Бир жылмайып коюңузчу! Мостойгон жана күлгөн 14 кишинин сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан бул долбоорунда Бишкек калаасынын көчөлөрүнөн 14 адамдын жылмайып коюшун сурап, фотоаппаратка түшүрүп алды.

Бул ирмемдер фотограф Табылды Кадырбековдун эмгеги.

"Менимче, жылмайган киши сага жакыныраактай сезилет. Алар кандай турса, ошондой тарттым. Эч нерсе кошкон жокмун. Күлкү - адам жөнүндө көп нерсени айтып бере турган сапат", — деди фотограф.

Кандидат в президенты Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Сейрек жылмайган Жээнбековдун сүрөттөрү
Ал сүрөттөгү адамдардын жаш курагын сураган эмес.

"Алар - биздин шаардагы миңдеген адамдардын бири. Улуту, жашы, чачы же өңү кызыктырган жок, мени иш процесстеги чын дилден жасаган мамилеси, тагыраагы, чын дилден күлгөнү, жылмайганы кызыктырды", — деп айтып берди Кадырбеков.

Сүрөтчү алардын көбү тартып жатканда тартынып, уялып, кээ бирлери күлкүсүн токтото албай каткырып жиберген учурлар болгонун айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖылмайганда беттеги бардык булчуңдар иштейт. Адамзат эненин курсагында жатканда эле жылмаят.
Фотопроект улыбка Табылды Кадырбекова - Sputnik Кыргызстан
1/14
Жылмайганда беттеги бардык булчуңдар иштейт. Адамзат эненин курсагында жатканда эле жылмаят.
© Sputnik / Табылды КадырбековКүлкү деген баары бир жакшы нерсе. Маанайды көтөрөт, дүйнөнү жаркытат.
Фотопроект Табылды Кадырбекова улыбка - Sputnik Кыргызстан
2/14
Күлкү деген баары бир жакшы нерсе. Маанайды көтөрөт, дүйнөнү жаркытат.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаштык да өзүнчө сулуулук деңизчи. Анткен менен мостойгонго караганда жаркылдап турганга эмне жетсин!
Фотопроект улыбка Табылды Кадырбекова - Sputnik Кыргызстан
3/14
Жаштык да өзүнчө сулуулук деңизчи. Анткен менен мостойгонго караганда жаркылдап турганга эмне жетсин!
© Sputnik / Табылды КадырбековКүлкү адамды кооздойт. Ал жаш-карыга карабай көрк берет.
Фотопроект улыбка Табылды Кадырбекова - Sputnik Кыргызстан
4/14
Күлкү адамды кооздойт. Ал жаш-карыга карабай көрк берет.
© Sputnik / Табылды КадырбековАдатта жылмайып жүргөн адамдын жашоосу жеңил болот дешет эмеспи. Андыктан, ансыз деле түйшүгү көп күндөрдү күлкү менен жеңилдетели.
Фотопроект улыбка Табылды Кадырбекова - Sputnik Кыргызстан
5/14
Адатта жылмайып жүргөн адамдын жашоосу жеңил болот дешет эмеспи. Андыктан, ансыз деле түйшүгү көп күндөрдү күлкү менен жеңилдетели.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭгерде адам чын дилинен күлсө, аны каршысындагы маектеши сөзсүз сезет
Фотопроект улыбка Табылды Кадырбекова - Sputnik Кыргызстан
6/14
Эгерде адам чын дилинен күлсө, аны каршысындагы маектеши сөзсүз сезет
© Sputnik / Табылды КадырбековҮңкүйүп жүргөнгө караганда жаркылдаган киши алда канча жакшы көрүнөт
Фотопроект Табылды Кадырбекова улыбка - Sputnik Кыргызстан
7/14
Үңкүйүп жүргөнгө караганда жаркылдаган киши алда канча жакшы көрүнөт
© Sputnik / Табылды КадырбековЖылмаюу, албетте, макияжга караганда жагымдуу. Orbit Complete жүргүзгөн иликтөөлөр адамдардын 70 пайызы боенгондорго караганда күлүп жүргөндөр сулуу көрүнөрүн айтышкан.
Фотопроект Табылды Кадырбекова улыбка - Sputnik Кыргызстан
8/14
Жылмаюу, албетте, макияжга караганда жагымдуу. Orbit Complete жүргүзгөн иликтөөлөр адамдардын 70 пайызы боенгондорго караганда күлүп жүргөндөр сулуу көрүнөрүн айтышкан.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖасалма жылмаюунун өмүрү төрт эле секунда экен
Фотопроект Табылды Кадырбекова улыбка - Sputnik Кыргызстан
9/14
Жасалма жылмаюунун өмүрү төрт эле секунда экен
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жылмаюу да садага" деп айтылат. Түшүнгөн кишиге бул сөздүн мааниси терең.
Фотопроект Табылды Кадырбекова улыбка - Sputnik Кыргызстан
10/14
"Жылмаюу да садага" деп айтылат. Түшүнгөн кишиге бул сөздүн мааниси терең.
© Sputnik / Табылды КадырбековОкумуштуулар аялдардын эркектерге караганда көбүрөөк жылмайып жүрөрүн айтышкан
Фотопроект Табылды Кадырбекова улыбка - Sputnik Кыргызстан
11/14
Окумуштуулар аялдардын эркектерге караганда көбүрөөк жылмайып жүрөрүн айтышкан
© Sputnik / Табылды КадырбековАдамдын күлүп келе жатканы 100 метрден эле байкалат экен
Фотопроект Табылды Кадырбекова улыбка - Sputnik Кыргызстан
12/14
Адамдын күлүп келе жатканы 100 метрден эле байкалат экен
© Sputnik / Табылды КадырбековЖылмаюунун тили, котормосу жок. Ал планетадагы бардык адамдар бирдей жана дароо түшүнгөн нерсе.
Фотопроект Табылды Кадырбекова улыбка - Sputnik Кыргызстан
13/14
Жылмаюунун тили, котормосу жок. Ал планетадагы бардык адамдар бирдей жана дароо түшүнгөн нерсе.
© Sputnik / Табылды КадырбековКабак түйгөнгө караганда жылмайган оңой. Киши күлгөндө анын жүзүндө 53 булчуң иштейт дешти.
Фотопроект Табылды Кадырбекова улыбка - Sputnik Кыргызстан
14/14
Кабак түйгөнгө караганда жылмайган оңой. Киши күлгөндө анын жүзүндө 53 булчуң иштейт дешти.
Жаңылыктар түрмөгү
0