Сегиз жылдан кийин мекенине келген Шевченконун сапары кандай өтүүдө. Сүрөттөр

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги UFC чемпиону Валентина Шевченконун аба майдандан түшкөндөн тарта маалымат жыйын куруп, күйөрмандары менен жолукканга чейинки ирмемдерин топтоду.

Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов менен кечээ, 7-апрелде, келген. Аларды аба майдандан бийлик өкүлдөрү, кесиптештери жана күйөрмандары салтанат менен тосуп алышкан.

Толкуган эл. Шевченконун Бишкекте күйөрмандары менен жолуккан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Толкуган эл. Шевченконун Бишкекте күйөрмандары менен жолуккан видеосу
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, "Даңк" орденин тапшырды.

Андан соң журналисттер үчүн маалымат жыйын куруп, кечке жуук күйөрмандары менен жолукту. Эртең Ош шаарына барат.

Валентина Шевченко акыркы ирет Кыргызстанда 2011-жылы болгон. UFC жылдызы муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко Бишкекке 7-апрелде келген
Приезд чемпионки UFC Валентины Шевченко в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
1/18
Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко Бишкекке 7-апрелде келген
© Sputnik / Табылды КадырбековМушкерди бийлик өкүлдөрү "Манас" аба майданынан салтанат менен тосуп алышты
Приезд чемпионки UFC Валентины Шевченко в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
2/18
Мушкерди бийлик өкүлдөрү "Манас" аба майданынан салтанат менен тосуп алышты
© Sputnik / Табылды КадырбековАндан кийин күйөрмандар спортчуну жолтандабаска салып алып кетишти
Приезд чемпионки UFC Валентины Шевченко в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
3/18
Андан кийин күйөрмандар спортчуну жолтандабаска салып алып кетишти
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБүгүн, 8-апрелде, мушкерди президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, "Даңк" орденин тапшырды
Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с чемпионкой UFC Валентиной Шевченко  - Sputnik Кыргызстан
4/18
Бүгүн, 8-апрелде, мушкерди президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, "Даңк" орденин тапшырды
© Sputnik / Табылды КадырбековВалентина Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов жана Кулатуу эр таймаш федерациясы менен биргеликте маалымат жыйын өткөрдү
Пресс-конференция чемпионки UFC Валентины Шевченко в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
5/18
Валентина Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов жана Кулатуу эр таймаш федерациясы менен биргеликте маалымат жыйын өткөрдү
© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналисттер бир катар суроолорду узатышты
Пресс-конференция чемпионки UFC Валентины Шевченко в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
6/18
Журналисттер бир катар суроолорду узатышты
© Sputnik / Табылды КадырбековВалентина Шевченко учурда эң башкы максаты чемпиондук курун коргоо экендигин белгиледи
Пресс-конференция чемпионки UFC Валентины Шевченко в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
7/18
Валентина Шевченко учурда эң башкы максаты чемпиондук курун коргоо экендигин белгиледи
© Sputnik / Табылды КадырбековМушкер бир жарым сааттык маалыматтык жыйындан кийин күйөрмандары менен жолугушуу үчүн соода борборлордун бирине барды
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8/18
Мушкер бир жарым сааттык маалыматтык жыйындан кийин күйөрмандары менен жолугушуу үчүн соода борборлордун бирине барды
© Sputnik / Табылды КадырбековUFC чемпионун көрүүгө миңдей киши чогулду
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/18
UFC чемпионун көрүүгө миңдей киши чогулду
© Sputnik / Табылды КадырбековШевченкого Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев "КРдин эмгек сиңирген спортчусу" наамын ыйгарды
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10/18
Шевченкого Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев "КРдин эмгек сиңирген спортчусу" наамын ыйгарды
© Sputnik / Табылды КадырбековМушкер акыркы ирет Кыргызстанга 2011-жылы келген
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11/18
Мушкер акыркы ирет Кыргызстанга 2011-жылы келген
© Sputnik / Табылды КадырбековАйрым күйөрмандар мушкерди көңүл бурдуртуу үчүн өзгөчө костюм кийип алышкан
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12/18
Айрым күйөрмандар мушкерди көңүл бурдуртуу үчүн өзгөчө костюм кийип алышкан
© Sputnik / Табылды КадырбековВалентина Шевченко былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13/18
Валентина Шевченко былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон
© Sputnik / Табылды КадырбековМушкер кыз менен селфиге түшүүнү каалагандар көп болду
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14/18
Мушкер кыз менен селфиге түшүүнү каалагандар көп болду
© Sputnik / Табылды КадырбековМинтип октагондун кол кабын да кийип келгендер болду
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15/18
Минтип октагондун кол кабын да кийип келгендер болду
© Sputnik / Табылды КадырбековКүйөрмандар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип жооп алышты
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
16/18
Күйөрмандар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип жооп алышты
© Sputnik / Табылды КадырбековUFC чемпиону Валентина Шевченко менен сүрөткө түшкөн күйөрманы эл алдында жашып кетти
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
17/18
UFC чемпиону Валентина Шевченко менен сүрөткө түшкөн күйөрманы эл алдында жашып кетти
© Sputnik / Табылды КадырбековБир сааттык жолугушуудан кийин мушкер кызга ак чепкен жаап, белек-бечкек тапшырып узатышты
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
18/18
Бир сааттык жолугушуудан кийин мушкер кызга ак чепкен жаап, белек-бечкек тапшырып узатышты
Жаңылыктар түрмөгү
0