16:45 17 Бирдин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7609
  • EUR78.6694
  • RUB1.0458
Сүрөт

Бишкектин өлүм жыттанган абасы. Келечектин 8 сүрөтү

Кыскача шилтеме алуу
90410
  • Суук түшөрү менен Бишкекти кара түтүн каптайт. Көрүнүш жыл сайын кайталанат
  • Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму адамзат үчүн башкы кооптуулук абанын булганышы экенин айтты
  • Экологдордун айтымында, буга жер үйлөрдүн от жагышы менен автоунаадан чыккан түтүн себеп
  • Борбор калаада башка өлкөлөрдөн келген эски автоунаа көп. Алардан чыккан уулуу газ нормадан бир топ жогору.
  • Экологдор шаарды пландаштыруунун ырааты бузулгандыктан желдетилбей калды деп айтышат. Мурда калаада жашыл зона көп болчу, азыр бул аймактардын көбүнө курулуш түшкөн.
  • ТЭЦтин түтүнү да бир топ, бирок экологдордун айтымында, андан да кооптуу нерселер арбын
  • Абаны мештен чыккан уулуу газ көбүрөөк булгайт экен
  • Таштандыны өрттөө да абаны кирдетет, анткени күйгөн нерсенин көбү уулуу газга айланат
  • Кара түтүн дем алуу органдарын жабыркатып, аллергия менен ракты чакырат. Бишкек бул илдеттер боюнча тизменин сап башында турат.
© Sputnik / Эмиль Садыров
Суук түшөрү менен Бишкекти кара түтүн каптайт. Көрүнүш жыл сайын кайталанат

Суук түшкөн сайын Бишкекти кара түтүн каптап кетет. Экологдордун айтымында, буга жер үйлөрдүн от жагышы менен автоунаадан чыккан түтүн себеп.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму абанын булганышын адамзат үчүн эң башкы кооптуулук деп атады. Мындай көрүнүш миң-сандаган адамдын өлүмүнө алып келет. Кишини көзгө көрүнбөй, организмдин иммундук системасын жарып өтүп, өпкөнү, жүрөктү жана мээни жабыркаткан майда бөлүкчөлөр өлтүрөт. Анткени бул дем алуу органдарынын оорусуна алып келип, инсульт, инфаркт жана ракты шарттайт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнө жүзүндө 10 кишинин тогузу кир аба менен дем алат. Шаарда жашаган калктын 80 пайыздан ашууну деңгээли кооптуу делген абадан жутуп жашап келет.

Бишкекте онкологиялык оорулар басымдуулук кылып, дем алуу органдарынан жабыркаган жана аллергия өрчүгөн шаарлардын сап башында турат. Экологдор менен биологдор калаа тургундарына респиратор тагынууну же ооз-мурунду марли менен жаап жүрүүнү сунуштап келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотографы Табылды Кадырбеков борбор калаанын кооптуу келечегин чагылдырган сүрөттөрүн тартуулайт.

Тема боюнча

Фотофакт: Бишкектин асманынан кара түтүн кете элек
Бишкектин экологиясына мындан ары дрон көз салып турат
Белгилер:
аба, газ, Табылды Кадырбеков, Бишкек

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ