02:34 18 Үчтүн айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8493
  • EUR79.5968
  • RUB1.0513
Сүрөт

Эски көздөр... Жээнбеков мурдагы премьер-министрлер менен жолуккан сүрөттөр

Кыскача шилтеме алуу
926 0 0
  • Кыргызстандын 2-премьер-министри менен президент Сооронбай Жээнбеков. Чыңгышев мындан 26 жыл мурда өкмөт башчылык тизгинди колуна алган.
  • Кыргызстандын тарыхында эң көп иштеген премьер-министр Апаc Жумагулов жолугушууга келген 9 экс-өкмөт башчынын бири болду
  • Кыргызстандын 4-премьери Кубанычбек Жумалиев учурда Жогорку Кеңештин депутаты
  • Кыргыз өкмөтүн 1999-2000-жылдары башкарган Амангелди Муралиев менен президент Сооронбай Жээнбеков
  • Удаа премьер-министр болгон аткаминерлер. Феликс Кулов жетекчилик тизгинди Азимбек Исабековго өткөрүп берип, ал кыргыз өкмөтүн болгону бир ай башкарган.
  • Кыргызстандын 6-премьер-министри Амангелди Муралиев
  • Кубанычбек Жумалиев, Турсунбек Чынгышев жана Апас Жумагулов
  • Уй мүйүз тартып отурган береги адамдар кыргыз өкмөтүн башкарып, өлкөнүн өнүгүшүнө, туруктуулугуна жоопкер болгон адамдар. Булардын арасында майнаптуу реформа жүргүзүп, элдин эсинде көпкө сакталып калгандар болгон жок
  • Сүрөттөгү береги эки адам да удаа өкмөт башчы болгондор. Жоомарт Оторбаев министрлер кабинетинин жетекчилик кызматын 2015-жылы жазында Темир Сариевге тапшырган.
  • Бир кездеги эки өкмөт башчы. Президент Жээнбеков премьерликтин тизгинин 2016-жылдын апрель айында Темир Сариевден алган.
  • Экс-премьер-министрлер менен жолуккан президент Жээнбеков алардын Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш учурларда тагдыр чечкен чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышкандыгын айтты. Саясий майдандын чордонунда жүрдүңүздөр. Бардык жагынан мол тажрыйбаңыздар бар, бул олуттуу ресурс өлкө үчүн пайдаланылбай калбаш керек, — деди президент.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргызстандын 2-премьер-министри менен президент Сооронбай Жээнбеков. Чыңгышев мындан 26 жыл мурда өкмөт башчылык тизгинди колуна алган.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда, Жогорку Кеңештин экс-төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен арай көз чарай отуруп кездешти.

Sputnik Кыргызстан жолугушууга келген кыргыз өкмөтүнүн экс-жетекчилеринин жолугушуудагы сүрөттөрүн жарыялайт. Фотолор президенттин маалымат кызматына, Султан Досалиевге таандык.

Мамлекет башчы келечекте сырткы жана ички саясатка тиешелүү түмөндөгөн чакырыктар күтүлүп жатканын белгиледи.

"Сиздер Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш учурларда тагдыр чечкен чечимдерди кабыл алууга түздөн-түз катышкансыздар. Саясий майдандын чордонунда жүрдүңүздөр. Бардык жагынан мол тажрыйбаңыздар бар, бул олуттуу ресурс өлкө үчүн пайдаланылбай калбаш керек", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле мамлекеттин өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги — бири-биринен ажырагыс түшүнүктөр экенин кошумчалады.

Буга чейин Жээнбеков 40ка чукул өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер менен жолуккан.

Тема боюнча

Жээнбеков экс-премьерлер жана экс-спикерлер менен жыйын куруп жатат
Жээнбеков менен жолуккан экс-спикер жана экс-премьерлердин тизмеси
Белгилер:
жолугушуу, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ