22:16 18 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576
  • Атамбаевдин тарапташтары Форум имаратынын алдына келип, митинг саат 16:00дөр чамасында башталды
  • Мурдагы президентти колдогондор Кой-Таш айылынан микроавтобустар менен Форумду көздөй жөнөштү...
  • ...25тей автоунаа менен баргандар да болду
  • Митингде башаламандыкка жол берилген жок
  • Атамбаев эл алдына чыгып эч кимден коркпой турганын, анткени үстүндө Кудайы, артында колдогон эли бар экенине токтолду
  • Мурдагы президент бийликке жаңы лидерлер келиши керектигин, аларды колдоо үчүн бардык аракетин көрө турганын белгиледи
  • Атамбаевден сырткары, анын тарапташтары дагы чыгып сөз сүйлөдү
  • Тынчтык акциясына 1500 миңге чукул киши катышты
  • Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселеси көтөрүлгөндө Кой-Ташка анын тарапташтары чогула баштаган, алардын катарында экс-депутат Мээрбек Мискенбаев дагы бар
  • Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков менен Асел Кодуранова Атамбаевди колдой тургандыктарын айтып, иш-чараларга катышып келишет
  • Митингдин жыйынтыгында азыркы бийликке 7 талап коюлуп, резолюция кабыл алынды...
  • ...резолюциядагы талаптарды келген эл колдоого алды.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Атамбаевдин тарапташтары "Форум" имаратынын алдына келип, митинг саат 16:00дөр чамасында башталды

Sputnik Кыргызстан 3-июлда "Форум" имаратынын алдында Атамбаевдин тарапташтары өткөргөн тынчтык митингинин сүрөттөрүн сунуштайт.

Мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө чогулган эл микроавтобустар менен "Форум" имаратынын алдына келип, саат 16:00дөр чамасында митинг башталган. Анда чогулгандар бийликке болгон нааразычылыктарын билдирген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы бийликке карата бир катар сындарын айтты.

Тема боюнча

Атамбаевдин тарапташтарынын койгон талаптары. Резолюция
Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео
Кой-Таштан агылып "Форумга" келген Атамбаевдин тарапташтарынын митинги. Видео
Белгилер:
Сүрөт, Кой-Таш, Митинг, Алмазбек Атамбаев

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ