09:49 19 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7305
  • EUR78.0284
  • RUB1.0839
Сүрөт

Фрунзенин кышы жана кыздары. Жарым кылым мурдагы Кыргызстандын сүрөттөрү

Кыскача шилтеме алуу
832120
  • Ызгаар суукка карабай жылмайып өз ишин аткарып жаткан Нарын облусунун Кара-Кужур айылындагы акушер. Сүрөт 1973-жылы тартылган.
  • Ак кар жамынган Фрунзеде сейилдеп жүргөн кыздар. Телефон будкаларын байкадыңызбы? Азыр мындай сүйлөшүү түйүндөрүн эч жерден көрө албайбыз.
  • Фотограф Кыргызстандын тоолорунда кар көчкү жүрүп жаткан учурду тартып калууга жетишкен
  • Азыркы Кыргызстан эл аралык университетинин жарым кылым мурдагы көрүнүшү. Имараттын ошондогу дизайны бүгүнкү күнгө чейин бузулган эмес.
  • Россия кинотеатрынын алдында жай баракат бара жаткан кыз. Сүрөттөн көрүнгөндөй, кинотеатрдын имараты ошондон бери өзгөрбөгөн.
  • Союздар үйү, 1967-жыл
  • 50 жыл мурунку Бишкектин көчөлөрү: кызыл жоолук салынган кыз, папкасын колтугуна кысып бийкеч менен баарлашып турган жигит жана көк түстөгү Волга автоунаалары
  • Ак кар баскан тоо койнунда итин ээрчитип ат үстүндө бара жаткан жеткинчек
  • Сары-Челек коругун кыдырып жүргөн токойчулар. Сүрөт 1973-жылы тартылган.
  • Эңилчек мөңгүсүн багынткан альпинисттер
© Sputnik / Дронов
Ызгаар суукка карабай жылмайып өз ишин аткарып жаткан Нарын облусунун Кара-Кужур айылындагы акушер. Сүрөт 1973-жылы тартылган.

Биз архивди карап отуруп өткөн кылымдын экинчи жарымында Кыргызстанда тартылган сүрөттөрдү таап чыктык.

Өлкөнүн совет доорундагы кыш мезгилин чагылдырган сүрөттөрдүн түрмөгүн сунуштайбыз. Биз менен жарым кылым мурдагы Кыргызстанды көрүп келиңиз.

Тема боюнча

150 жыл мурда кыргыздар менен коңшу эл кандай кийинген. Архивдик сүрөттөр
Эх-х, Фрунзе кандай эле! Борбор шаардын кайдыгер калтырбаган эски сүрөттөрү
Белгилер:
кыш, шаар, тоо, Сүрөт, Фрунзе, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ