07:36 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Сүрөт

Мушкер кызга суу жуткурган Кумар Жалиев... Кикбоксчулардын беттешинен 14 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
123210
  • Спорт сарайында профессионал кикбоксчулардын Max Pro K1 аталышындагы эл аралык турнири өттү. Сүрөттө кыргызстандык спортчу Чыңгыз Бегматов
  • Мелдешке Орто Азиянын, Россиянын жана Белоруссиянын спортчулары катышты
  • Жалпысынан күйөрмандарга 10 беттеш көрсөтүлдү
  • Кыргызстандык Шахриза Халилова тыныгуу учурунда. Суу жуткуруп жаткан бир кездеги кикбокс жылдызы Кумар Жалиев
  • Жеңиш... Кыргызстандык Шахриза Халилова өзбекстандык Мухае Эркинованы жеңди
  • Турнирдин дээрлик бардык кармашында кыргыз мушкерлери жеңишке ээ болду
  • Кыргызстандык Рустам Ибрагимов менен өзбекстандык Ильхом Рустамовдун айыгышкан кармашы
  • Рустам Ибрагимов чечүүчү кармашта казакстандык Жандос Назарбековду утуп алды
  • Ибрагимов эки атаандашты утуу менен Grand Prix Top-4 наамын камсыздап, сыйлык катары 100 миң сом алды
  • Бул жерде кыргыз-казак бир тууган деген сөз ашыкча болбосо керек
  • Күч атасын тааныбайт!
  • Турнирдин башкы беттешинде Дастан Шаршеев россиялык Алексей Додонов менен беттешти
  • Чемпион! Атаандашын нокаут менен жеңген Шаршеевге микрофон берилди
  • Бул сүрөттү сөз менен айтып берүү кыйын го...
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт сарайында профессионал кикбоксчулардын Max Pro K1 аталышындагы эл аралык турнири өттү. Сүрөттө кыргызстандык спортчу Чыңгыз Бегматов

Профессионалдар арасындагы кикбокс боюнча турнирде кыргызстандык спортчулар Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Белоруссиядан келген мушкерлер менен рингде жолукту.

25-февралда борбордогу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Max Pro K1 (кикбокс) турнири өттү. Жалпысынан күйөрмандар 10 беттешке күбө болду.

Мелдештин башкы беттешинде кыргызстандык Дастан Шаршеев россиялык мушкер Алексей Додоновду нокаут менен утуп, WBKF версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду.

Дагы бир кыргыз спортчусу Рустам Ибрагимов казак мушкери Жандос Назарбековду калыстардын чечими менен утуп Grand Prix Top-4 наамын камсыздап, сыйлык катары 100 миң сом алды.

Ошондой эле кыз-келиндер арасындагы беттеште кыргызстандык спортчу Шахриза Халилова өзбекстандык атаандашы Мухае Эркинованы жеңип алган эле.

Мындан тышкары, өлкө атынан чыккан Авазбек Аманбеков, Шерзод Кабутов, Чыңгыз Бегматов, Аброр Хакимов жана Бекжан уулу Адилет жеңүүчү деп табылды.

Тема боюнча

Ат үстүндө топ талашкан кыргыз-француз хорсболчулары. Мелдештин сүрөттөрү
Рингдин ханышасындай... Кыргыз мушкери Шахризанын каршылашын уткан видеосу
Мигрант элек, чемпион болдук! Чет жакта топ жарып чыккан кыргыз спортчулары
Белгилер:
Дастан Шаршеев

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ