13:13 26 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.5117
  • EUR79.1425
  • RUB1.1118
Сүрөт

Оштун мындай сүрөттөрүн көрө элексиз. Көз талдырган 14 эмгек

Кыскача шилтеме алуу
1411 0 0
  • Байыркы шаардын көркү, ай! Артта сырдуу болуп Сулайман-Тоо турат.
  • Салтанаттар, мааракелер өткөн борбордук аянт. Ал жердин дагы бир уникалдуулугу — Владимир Лениндин эстелиги дагы деле турат.
  • Акматбек Сүйүнбаев атындагы ири стадион. Бул Оштогу ири иш-чараларды өткөрө турган, жаңы гана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, колдонууга берилген жай.
  • Борбордук аянттын ары жагы эл жашаган аймак болсо, бери жагы Сүйүү деп аталган сейил багы. Жалпы аянты 3 гектар дешти.
  • Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театры Ош шаарынын дагы бир маанилүү жайларынын бири.
  • Ош калаасын аралай аккан кадимки Ак-Буура дарыясы.
  • Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусу. Бул Оштогу флагман окуу жайлардын бири. Учурда анда 30 миңге жакын студент билим алат
  • Атактуу, айтылуу Сулайман-Тоо! Бул жер жергиликтүү жашоочулар үчүн ыйык жайлардын бири деп эсептелсе, сырттан келген туристтер үчүн кызыктуу жай. 2009-жылы Сулайман-Тоо тарыхый-археологиялык музей комплекси ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген.
  • Алишер Навои атындагы сейил бак.
  • Батып бара жаткан күн. Сулайман-Тоонун башка тарабы.
  • Чет өлкөдөгү башка бир кооз жай деп ойлой көрбөңүз. Бул — Сулайман-Тоонун этеги жана ал жердеги мечит! Сонун сүрөттөрдүн катарын толуктаган эмгек.
  • Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөр түшө баштаган жаңы райондордун бири.
  • 12 кабаттуу имараттын төбөсүнө салынган боз үй тибиндеги курулуш. Бул да архитектуралык жактан алып караганда өзүнчө бир кооздук.
  • Ош шаарынын панорамасы.
© Фото / Михаил Дудин
Байыркы шаардын көркү, ай! Артта сырдуу болуп Сулайман-Тоо турат.

Байыркы шаардын көркү, ай! Ош шаарынын көз талдырган 14 сүрөтү

Кыргызстандык жигит, Бишкек шаарынын тургуну Михаил Дудин асманга дронун көтөрүп, Ош шаарынын сүрөттөрүн сонун кылып тартып чыккан. Алды кийин байыркы калааны минтип эч ким тарта элек болчу.

Сүрөттөр май айындагы Ош шаарынын кооздугун берип турат.

"Ош — Кыргызстандын түштүк борбору. Жакшынакай, колориттүү жана байыркы шаар", — деп жазган сапарга таасирленген адис.

Буга чейин Дудин Бишкектен Сузакка чейин барган жолу 17 мүнөттө баяндап берген.

Тема боюнча

Ордолуу Ош, туулган күнүң менен! Тарыхый сүрөттөр сүйлөйт
Ош шаарынын көз тайгылткан керемети сүрөттө
Белгилер:
фото, Михаил Дудин, дрон, Ош

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ