10:02 17 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
Сүрөт

Кыдырата тизилген аткаминерлер... Эски аянтта окулган айт намазы сүрөттө

Кыскача шилтеме алуу
963 0 0
  • Курман айт майрамы бул жылы 11-августка туура келди.
  • Таң айтпай майрамдык айт намазын окууга келе жаткан кишилер.
  • Айт намаз Бишкекте 7:45те башталды.
  • Ал адаттагыдай эле эски аянтта өттү.
  • Майрамдык намазга он беш миңден ашуун киши чогулган.
  • Коомдук тартипке 2000дей милиция кызматкери көз салды.
  • Айт намазга келген өспүрүм.
  • Аянтка келгендерге аалымдар баян айтышты.
  • Майрамдык намазда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев жана мэр Азиз Суракматов баштаган аткаминерлер болду.
  • Алакан жайып бата кылган эл.
  • Айт намазга жаш баладан аксакалдарга чейин келген.
  • Майрамдык намаз бүткөн соң мусулмандар бири-биринин ал-жайын сурашты.
  • Бул күнү араздашып кеткен тууган, теңтуш же башка адамдардан кечирим сураса сообу көбүрөөк тиет.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Курман айт майрамы бул жылы 11-августка туура келди.

Бишкекте айт намазы адаттагыдай эски аянтта өттү. Ага катышууга 15 миңден ашуун адам чогулганын Бишкек ШИИБден кабарлашты.

Майрамдык намаз эртең мененки саат 7.45те башталган. Мусулмандардын алдына алгач бийлик өкүлдөрү менен аалымдар чыгып сүйлөдү. Андан соң муфтий Максат ажы Токтомушев элди куттуктады.

Майрамдык намазда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев жана мэр Азиз Суракматов баштаган аткаминерлер болду.

Тема боюнча

Милиция айт намаз учурунда кырдаал кандай болгонун айтты
Сооронбай Жээнбеков элди ынтымакка чакырды
Белгилер:
бата, эл, Айт намаз, Бишкек

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ