00:19 13 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.7815
  • RUB1.1048
  • Аль-Харам мечити Мекке шаарындагы Каабанын короосунда жайгашкан. Ал дүйнө элине 1570-жылдан бери тааныш.
  • Кипрдеги Лала Мустафа-паша мечити мурун Ыйык Николай чоң чиркөөсү деп аталчу. Ал XIV кылымда курулган.
  • Омандагы эң негизги Султан Кабус мечити. Аны куруу иштери 1995-жылы башталып алты жылга созулган
  • Япониянын борборундагы эң чоң Токио мечити. Ага 1200 адам батат
  • Испаниянын Андалусиясындагы Кордова чоң мечити. Ал орто кылымдарда чоңдугу боюнча дүйнө жүзүндө экинчи орунда турчу. Азыр ал чиркөө катары колдонулуп келет.
  • Күлгүн түстөгү мечит 2014-жылы Филиппинде салынган. Долбоордун авторлорунун пикиринде, күлгүн түс тынчтыкты, сүйүүнү жана түшүнүшүүнүнүн символу.
  • Москва чоң мечити дүйнөдөгү таанымал курулуштардын бири. Анын биринчи имараты 1904-жылы салынып, 2011-жылы түрттүрүлгөн. Ал эми 2015-жылы кайра жаңы салынып колдонууга берилген. Ага бир эле маалда 10 миңге чейин адам кире алат.
  • Ирандагы Шах-Черах мечити XIV кылымда салынган. Ал жер шиит агымындагылардын зыярат кыла турган жайына айланган.
  • Татарстандагы борбордук Кул Шариф мечитинин курулушу 1996-жылы башталган. Ага 10 миңге чейин мусулман батат.
  • Малайзиянын борборунан 20 чакырым алыс жайгашкан суу сактагычтын жанындагы Путра мечити. 1999-жылы салынган, мечитке 15 миңге чейин адам батат.
  • Пакистандагы Вазир-хан мечити XVII кылымда моголдордун императору Шах Жахан башкарып турган маалда курулган.
  • Азыркы Санкт-Петербург шаарынын аймагына мечит куруу маселеси биринчи жолу 1882-жылы көтөрүлгөн. Ошол учурдагы мусулмандардын жетекчиси Тевкелев ички иштер министри Толстойго уруксат сурап кайрылып оң жооп ала алган. Ал мечитке 5 миңге чейин адам жайгаша алат.
© AFP 2019 / Omar Salem
Аль-Харам мечити Мекке шаарындагы Каабанын короосунда жайгашкан. Ал дүйнө элине 1570-жылдан бери тааныш.

Мечит мусулмандардын ибадат кылган жайы. Жер бетинде мечити жок өлкөнү табуу кыйын.

Мечиттерге мусулмандар негизинен жума күнү жана диний майрамдарда көп чогулат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги дүйнөдөгү кооз мечиттердин сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Тема боюнча

Фрунзенин көз жоосун алган фонтандары. Архивдик сүрөттөр
Сууга чөкпөгөн, абада калкыган... Дүйнөдөгү уникалдуу көпүрөлөр
Белгилер:
Сүрөт, архитектура, мусулман, мечит

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ