10:22 21 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7563
  • EUR79.1281
  • RUB1.0852
Сүрөт

Топоз минген кыргыздар, көз күйдүргөн сулуулар... Сауд Аравиядагы ирмемдер

Кыскача шилтеме алуу
2000дей кыргызстандык бара турган Сауд Аравиядагы Camel Fest (31)
5513 0 0
  • Camel Fest иш-чарасына өлкө атынан 2000 киши барган. Ага маданият жана спорт өкүлдөрүнөн тышкары техникалык топ, уюштуруучулар жана ыктыярчылар кирет.
  • Улуттук кийим куп жарашыптыр! Бул кыз менен бала фестивалдын эң жаш катышуучусу болсо керек.
  • Сауд Аравияда кыргызстандык делегация үчүн атайын жер берилип, ага көчмөндөр айылы курулган
  • Camel Fest иш-чарасына 100гө чукул мамлекеттин өкүлү келген
  • Кыргызстандык делегация Көчмөндөр ааламы деп аталган оюн-зоогун көрсөтөт
  • Таяк тартышка түшкөн балбандар. Фестивалда улуттук спорттун түрлөрү басымдуулук кылат.
  • Кыргызстандык каскадер Фархат Косимов да өнөр тартуулагандардын катарында
  • Топоз минген кыргыздарды сейрек кездештирсек керек...
  • Camel Fest программасында төө чабыш, төөлөрдүн талантын тартуулоо, төөнүн терисинен жасалган буюмдардын көргөзмөсү каралган
  • Кыргызстандын атынан 700дөй өнөрпоз талантын тартуулайт. Сүрөттө актер Жолдошбек Жанжигит уулу.
  • Бир караганда музду элестетет экен. Бул кадимки чатырлар.
  • Иш-чарада кыргыздын алп кыздары жана балдары көпчүлүктү таң калтырууда. Эркектердин бою 2,15 метр, ар биринин орточо салмагы 150 килограмм. Кыздардын биринин бою 1,93 метрге жетет, бут кийиминин өлчөмү — 43.
  • Кылым кыйырынан келген кыргыз шырдагы
  • Сулууларга суктанууга акым бар! Фестивалдын көркүнө көрк кошкон дал ушундай бийкечтер болсо керек.
  • Camel Fest 9-мартта башталып 23үнө чейин созулат
  • Караганы эле бир тайлык! Көз жоосун алган кыргыздын сулуусу
  • Төө фестивалы 2017-жылы негизделип, Сауд Аравиясынын падышасы Абдул-Азиздин (King Abdulaziz Camel Festival) ысымын алган
© Фото / пресс-служба Вcемирной конфедерации этноигр
Camel Fest иш-чарасына өлкө атынан 2000 киши барган. Ага маданият жана спорт өкүлдөрүнөн тышкары техникалык топ, уюштуруучулар жана ыктыярчылар кирет.

Ушул тапта алыскы Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Camel Fest фестивалы өтүүдө. Ага катышуу үчүн эки миңдей кыргызстандык ит, куш, топоздору менен жөнөп кеткен.

Кыргыз тараптан уюштуруучу Бүткүл дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясы болуп эсептелинет. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ири маданий иш-чарадагы ирмемдерди тартуулайт.

Camel Fest 9-мартта башталып 23үнө чейин созулмакчы. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнгөн.

Кыргызстандык делегация "Көчмөндөр ааламы" деп аталган оюн-зоогун көрсөтөт. Бул үчүн атайын 15 гектар жер бөлүнүп, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган. Ошондой эле катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрмөкчү.

Camel Fest тууралуу кенен маалыматты Sputnik даярдаган фактыдан окусаңыздар болот.

Тема:
2000дей кыргызстандык бара турган Сауд Аравиядагы Camel Fest (31)

Тема боюнча

Боз үй, тай казан... Сауд Аравиядагы кыргыз айылы жана ипподромдун видеосу
Калпты кантип айттыңар! Аравияда жаракат алган Асланайым окуя тууралуу үн катты
Сауд Аравиядагы алп кыргыздар конокторду таң калтырууда. Сүрөт
Белгилер:
Сүрөт, этнофестиваль, Кыргызстан, Сауд Аравиясы

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ