Россиялык космонавт Арал деңизинин соолуп бараткан сүрөтүн тартып алган

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүВысохшее Аральское море Каракалпакии
Высохшее Аральское море Каракалпакии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал деңиздин суусу кескин түрдө тартылып кеткенин жазган

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Россиялык космонавт Антон Шкаплеров Instagram баракчасына Арал деңизинин космостон тартылган сүрөтүн жарыялады.

Казакстандагы деңиздин ээлеген аянты буга чейин аябай чоң болгон. Бирок XX кылымдын ортосунда дароо соолуп, бир нече чакырым жер какыр аймакка айланган.

Космонавттын жазышынча деңиздин суусу кескин түрдө тартылып кеткен.

Арал деңизи туздуу, 1960-жылдарга чейин чоңдугу боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турган.

Космоско чыккан астронавттар эмнени көрүшөт?

Жаңылыктар түрмөгү
0