04:22 19 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6500
  • EUR78.2796
  • RUB1.1086
Сүрөт

Алаамат болгон Чернобылди байырлаган бугу, карышкыр, кундуз... Сүрөттөр

Кыскача шилтеме алуу
1729 0 0
  • Чернобыль атомдук электр станциясынын 4-блогунун саркофагы
  • Сүрөттө: Черобылдин тосулган аймагынын ичиндеги бүркүт. Бул күчтүү жаныбардын канчалык жабыркагандыгын эч ким билбейт.
  • Енотовидная собака в зоне отчуждения Чернобыльской АЭС
  • Волк в лесу в зоне отчуждения вокруг чернобыльской АЭС. Апрель 2012 года
  • Речная выдра в зоне отчуждения Чернобыльской АЭС
  • Волки нападают на оленя в зоне отчуждения вокруг чернобыльской АЭС. Апрель 2012 года
  • Волк в зоне отчуждения Чернобыльской АЭС
  • Евразийская сойка в зоне отчуждения Чернобыльской АЭС
  • Рыси в зоне отчуждения вокруг чернобыльской АЭС. Апрель 2012 года
  • Лошади пасутся в зоне отчуждения вокруг чернобыльской АЭС. Апрель 2012 года
© Sputnik / Сергей Старостенко
Дүйнөнү солк эттирген 1986-жылкы кырсыкта аталган аймакка тараган радиациянын бир бөлүгү кызыл карагай жыш өскөн ушул токойго да тийген. Себеби, аталган жай Чернобыль АЭСинин жанында жайгашкан эле. Ошол күндөгү алааматтан кийин жабырланган, ууланган, жок болгон жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү жай болсо да калыбына келе баштады. Бирок дарактарга зыяндуу нур сиңип калгандыктан, адамдын узак убакытка калуусу али кооптуу делет. Анткен менен жапайы жаныбарлар ал жерге акырындап келе баштаган. Сүрөттө: Чернобыль атомдук электр станциясынын 4-блогунун саркофагы

Кырсык болгондон тарта киши буту дээрлик баспай калган Чернобыль аймагы туурасында негиздүү да, адамдын үшүн алган аңыз кептер да айтылып келет. Имиштерде аймактагы саз менен токой кышылдаган мутанттарга толуп кеткендиги белгиленет. Ага себепчи атомдук ири кырсык дешет.

Легендага айланып, имиштер ээрчиген бул жерлерде кандай тири укмуштуу делген жаныбарлар жашай турганын атайын сүрөттөр түрмөгүнөн көрө аласыз. Аны Sputnik Казакстан жасаган.

Чернобыль АЭСиндеги авария 1986-жылы 26-апрелде Украина ССРине караштуу Припять шаарынын жанында болгон. Кырсыктан кийин бул жер 30 чакырымдык аралыкта атайын тосулуп, бүгүн радиоактивдүү жер кыртышы ачык аймак катары белгиленген.

Чын-төгүнү аралаш "Чернобыль" сериалы чыккандан кийин бул жерге туристтердин агымы арбыган. Сапарга чыккандар канабайрам болуп талкаланып, тымтыракайы чыккан кароосуз, ээн калган жерлерди көрөбүз деп келишет.

Анткен менен бул мезгилде Чернобыль АЭСинин айланасы жапайы жаныбарлар байырлаган корукка айланып барат. Алардын ичинен Кызыл китепке киргизилген жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү көрүүгө болот. Флора менен фауна улам кеңейүүдө.

Жаныбарлардын катарын түлкү, карышкыр, коен, бугу, каман жана башка бир тобу толуктаган. Саздар менен коюу токойдо үкүлөр, кара илек-илектер, бүркүттөр көп. Капыстан ал жерден сүлөөсүн, кашкулак же кундуз көрүп калсаңыз, таң калып деле кереги жок.

Адам колу менен талкаланган жерди жаратылыш акырындап өзү калыбына келтире баштагандыгын байкоо кыйынчылык деле жаратпайт.

Тема боюнча

Кесепеттүү Чернобыль АЭСи туристтер үчүн ачылды
Белгилер:
кызыл китеп, Припять, Чернобыль кырсыгы, Чернобыль, Украина

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ