Эрегишкен эрендер, алышкан алптар. WEF турниринен сүрөт түрмөгү

Жазылуу
6-мартта борбор калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global 11 эл аралык турнири өттү. Анда 17 беттеш болуп, үчөөндө чемпиондук кур ойнотулду.

WEF Global 11: мушкерлердин аңтара тээп, маңдай жарган соккулары видеодо - Sputnik Кыргызстан
WEF Global 11: мушкерлердин аңтара тээп, маңдай жарган соккулары видеодо
Кыргызстандык Ариет Бекишов (57 кг) чемпиондук курун коргоо үчүн Мырзаммидин Пазылов менен чыгып утулуп калды. Ал эми турнирдин башкы окуясы болуп оор салмактагы мушкерлер — кыргызстандык Тилек Жээнбеков менен украиналык Юрий Проценконун беттеши болду. Натыйжада Жээнбеков жеңүүчү аталды.

Турнирге Орто Азиянын, Россиянын, Украинанын жана Кыргызстандын спортчулары катышты.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭрендердин эр таймашын эл аралык класстагы калыс Садык Аширов тейлеп жатты
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
1/19
Эрендердин эр таймашын эл аралык класстагы калыс Садык Аширов тейлеп жатты
© Sputnik / Табылды КадырбековМушкерлер өздөрү каалаган чолок шымды кийди. Негизи белгилүү спорттук уюмдарда бирдиктүү форма каралган
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
2/19
Мушкерлер өздөрү каалаган чолок шымды кийди. Негизи белгилүү спорттук уюмдарда бирдиктүү форма каралган
© Sputnik / Табылды КадырбековЭки мушкер тең жеңдим деген ойдо желек жамынып туруп алган. Бирок кыргызстандык спортчунун гана колу көтөрүлдү
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
3/19
Эки мушкер тең жеңдим деген ойдо желек жамынып туруп алган. Бирок кыргызстандык спортчунун гана колу көтөрүлдү
© Sputnik / Табылды КадырбековСегиз бурчуктун капталындагы калыстар. Булар кошумча упай да эсептейт
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
4/19
Сегиз бурчуктун капталындагы калыстар. Булар кошумча упай да эсептейт
© Sputnik / Табылды КадырбековЮрий Проценко атаандашы Тилекти жерге жыгып коколоп аткан кези
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
5/19
Юрий Проценко атаандашы Тилекти жерге жыгып коколоп аткан кези
© Sputnik / Табылды КадырбековКайруу, муунтуу, толгоо... мунун баары ММА турниринде каралган
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
6/19
Кайруу, муунтуу, толгоо... мунун баары ММА турниринде каралган
© Sputnik / Табылды КадырбековМушкерлердин колундагы манжалары жок спорттук кол кап — рашгард
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
7/19
Мушкерлердин колундагы манжалары жок спорттук кол кап — рашгард
© Sputnik / Табылды КадырбековЖеңишти камсыздаган Нурлан Курманалиев
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
8/19
Жеңишти камсыздаган Нурлан Курманалиев
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык Муса Юсупов тыныгуу убагында
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/19
Кыргызстандык Муса Юсупов тыныгуу убагында
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык Санжар Ажыбаев менен казак мушкери Санжар Эркиновдун кыл чайнашкан кармашы
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
10/19
Кыргызстандык Санжар Ажыбаев менен казак мушкери Санжар Эркиновдун кыл чайнашкан кармашы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Рико" каймана аты менен таанымал кыргыз спортчусу Ринат Саякбаев дагы маанилүү турнирге катышты
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11/19
"Рико" каймана аты менен таанымал кыргыз спортчусу Ринат Саякбаев дагы маанилүү турнирге катышты
© Sputnik / Табылды КадырбековАлптардын отурганы... 93 килограммдан өйдө салмакта беттешкен кыргызстандык Жыргалбек Чомонов менен казакстандык Николай Ибрагимов
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12/19
Алптардын отурганы... 93 килограммдан өйдө салмакта беттешкен кыргызстандык Жыргалбек Чомонов менен казакстандык Николай Ибрагимов
© Sputnik / Табылды КадырбековЭл күткөн тирештин каарманы Тилек Жээнбеков тайпасы менен октагонго басып келди
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
13/19
Эл күткөн тирештин каарманы Тилек Жээнбеков тайпасы менен октагонго басып келди
© Sputnik / Табылды КадырбековДагы бир каарман Юрий Проценко! Бул жигит сегиз бурчтукка ар дайым бийлеп келет
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14/19
Дагы бир каарман Юрий Проценко! Бул жигит сегиз бурчтукка ар дайым бийлеп келет
© Sputnik / Табылды КадырбековММАди спорт дейбиз... Бирок чектен ашкан да учур болуп кетет. Дене-башы канга боелгон Проценко
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15/19
ММАди спорт дейбиз... Бирок чектен ашкан да учур болуп кетет. Дене-башы канга боелгон Проценко
© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпиондук кур үчүн кармашкан кызуу кармашууга түшкөн Жээнбековдун деле денеси таза чыккан жок
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
16/19
Чемпиондук кур үчүн кармашкан кызуу кармашууга түшкөн Жээнбековдун деле денеси таза чыккан жок
© Sputnik / Табылды КадырбековТөртүнчү раундда жеңишке жеткен Тилек Жээнбековдун сүйүнүчүндө чек жок
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
17/19
Төртүнчү раундда жеңишке жеткен Тилек Жээнбековдун сүйүнүчүндө чек жок
© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү мушкерлердин бири Бусурманкул Абдубаит уулу бир клубда тарбияланган иниси Мырзамидин Пазыловго жана агасы Тилек Жээнбековго жан тартып турган учуру
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
18/19
Белгилүү мушкерлердин бири Бусурманкул Абдубаит уулу бир клубда тарбияланган иниси Мырзамидин Пазыловго жана агасы Тилек Жээнбековго жан тартып турган учуру
© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпиондук курун коргомокчу болгон Ариет Бекишов Мырзамидин Пазыловго утулуп калды
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
19/19
Чемпиондук курун коргомокчу болгон Ариет Бекишов Мырзамидин Пазыловго утулуп калды
Жаңылыктар түрмөгү
0