03:34 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Сүрөт

Жерде жаткан Манас, ызырынган Сейитбек. Көк бөрү финалындагы кызыктуу сүрөттөр

Кыскача шилтеме алуу
4300 0 0
  • Достук менен Ынтымак командалары - күчтүү атаандаштар, дайыма республикалык турнирлердин финалында беттешет. Жеңиш эки тарапка тең ооп турат.
  • Оюндун башында эле Ынтымак командасынын улакчысы Аудасбек Мырзабек уулу эсепти ачты. Биринчи бөлүктө Достук натыйжа көрсөтө алган жок.
  • Экинчи бөлүктүн башында жекеме-жекеден улакты Достуктун оюнчусу Эрсултан Айдаркан уулу алып чыгып, тай казандан бир аз өтүп жерге түшүрүп алды. Аны кайра Манас Ниязов эңип алып, тай казанга ыргытууга жетишти.
  • Манас Ниязов бул оюнда дагы мыктылыгын көрсөтүп эки жолу улак салды. Мында ал Шторм аттуу аргымагын минип чыкты. Өзүнүн Бойка атынын жарааты толук айыгып бүтө электигин айтты.
  • Албетте, бул оюнда да аттан жыгылгандар болбой койгон жок. Улакты такымына басып бараткан Манас Ниязовду атаандаштары урдуруп кетип, эки ирет жер кучактады.
  • Ынтымак командасы атактуу Ахиллес жана Геркулес аттары менен жекеме-жекеде үстөмдүк кылып жатты
  • Ынтымактын оюнчулары улакты сууруп чыгып тай казанга ыргытты эле, кайра секирип сыртка чыгып кетти. Демек, упай эсептелген жок.
  • Оюндун экинчи бөлүгүндө таластык команданын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу бир улак салып, эсепти  2:2 кылып теңдеди.
  • Көк бөрү бекеринен эрендердин эр оюну деп айтылбаса керек. Улукчылар канча ирет аттан куласа, кайра туруп минет.
  • Эки күчтүү команданын оюну элдин бүйүрүн кызытты. Күтүлбөгөн учурлар көп болуп бирде ич күйдүрүп, бирде кубантты.
  • Жеңиштин жемишин жеп, маңдай жарыла сүйүнүп турган Достуктун улакчылары
  • Экинчи орунду алган Ынтымак командасына 500 миң сом ыйгарылды
  • Достук командасы Президенттин кубогуна ээ болуп, бир миллион сом менен сыйланды. Көк бөрүнүн финалын көрүүгө президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаков жана Жогорку Кеңештин депутаттары барган.
  • Бул кадр Ынтымак менен Сары-Өзөн командасы жарым финалда ойноп жаткан учурда тартылган. Аты менен тай казандын үстүнөн учуп бараткан Сары-Өзөндүн оюнчусу Акбар Иманбеков. Ат да, улакчы да жаракат алган эмес. Мындай ирмемди фотограф Эрбол Жангазиев кармап калууга жетишкен.
© пресс-служба ГАМФКиС
"Достук" менен "Ынтымак" командалары - күчтүү атаандаштар, дайыма республикалык турнирлердин финалында беттешет. Жеңиш эки тарапка тең ооп турат.

31-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогун Ош облусунун "Достук" командасы утту. Талас облусунун "Ынтымак" командасы оюн бүтөрүнө 15 секунда калганда жеңишти колдон чыгарып ийди.

Эки күчтүү команданын финалдык беттеши элдин бүйүрүн кызытты. Трибунадагы эл кыйкырык-сүрөөн менен өз командасына дем берип жатты.

Натыйжада Президенттин кубогун "Достук" командасы утуп кетти. Оюн 2:2 эсеби  менен соңуна чыгып бараткан. Бирок бүтөрүнө 15 секунда калганда Майрамбек Рыспеков бир улак таштап, "Достукка" жеңишти камсыздап берди.

Ошентип, оюн 3:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогу Биринчи жана Жогорку лига болуп эки топко бөлүнгөн. Биринчи лиганын баш байгесин "Бакубат Талас" командасы утту.

Натыйжада баш байгени уткан командага бир миллион сом, экинчи орун 500 миң, ал эми үчүнчү орунду алган "Сары-Өзөн" командасына 250 миң сом берилди.

"Достук" менен "Ынтымак" командалары - күчтүү атаандаштар, дайыма республикалык турнирлердин финалында беттешишет. Жеңиш эки тарапка тең ооп турат. Алсак, быйыл 9-майдагы мелдеште "Достук" 1:0 эсеп менен жеңип алса, Нооруз майрамындагы оюнда 6:1 эсебинде "Ынтымак" утуп кеткен.

Тема боюнча

Аттан кулаган, ылай болгон депутаттар. Аткаминерлер ойногон көк бөрүнүн видеосу
Эх-хх… көк бөрү! Тура калган аткаминерлер, жалтанган милиционер. Кызыктуу 13 сүрөт
Белгилер:
"Ынтымак" командасы, Көк бөрү, Спорт, оюн

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ