22:00 22 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.9491
  • RUB1.0844
Сүрөт

Борбордо өткөн "Өлбөс полк" акциясынан жүрөк толкуткан 20 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөө (24)
353 0 0
  • Бишкекте Өлбөс полк акциясы өттү
  • Чогулган эл саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы парктан Өчпөс отту көздөй жөнөштү
  • Катышуучулар Байтик баатыр/Абдрахманов (мурдагы Советский) көчөсүн бойлой жөө басышты
  • Бишкек ШИИБдин маалыматына ылайык, быйыл акцияга былтыркыга салыштырмалуу беш миңге көп — 50 миңден ашуун адам катышты
  • Ар биринин колунда Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин сүрөттөрү
  • Өлбөс полкко көзү тирүү ардагерлер да катышты. Аларды унаалар менен алып жүрүштү
  • Ардагерлердин чөбөрө-кыбыралары. Көпчүлүк ата-энелер балдарын кошо ала барышкан. Ал тургай аларга аскер кийимин да кийгизип коюшкан
  • Аскер кийимин кийген кыздар
  • Советтер Союзунун желеги. Акциянын негизги атрибуттарынын бири
  • Жөө жүрүшкө чыга албагандар минтип үйүнөн болсо да катышууга жетишти
  • Кыргызстандын желегин көтөргөн аскер
  • Акцияга бул кишидей велосипед менен да чыккандар болду
  • Жөө жүрүштү көркүнө чыгарган аскерлер
  • Мамлекет башчы Жеңиш күнүнө арналган Өлбөс полк жүрүшүнө чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун портретин көтөрүп чыкты. Жанындагы бала президенттин бир тууган иниси Жыргалбек Жээнбековдун уулу
  • Баш-аягы көрүнбөгөн Өлбөс полк
  • Акцияга ат менен келген өзгөчө катышуучу
  • Саат 12:30да чогулган элдин көбү Жеңиш аянтында болуп калышты
  • Өлбөс полк өчпөс отко келгенде Жеңиш вальсы башталды
  • Согуштан курман болгондор эскерилип, гүл коюлду
  • Эч ким, эч качан унутулбайт!
© Sputnik / Михаил Дудин
Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы өттү

Борбор калаада "Өлбөс полк" акциясына 50 миңдей адам чогулду.

Жөө жүрүштүн катышуучулары Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүп, Байтик баатыр — Абдрахманов көчөсүн бойлой Дайыр Асанов атындагы сейил бактан "Жеңиш" аянтына чейин жөө басышты.

"Өлбөс полк" акциясы биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында өткөн. 2013-жылы Россияда, Казакстанда жана Украинада белгиленген. Жеңиш майрамында согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн 200 миңге жакын киши көтөрүп, параддан өткөн. Андан кийин бул акцияга Израиль, Кыргызстан жана Белоруссия да катышкан. 2014-жылы Бишкек шаарында өткөн акцияга миңге чукул эле адам келсе, 2018-жылы 45 миң, бул ирет 50 миңден ашуун адам чогулду.

 

Тема:
Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөө (24)

Тема боюнча

"Өлбөс полк" акциясында Жээнбековдун жанында сүрөт көтөрүп баскан жигит ким?
Баш-аягы көрүнбөгөн "Өлбөс полк" акциясы. Фотофакт
Путин: Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге бекем ден соолук каалайм
Белгилер:
Сүрөт, "Өлбөс полк" акциясы

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ