21:16 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8160
  • EUR77.4818
  • RUB1.0536
Сүрөт

"Ала-Тоо" аянтындагы Атамбаев менен Бакиев. Март окуясын эске салган 24 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
1394 0 0
  • Митингге чыккан жүздөгөн адам Аскар Акаевдин күйүп жаткан сүрөтүнүн алдынан өтүп келе жатат. 2005-жыл, 21-март, Ош
  • Ош облусунун администрациясын басып алган оппозициячылар
  • Каршылык акциясына чыккандар. Жалал-Абад, 2005-жылдын 23-марты
  • Милиция революция болорго бир күн калганда Бишкекте митингге чыккан оппозиция өкүлдөрүн кармап жатат
  • Оппозициялык күч президент Аскар Акаевдин отставкасын талап кылууда
  • Бишкектеги оппозиция өкүлдөрүнүн митингинде колуна гүл кармаган аял. 2005-жылдын 24-марты
  • Ала-Тоо аянтында чогулган эл
  • Курманбек Бакиев 2005-жылы марттагы митингдерди баштап жүргөндөрдүн бири болгон
  • Атайын даярдыктагы аскерлердин алдына чыккан аял
  • Борбордук аянтта бийлик өкүлдөрү менен элдин кагылышы
  • Жаалданган эл
  • Бул күнү аянттагы бир нече автоунаа күйгөн
  • Каршылык акциясына чыккандардын бири ошол убактагы өкмөт үйүнүн чатырына Кыргызстандын желегин орнотууда
  • Тарапташтары оппозиция лидерлеринин бири Азимбек Бекназаровду көтөрүп баратышат
  • Митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин
  • Зооттолгон унаанын үстүнө чыккан митингчилер
  • Болочокто президент боло турчу Алмазбек Атамбаев митингде сүйлөп жатат
  • Жарадар болгон жолдошун жетелеп келе жаткан жоокер балдар Ак үйдөн чыгып келе жатат
  • Оппозиция өкүлдөрү Аскар Акаевдин иш бөлмөсүндө
  • Биринчи президент Аскар Акаевдин китеби
  • Митингге чыккандардын бири Ак үйдүн талкаланган терезесинен кол булгалап жатат
  • Аскар Акаевдин бийлиги кулатылгандан кийин Бишкекте талап-тоноочулук болгон. Элдик кошуундун өкүлү мародерлорду кубалап жатат
  • Мародерлор өрттөп жиберген кытай соода борборунда калган эмеректи сыртка алып чыгып жаткандар. 2005-жылдын 25-марты
  • Революциянын эртеси муниципалдык кызматтын жумушчулары өкмөт үйүн тазалоого чыгышкан.
© AP Photo / Ivan Sekretarev
Митингге чыккан жүздөгөн адам Аскар Акаевдин күйүп жаткан сүрөтүнүн алдынан өтүп келе жатат. 2005-жыл, 21-март, Ош

Бүгүн, 24-мартта, "жоогазын ыңкылабы" деп аталган ири саясий окуяга 14 жыл толду. Анда биринчи президент Аскар Акаев тактыдан түшкөн.

Элдик толкундоолор 2005-жылы 11-мартта Жалал-Абадда башталып, ал Кыргызстандын бардык аймактарына жайылган. 24-мартта оппозиция өкмөт үйүн басып алган. Ал эми кечинде Бишкекте мародерлук башталган.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ошол учурдагы президент Аскар Акаев үй-бүлөсү менен Россияга чыгып кетип, ошондон бери ал жакта жашайт.

Жаңы мамлекет башчысы болуп Курманбек Бакиев шайланган. Ал дагы беш жылдан кийин 2010-жылы апрелде бийликтен кулатылган.

Бакиевдин учурунда 24-март — Элдик революция күнү деп майрам катары белгиленип келген. 2012-жылы бул дата майрам деп белгиленбей, бирок 2016-жылы эскерүү күн катары жарыяланган.

Тема боюнча

Тоталитаризмден парламентаризмге... Эгемендиктин 27 жылдык сабагы
Белгилер:
бийлик, революция, окуя

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ