"Ала-Тоо" аянты, Жээнбеков, Отунбаева. Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгынан ирмемдер

Жазылуу
Бүгүн, 31-августта, Кыргызстан эли өлкөнүн көз карандысыздыгынын 28 жылын белгилеп жатат. Борбордук "Ала-Тоо" аянтында салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө. Sputnik Кыргызстан майрамдан алынган ирмемдерди тартуулайт.

Бүгүнкү майрамдык иш-чаралар күндүзгү жана кечки деп эки бөлүккө бөлүнгөн.

Саат 10:00дө башталган концерт 12:00дө аяктады. Ал эми 10:30да президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Ал эми кечки саат сегизден тарта онго чейин концерттин экинчи бөлүгү уланып, андан соң майрам салют менен аяктайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Эгемендүүлүк майрамын баладан тарта чоңдорго чейин белгилейт. Албетте, аны жалпыга маалымдоо каражаттары чагылдырат.
Празднование Дня независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
1/12
Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамын баладан тарта чоңдорго чейин белгилейт. Албетте, аны жалпыга маалымдоо каражаттары чагылдырат.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мамлекеттик гимни жаңырууда.
Празднование Дня независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2/12
Кыргызстандын мамлекеттик гимни жаңырууда.
© Sputnik / Табылды КадырбековҮкү топучан, маасычан кыздар элге концерт тартуулап жатат.
Празднование Дня независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
3/12
Үкү топучан, маасычан кыздар элге концерт тартуулап жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековМайрамдык салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков, спикер Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, андан сырткары экс-президент Роза Отунбаева жана Бишкектин мэри Азиз Суракматов баштаган расмийлер катышты.
Празднование Дня независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
4/12
Майрамдык салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков, спикер Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, андан сырткары экс-президент Роза Отунбаева жана Бишкектин мэри Азиз Суракматов баштаган расмийлер катышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыпкызыл байрактар... 1991-жылдын дал ушул күнү, 31-августта Кыргызстан Көз карандысыз мамлекет болгон. Жогорку Кеңеш Эгемендүүлүк боюнча декларация кабыл алган.
Празднование Дня независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
5/12
Кыпкызыл байрактар... 1991-жылдын дал ушул күнү, 31-августта Кыргызстан Көз карандысыз мамлекет болгон. Жогорку Кеңеш Эгемендүүлүк боюнча декларация кабыл алган.
© Sputnik / Табылды КадырбековБалдар ансамблдери ушул майрамдын дайыма бир бөлүгү болуп кала бермекчи.
Празднование Дня независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
6/12
Балдар ансамблдери ушул майрамдын дайыма бир бөлүгү болуп кала бермекчи.
© Sputnik / Табылды КадырбековАл эми туу көтөрүп зуулдап бара жаткан бул өспүрүмдөр Эгемендүүлүктүн кийинки жылдарында төрөлүшкөн.
Празднование Дня независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
7/12
Ал эми туу көтөрүп зуулдап бара жаткан бул өспүрүмдөр Эгемендүүлүктүн кийинки жылдарында төрөлүшкөн.
© Sputnik / Табылды КадырбековАскерлер, мамлекеттик туу жана камера.
Празднование Дня независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8/12
Аскерлер, мамлекеттик туу жана камера.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналисттер, фотографтар тарыхый көз ирмемдерди чагылдырууда.
Празднование Дня независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/12
Журналисттер, фотографтар тарыхый көз ирмемдерди чагылдырууда.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын бешинчи президенти Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн сүйлөп жатат.
Празднование Дня независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10/12
Кыргызстандын бешинчи президенти Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн сүйлөп жатат.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жүзүмдөн дайыма күлкү кетпей, Кыргызстан эли бейпилдикте жашасын" деп атай турган сүрөт экен.
Празднование Дня независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11/12
"Жүзүмдөн дайыма күлкү кетпей, Кыргызстан эли бейпилдикте жашасын" деп атай турган сүрөт экен.
© Sputnik / Табылды КадырбековМайрамдык концерттин экинчи бөлүгү кечки саат сегизден тарта онго чейин уланмакчы.
Празднование Дня независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12/12
Майрамдык концерттин экинчи бөлүгү кечки саат сегизден тарта онго чейин уланмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0