Көңүлү көтөрүлгөн көчмөндөр. Бир жумалык тойдун жабылышынан жагымдуу сүрөттөр

Жазылуу
Мөңгү суу толтурулган көөкөр менен тапшырылган эстафета, бий менен коштолгон аскерлердин оркестри, жүрөк толкуткан ата мекендик ырлар, элдин черин жаза бийлеткен дүйнөлүк жылдыздар. Мына ушундай ирмемдер менен Көчмөндөр оюндарнын жабылуу аземи эсте кады.

Мунун баары кызык болуп жатабы, анда Spunik Кыргызстан агенттигинин фотографы Табылды Кадырбеков тарткан сүрөттөр түрмөгү сиздин назарыңызда. 

Ошентип Кыргызстан Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын үчүнчү ирет ийгиликтүү өткөрүп алды. Жабылыш аземи Чолпон-Атадагы ат майданда салтанаттуу түрдө болуп өттү. 

Алгач атчан баатырлар Көчмөндөр оюндарынын туусу менен көөкөргө куюлган мөңгү сууну көтөрүп саxнага алып келишти. Мөңгү суусу олимп оту сыяктуу Көчмөндөр оюндарынын символу болмокчу. Аларды Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнө чыккан Кыргызстандын мыкты спортчулары Нурбек Кожобеков менен Тилек Куралов тосуп алды.

Келсеңиз жыргамаксыз! Көчмөндөр оюну элдин жер чаңыткан бийи менен аяк - Sputnik Кыргызстан
Келсеңиз жыргамаксыз! Көчмөндөр оюну элдин шаңданган бийи менен аяктады
Андан соң саxнага премьер-министр Муxаммедкалый Абылгазиев чыгып мөңгү суу менен тууну колуна алып, Көчмөндөр оюндарынын эстафетасын салтанаттуу түрдө Түркиянын Маданият жана спорт министринин орун басары Хамза Ерликаяга тапшырды. 

Ушуну менен расмий бөлүгү жабылып, ата мекендик жана дүйнөлүк жылдыздар майрамдык маанай тартуулашты. Эл алардын ырын жөн гана угуп отурушкан жок, жүздөгөн эл шатыра-шатман ортого чыгып чер жаза бийлешти.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын өткөрүүгө жалпы жонунан 303 миллион сом сарпталды. Ал эми байге фондунун көлөмү 28 миллион сомду түздү. 

ДКОнун программасына спорттун 37 түрү киргизилген. Анын ичинде 15 мамлекеттин улуттук оюндары бар. 74 өлкөдөн (Россиянын 12 субъектиси) 1976 спортчу келип күчүн сынады. 

Ал эми маданий иш-чаралардын чордону болгон Кырчындагы этно шаарчага 200 миңдин тегерегинде жергиликтүү жана чет элдик коноктор келген. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосу Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын расмий өнөктөшү болду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде мөңгү суу куюлган көөкөр менен тууну атчан баатырлар сахнага алып чыкты. Мөңгү суусу олимп оту сыяктуу Көчмөндөр оюндарынын символу болмокчу.
III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия - Sputnik Кыргызстан
1/12
Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде мөңгү суу куюлган көөкөр менен тууну атчан баатырлар сахнага алып чыкты. Мөңгү суусу олимп оту сыяктуу Көчмөндөр оюндарынын символу болмокчу.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭстафетаны премьер-министр Муxаммедкалый Абылгазиев Түркиянын Маданият жана спорт министринин орун басары Хамза Ерликаяга салтанаттуу түрдө тапшырды.
III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия - Sputnik Кыргызстан
2/12
Эстафетаны премьер-министр Муxаммедкалый Абылгазиев Түркиянын Маданият жана спорт министринин орун басары Хамза Ерликаяга салтанаттуу түрдө тапшырды.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭми 2020-жылы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндары Түркия мамлекетинде өтөт.
III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия - Sputnik Кыргызстан
3/12
Эми 2020-жылы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндары Түркия мамлекетинде өтөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары Кыргызстанда кайра качан өтөрү айтыла элек
III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия - Sputnik Кыргызстан
4/12
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары Кыргызстанда кайра качан өтөрү айтыла элек
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан быйылкы оюндарды өткөрүүгө 303 миллион сом сарптады. Ал эми байге фондунун көлөмү 28 миллион сомду түздү.
III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия - Sputnik Кыргызстан
5/12
Кыргызстан быйылкы оюндарды өткөрүүгө 303 миллион сом сарптады. Ал эми байге фондунун көлөмү 28 миллион сомду түздү.
© Sputnik / Табылды КадырбековДКОнун программасына спорттун 37 түрү киргизилген. Анын ичинде 15 мамлекеттин улуттук оюндары бар.
III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия - Sputnik Кыргызстан
6/12
ДКОнун программасына спорттун 37 түрү киргизилген. Анын ичинде 15 мамлекеттин улуттук оюндары бар.
© Sputnik / Табылды КадырбековМедалдардын саны боюнча Кыргызстан сап башына чыкты. Жалпы жонунан 594 медаль ойнотулган. Анын ичинен алтын — 174, күмүш — 173, коло — 247.
III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия - Sputnik Кыргызстан
7/12
Медалдардын саны боюнча Кыргызстан сап башына чыкты. Жалпы жонунан 594 медаль ойнотулган. Анын ичинен алтын — 174, күмүш — 173, коло — 247.
© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөр оюндарын 56 мамлекеттен келген 604 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырды. Ал эми ата мекендик 70 редакциянын 700дөн ашуун өкүлү иш алып барды.
III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия - Sputnik Кыргызстан
8/12
Көчмөндөр оюндарын 56 мамлекеттен келген 604 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырды. Ал эми ата мекендик 70 редакциянын 700дөн ашуун өкүлү иш алып барды.
© Sputnik / Табылды КадырбековСалтанаттуу азем шаңдуу маанайда өтүп, ага Кыргызстандан Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков баштаган бир катар ырчы, бийчилер катышты.
III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия - Sputnik Кыргызстан
9/12
Салтанаттуу азем шаңдуу маанайда өтүп, ага Кыргызстандан Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков баштаган бир катар ырчы, бийчилер катышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековАл тургай алыскы жана жакынкы чет мамлекеттен дүйнөлүк жылдыздар келген. Алар Германиянын Чыңгыз хан тобу, франциялык ырчы Мурад Бурауи, Эквадордон Лео Рохас, россиялык "Корни" тобу, Румыниядан "Аксент" тобу, өзбекстандык ырчы Озода Нурзаидова, Казакстандан Жанар Дугалова ыр сунуп майрамдык маанай тартуулады.
III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия - Sputnik Кыргызстан
10/12
Ал тургай алыскы жана жакынкы чет мамлекеттен дүйнөлүк жылдыздар келген. Алар Германиянын Чыңгыз хан тобу, франциялык ырчы Мурад Бурауи, Эквадордон Лео Рохас, россиялык "Корни" тобу, Румыниядан "Аксент" тобу, өзбекстандык ырчы Озода Нурзаидова, Казакстандан Жанар Дугалова ыр сунуп майрамдык маанай тартуулады.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭл кеңири тойлосун деп ортону атайын бошотуп берди эле жүздөгөн киши чыгып жер чаңыта бийледи.
III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия - Sputnik Кыргызстан
11/12
Эл кеңири тойлосун деп ортону атайын бошотуп берди эле жүздөгөн киши чыгып жер чаңыта бийледи.
© Sputnik / Табылды КадырбековОшентип сааттын жебеси түнкү 12ни какканда бир жумага созулган Көчмөндөр оюндары өзүнүн эшигин жапты.
III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия - Sputnik Кыргызстан
12/12
Ошентип сааттын жебеси түнкү 12ни какканда бир жумага созулган Көчмөндөр оюндары өзүнүн эшигин жапты.
Жаңылыктар түрмөгү
0