды
© Sputnik / Табылды КадырбековСпорттук унаалардын айдоочулары автожарышка ушул жерден старт алышты
Спорттук унаалардын айдоочулары автожарышка ушул жерден старт алышты - Sputnik Кыргызстан
3/11
Спорттук унаалардын айдоочулары автожарышка ушул жерден старт алышты
© Sputnik / Табылды КадырбековBMW e-36 айдоочусу Егор Чечин, Toyota Mark II айдоочусу Игорь Гусев финалга чыгуу үчүн таймашып жатышат
BMW e-36 айдоочусу Егор Чечин, Toyota Mark II айдоочусу Игорь Гусев финалга чыгуу үчүн таймашып жатышат - Sputnik Кыргызстан
4/11
BMW e-36 айдоочусу Егор Чечин, Toyota Mark II айдоочусу Игорь Гусев финалга чыгуу үчүн таймашып жатышат
© Sputnik / Табылды КадырбековДагы бир дрифт-такси. Ага жолдомо сатып алган кардар Toyota Mark II унаасынын сол жагында отурат.
Дагы бир дрифт-такси. Ага жолдомо сатып алган кардар Toyota Mark II унаасынын сол жагында отурат.  - Sputnik Кыргызстан
5/11
Дагы бир дрифт-такси. Ага жолдомо сатып алган кардар Toyota Mark II унаасынын сол жагында отурат.
© Sputnik / Табылды КадырбековАвтокөргөзмө. Кыймылдаткычы күчтөндүрүлгөн спорттук унаалар көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.
Автокөргөзмө. Кыймылдаткычы күчтөндүрүлгөн спорттук унаалар көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. - Sputnik Кыргызстан
6/11
Автокөргөзмө. Кыймылдаткычы күчтөндүрүлгөн спорттук унаалар көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.
© Sputnik / Табылды КадырбековДрифттин “про” түрүнө катышкан BMW е-30 спорттук унаасы жолдогу чаңды ызгытып жатат.
Дрифттин “про” түрүнө катышкан BMW е-30 спорттук унаасы жолдогу чаңды ызгытып жатат.  - Sputnik Кыргызстан
7/11
Дрифттин “про” түрүнө катышкан BMW е-30 спорттук унаасы жолдогу чаңды ызгытып жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековСпортчу Артур Праздников дрифт жарышынын “стрит” түрү боюнча Nissan Silvia унаасы менен биринчи орунга татыды
Спортчу Артур Праздников дрифт жарышынын “стрит” түрү боюнча Nissan Silvia унаасы менен биринчи орунга татыды - Sputnik Кыргызстан
8/11
Спортчу Артур Праздников дрифт жарышынын “стрит” түрү боюнча Nissan Silvia унаасы менен биринчи орунга татыды
© Sputnik / Табылды КадырбековДрифт-таксилерге ылдамдыктан коркпогон, эр жүрөк айымдар да кардар болушту.
Дрифт-таксилерге ылдамдыктан коркпогон, эр жүрөк айымдар да кардар болушту. - Sputnik Кыргызстан
9/11
Дрифт-таксилерге ылдамдыктан коркпогон, эр жүрөк айымдар да кардар болушту.
© Sputnik / Табылды КадырбековАсманга көк түтүн көтөргөн Mazda RX спорттук унаасы.
Асманга көк түтүн көтөргөн Mazda RX спорттук унаасы. - Sputnik Кыргызстан
10/11
Асманга көк түтүн көтөргөн Mazda RX спорттук унаасы.
© Sputnik / Табылды КадырбековФиналда эки Toyota Mark II беттешти. Бул таймашта кара унаанын айдоочусу Игорь Гусев жеңүүчү аталды.
Финалда эки Toyota Mark II беттешти. Бул таймашта кара унаанын айдоочусу Игорь Гусев жеңүүчү аталды. - Sputnik Кыргызстан
11/11
Финалда эки Toyota Mark II беттешти. Бул таймашта кара унаанын айдоочусу Игорь Гусев жеңүүчү аталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0