20:46 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR79.6224
  • RUB1.0406
Сүрөт

30га чыгып-чыкпай... Forbes эң бай жана атактууларды аныктады

Кыскача шилтеме алуу
840 0 0
  • Биринчи орунга 21 жаштагы АКШлык модель Кайли Женнер 166,5 миллион доллары менен чыкты
  • Экинчи орунду британиялык 27 жаштагы Эд Ширан 110 миллион доллары менен ээледи
  • Үчүнчү орунга дүйнөдөгү эң кымбатка бааланган футболчу бразилиялык 27 жаштагы Неймар чыкты
  • Төртүнчү сапта 28 жаштагы АКШлык ырчы Тейлор Свифт 80 миллион доллары менен турат
  • Бешинчи орунду канадалык The Weeknd (Эйбел Тесфайе) 57 миллион доллары менен ээледи
  • Америкалык баскетболчу Жеймс Харден 46,4 миллиона доллары менен 6-орунду камсыз кылды. Ал учурда 29 жашта
  • Жетинчи орунга Chainsmokers тобунун солисти, лидери 28 жаштагы Дрю Таггарт 45,5 миллион доллары менен чыкты
  • Сегизинчи орунду мексикалык атактуу боксчу, 28 жаштагы Сауль Альварес 44,5 миллион доллары камсыздады
  • Тогузунчу орунду 27 жаштагы Дерек Карр (америкалык футболчу) 42,1 миллион доллар менен ээледи
  • 25 жаштагы гольфчу Жордан Спит 41,2 миллион доллар каражат таап, рейтингди 10-болуп жыйынтыктады
© AP Photo / Christopher Smith/Invision
Биринчи орунга 21 жаштагы АКШлык модель Кайли Женнер 166,5 миллион доллары менен чыкты

Бул атактууларды күн сайын социалдык тармактардан, телеэкрандан көрөбүз, алар тууралуу кеп кылабыз, балким суктанабыз. Forbes 30га чыга элек жана эң көп акча тапкандардын тизмесин жарыялады.

Басылма рейтинг 2017-жылдын 1-июнунан тарта 2018-жылдын 1-июнуна чейинки кирешесинен төлөгөн салыктар боюнча даярдалган.

Ондуктун башында АКШлык 21 жаштагы модель Кайли Женнер 166,5 миллион доллары менен чыкты. Кыз 900 миллион долларлык Kylie Cosmetics деген аталыштагы компаниянын ээси.

Экинчи орунду британиялык 27 жаштагы Эд Ширан 110 миллион доллары менен ээледи.

Үчүнчү орунга дүйнөдөгү эң кымбатка бааланган бразилиялык футболчу 27 жаштагы Неймар чыкты. Анын тапкан акчасы 90 миллион доллар дешти.

Төртүнчү сапта 28 жаштагы АКШлык ырчы Тейлор Свифт 80 миллион доллары менен турат.

Бешинчи орунга анын кесиптеши жана курбалдашы канадалык The Weeknd (Эйбел Тесфайе) 57 миллион доллары менен чыкты.

Көп акча тапкандардын катарына дагы беш жылдыз — америкалык баскетболчу Жеймс Харден, Chainsmokers тобунун солисти, лидери Дрю Таггарт, мексикалык атактуу бокчу Сауль Альварес, Дерек Карр (америкалык футболчу) жана Жордан Спит (гольф) экендиги айтылды.

Тема боюнча

Жогорку Кеңештин эң бай жана эң кедей депутаттары. Рейтинг
375 миллион доллар тапкан ит... Эң бай беш жаныбардын тизмеси чыкты
Дүйнөнүн эң бай адамы Жефф Безос Кыргызстанда эмне сатып алса болот?
Белгилер:
модель, дүйнө, футболчу, акча, Forbes
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ