WEF Global 12: тердеген, ызаланган, чарчаган мушкерлер. Сүрөттөгү эмоциялар

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги эрендердин эрегишкен таймашынан сүрөт түрмөк тартуулайт.

Кечээ борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global 12 эл аралык мелдеши өткөрүлүп, спорт күйөрмандарына 18 беттеш тартууланган.

Жээнбеков атаандашы Тамбени таамай соккондо… Беттештин толук видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков атаандашы Тамбени таамай соккондо… Беттештин толук видеосу
Ал эми турнирдин башкы окуясы болуп оор салмактагы мушкерлер — кыргызстандык Тилек Жээнбеков менен швециялык Малик Тамбенин беттеши болду. Натыйжада Жээнбеков атаандашын биринчи раундда эле техникалык нокаут менен жер каратты

Негизги таймашта кыргызстандык мушкерлер Ринат Саякбаев менен Илимбек Токтогулов WEF ProfFight наамы үчүн күрөшүп, жеңиш аталган уюмдун учурдагы чемпиону Токтогуловго буюрду.

Ошондой эле WEF уюмунун Global лигасында биринчи жолу кыздардын беттеши уюштурулду. Анда кыргызстандык мушкер Барчынай Узгенбаева 61 килограмм салмакта өзбек мушкери Шахида Рахимованы экинчи раундда колду кайруу ыкмасы менен утуп алган.

Мелдешке Орто Азиянын, Россиянын жана Швециянын профессионал спортчулары күч сынашты.

© Sputnik / Табылды КадырбековWEF уюмунун Global лигасында биринчи жолу кыздардын беттеши уюштурулду
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
1/19
WEF уюмунун Global лигасында биринчи жолу кыздардын беттеши уюштурулду
© Sputnik / Табылды КадырбековБарчынай Узгенбаева атаандашын муунтууга аракет кылып жатат. Бирок өзбекстандык Шахида Рахимова моюн берген эмес
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2/19
Барчынай Узгенбаева атаандашын муунтууга аракет кылып жатат. Бирок өзбекстандык Шахида Рахимова моюн берген эмес
© Sputnik / Табылды КадырбековКыздары кыйын кыргыздын! Узгенбаева колду кайруу ыкмасы менен жеңишке жетип, өлкөнүн туусун желбиретти
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
3/19
Кыздары кыйын кыргыздын! Узгенбаева колду кайруу ыкмасы менен жеңишке жетип, өлкөнүн туусун желбиретти
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык Нурлан Курманалиев өзбекстандык Валишер Рахмоновду экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен жеңди
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
4/19
Кыргызстандык Нурлан Курманалиев өзбекстандык Валишер Рахмоновду экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен жеңди
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз мушкери Осман Абдулазизов менен өзбекстандык Жонибек Тураев
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
5/19
Кыргыз мушкери Осман Абдулазизов менен өзбекстандык Жонибек Тураев
© Sputnik / Табылды КадырбековМелдеште адатта соккулар көп болчу эле, бул ирет мушкерлер күрөштүн ыкмасына өтүп, кайруу-толгоо ыкмаларын колдонуп жатты
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
6/19
Мелдеште адатта соккулар көп болчу эле, бул ирет мушкерлер күрөштүн ыкмасына өтүп, кайруу-толгоо ыкмаларын колдонуп жатты
© Sputnik / Табылды КадырбековМелдеште Орто Азиянын, Россиянын жана Швециянын профессионал спортчулары күч сынашты
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
7/19
Мелдеште Орто Азиянын, Россиянын жана Швециянын профессионал спортчулары күч сынашты
© Sputnik / Табылды КадырбековWEF Global 12 турниринин алкагында 18 беттеш тартууланды
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8/19
WEF Global 12 турниринин алкагында 18 беттеш тартууланды
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык Нургазы Балтабаев өзбекстандык атаандашы Фахридин Мардиевди техникалык нокаут менен жеңди
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/19
Кыргызстандык Нургазы Балтабаев өзбекстандык атаандашы Фахридин Мардиевди техникалык нокаут менен жеңди
© Sputnik / Табылды КадырбековТаймашты минтип эл аралык класстагы калыстар тескеп жатты
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10/19
Таймашты минтип эл аралык класстагы калыстар тескеп жатты
© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиялык Ислам Абасов кармаштын 8-секундасында эле казакстандык
Станислав Жукту нокаутка кетирип, элди таң калтырды
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11/19
Россиялык Ислам Абасов кармаштын 8-секундасында эле казакстандык
Станислав Жукту нокаутка кетирип, элди таң калтырды
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз спортуна "Смерч" каймана аты менен таанымал Рамазан Никарамазанов командасы менен октагонго бет алууда
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12/19
Кыргыз спортуна "Смерч" каймана аты менен таанымал Рамазан Никарамазанов командасы менен октагонго бет алууда
© Sputnik / Табылды КадырбековМелдеште "Азия карышкыры" аты менен таанымал казак мушкери Князь Махмудов да күчүн сынады
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13/19
Мелдеште "Азия карышкыры" аты менен таанымал казак мушкери Князь Махмудов да күчүн сынады
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Азия карышкырын" жеңген кыргызстандык Нурлан Токтобакиевдин кубанычында чек чок
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14/19
"Азия карышкырын" жеңген кыргызстандык Нурлан Токтобакиевдин кубанычында чек чок
© Sputnik / Табылды КадырбековКеченин башкы күнөөкөрү — швециялык Малик Тамбе сегиз бурчтукка карай келе жатат
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15/19
Кеченин башкы күнөөкөрү — швециялык Малик Тамбе сегиз бурчтукка карай келе жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековТилек Жээнбеков менен Малик Тамбенин беттешин эл уу-дууга түшүп сүрөп турду
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
16/19
Тилек Жээнбеков менен Малик Тамбенин беттешин эл уу-дууга түшүп сүрөп турду
© Sputnik / Табылды КадырбековТамбе партерге кирип иштейин деди эле, Жээнбеков муштумун узата согуп темтеңдетип койду
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
17/19
Тамбе партерге кирип иштейин деди эле, Жээнбеков муштумун узата согуп темтеңдетип койду
© Sputnik / Табылды КадырбековТилек Жээнбеков акыркы жылдары бокстун ыкмаларына көбүрөөк басым жасоодо
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
18/19
Тилек Жээнбеков акыркы жылдары бокстун ыкмаларына көбүрөөк басым жасоодо
© Sputnik / Табылды КадырбековЖээнбеков жеңүүчү! Швециялык Тамбени биринчи раундда эле баш көтөртпөй, техникалык нокаут менен утту.
Международный чемпионат по кулатуу WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
19/19
Жээнбеков жеңүүчү! Швециялык Тамбени биринчи раундда эле баш көтөртпөй, техникалык нокаут менен утту.
Жаңылыктар түрмөгү
0