01:48 20 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Сүрөт

Жүздөгөн адамдын каны төгүлүп... Апрель революциясын эске салган 18 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
475 0 0
  • Форум имаратынын алдына митингчилерди таратуу үчүн келген милициянын унаасына оппозициячылар кол салышкан
  • Оппозиция өкүлдөрү милиционерге кол салды. Сүрөт Форум имаратынын алдынан тартылган
  • Митингге чыккандар милиция кызматкерлерин коргоп, аларга кагылышуу болгон жерди таштап кетүүгө жардам беришүүдө. Сүрөт Форум имаратынын алдынан тартылган
  • Ала-Тоо аянтына багыт алган эл
  • Оппозиционерлер менен ОМОНдун кагылышуусу
  • Жабыркаган жаранды Ак үй алдынан коопсуз жайга алып кетишүүдө
  • Митингге чыккандар ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин сүрөтүн өрттөп салышкан
  • Бакиев Бишкектен түштүк аймакка качып, ал жактан өзүн колдогон митинг уюштурган. Сүрөттө Бакиевдин жан сакчылары
  • Бишкектеги Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдындагы өрттөнгөн унаалар
  • Курманбек Бакиев ошол кездеги мамлекеттик коргоо кызматынын төрагасы, иниси Жаныш Бакиев менен Оштогу митингде
  • Мародерлор Бакиевдин үйүн талкалоодо
  • 7-апрель Кыргызстанда Элдик апрель революциясы күнү деп жарыяланып, дем алыш күн болду
  • Башкы прокуратуранын жалын каптаган имараты
  • Революциянын эртеси...
  • Башкы прокуратуранын имаратынын алдында кылмыш иштери боюнча кагаздарды окуп жаткан кишилер
  • Көчө шыпыргыч борбордук Ала-Тоо аянтын тазалап жатат
  • Ак үйдүн тосмосуна илинген кулактандыруу. Активисттер жабыркаган адамдарга кан берүүнү суранышкан
  • Апрель окуясы жалпысынан 123 кишинин өмүрүн алып, жүздөгөн кишини майып кылды
© AFP 2019 / VYACHESLAV OSELEDKO
"Форум" имаратынын алдына митингчилерди таратуу үчүн келген милициянын унаасына оппозициячылар кол салышкан

7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү катары белгиленип келет. Мындан тогуз жыл мурда дал ушул күнү "Ала-Тоо" аянтында жүздөгөн адамдын каны төгүлгөн. Sputnik Кыргызстан тарыхый окуя кандай болгонун эске салат.

2010-жылдагы апрель окуялары 123 адамдын өмүрүн алган. "Ала-Тоо" аянтында 77 адам көз жумуп, 400 киши ар кандай жаракат алган. 36сы кийин каза болгон.

7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү катары белгиленип келет. Кийинки жылы өлкө Элдик Апрель революциясынын 10 жылдык мааракесин өткөрөт. Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Тема боюнча

Эмдиги жылы Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгы белгиленет
"Ала-Тоо" аянтындагы Атамбаев менен Бакиев. Март окуясын эске салган 24 сүрөт
Белгилер:
Сүрөт, атышуу, революция, Апрель окуялары

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ