Алкынган аргымактар, торпок тарткан эрендер. Аламан улактын кызыктуу кадрлары

Жазылуу
Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында ишкер Жапар Рахматовдун 70 жылдык маарекесине карата аламан улак болуп өттү. Оюнга өлкөнүн алыскы аймактарынан тарта коңшу Тажикстан, Өзбекстандан да келишкен. Улакчылар салмагы 40 килограммдан ашкан торпокту тартып ойношту.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган оюндан тартылган кызыктуу ирмемдерди сунушайт.

Чемпионат Республики Алтай по Кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Аламан улакка түшкөн Жанар Акаев. Оштун Кара-Суусунан тартылган видео
Абанын температурасы —25 градусту көрсөткөн кыштын кыраан суугуна карабай, улакчылар таптаган аргымактарын минип эрендердин эр оюнуна келишкен. Кең жайыкта алкынган тулпарлар ары сүр, бери сүр болуп чуркап жүрүшөт. Жерге түшүп кеткен торпокту жоон билектүү улакчы топтошкон аттарды күлүгү менен жиреп кирип ортодон сууруп чыгып жатты.

Кычыраган кышта улак тартып жаткан балбандардын видеосун да көрө аласыздар.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында ишкер Жапар Рахматовдун 70 жылдык маарекесине карата аламан улак болуп өттү
Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында ишкер Жапар Рахматовдун 70 жылдык маарекесине карата аламан улак болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
1/15
Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында ишкер Жапар Рахматовдун 70 жылдык маарекесине карата аламан улак болуп өттү
© Sputnik / Табылды КадырбековАламан улак өткөрүп жаткандар Оштун Алай районунан болушат. Той ээсинин уулу Акыл Рахматов оюнга өлкөнүн ар тарабынан атактуу улакчылар келгенин айтты
Аламан улак өткөрүп жаткандар Оштун Алай районунан болушат. Той ээсинин уулу Акыл Рахматов оюнга өлкөнүн ар тарабынан атактуу улакчылар келгенин айтты - Sputnik Кыргызстан
2/15
Аламан улак өткөрүп жаткандар Оштун Алай районунан болушат. Той ээсинин уулу Акыл Рахматов оюнга өлкөнүн ар тарабынан атактуу улакчылар келгенин айтты
© Sputnik / Табылды КадырбековОюн талаасынан ары жагы Алай, бери жагы Талас, Нарындан келген улакчыларды күрүүгө болот. Анын арасында коңшу Өзбекстан жана Тажикстандан келген чабандестер да бар.
Оюн талаасынан ары жагы Алай, бери жагы Талас, Нарындан келген улакчыларды күрүүгө болот. Анын арасында коңшу Өзбекстан жана Тажикстандан келген чабандестер да бар. - Sputnik Кыргызстан
3/15
Оюн талаасынан ары жагы Алай, бери жагы Талас, Нарындан келген улакчыларды күрүүгө болот. Анын арасында коңшу Өзбекстан жана Тажикстандан келген чабандестер да бар.
© Sputnik / Табылды КадырбековКычыраган кыш, ызгаар суукка карабай мелдешке келген атчандардын саны 300дөн ашат
Кычыраган кыш, ызгаар суукка карабай мелдешке келген атчандардын саны 300дөн ашат - Sputnik Кыргызстан
4/15
Кычыраган кыш, ызгаар суукка карабай мелдешке келген атчандардын саны 300дөн ашат
© Sputnik / Табылды КадырбековБайге же соорунга эки унаа, токулгасы менен үч ат, 20 төө жана 20 тай коюлган
Байге же соорунга эки унаа, токулгасы менен үч ат, 20 төө жана 20 тай коюлган - Sputnik Кыргызстан
5/15
Байге же соорунга эки унаа, токулгасы менен үч ат, 20 төө жана 20 тай коюлган
© Sputnik / Табылды КадырбековКең жайыкта алкынган тулпарлар ары сүр, бери сүр болуп чуркап жүрүшөт. Жерге түшүп кеткен торпокту жоон билектүү улакчы топтошкон аттарды күлүгү менен жиреп кирип ортодон сууруп чыгып жатты
Кең жайыкта алкынган тулпарлар ары сүр, бери сүр болуп чуркап жүрүшөт. Жерге түшүп кеткен торпокту жоон билектүү улакчы топтошкон аттарды күлүгү менен жиреп кирип ортодон сууруп чыгып жатты - Sputnik Кыргызстан
6/15
Кең жайыкта алкынган тулпарлар ары сүр, бери сүр болуп чуркап жүрүшөт. Жерге түшүп кеткен торпокту жоон билектүү улакчы топтошкон аттарды күлүгү менен жиреп кирип ортодон сууруп чыгып жатты
© Sputnik / Табылды КадырбековОюндун калысы микрофон менен тескеп жатты
Оюндун калысы микрофон менен тескеп жатты - Sputnik Кыргызстан
7/15
Оюндун калысы микрофон менен тескеп жатты
© Sputnik / Табылды КадырбековУлакчылар салмагы 40 килограммдан ашкан торпокту тартып ойношту
Улакчылар салмагы 40 килограммдан ашкан торпокту тартып ойношту - Sputnik Кыргызстан
8/15
Улакчылар салмагы 40 килограммдан ашкан торпокту тартып ойношту
© Sputnik / Табылды КадырбековАламан улак — эзелтен келе жаткан улуттук оюндардын бири. Анда улак жана торпок тартылат
Аламан улак — эзелтен келе жаткан улуттук оюндардын бири. Анда улак жана торпок тартылат - Sputnik Кыргызстан
9/15
Аламан улак — эзелтен келе жаткан улуттук оюндардын бири. Анда улак жана торпок тартылат
© Sputnik / Табылды КадырбековМелдештин бирдиктүү эрежелери каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет. Оюндун калысы алдын ала торпокту же улакты кайсы байгеге кайсы убакта кайсы жерге таштоо керектигин айтат.
Мелдештин бирдиктүү эрежелери каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет. Оюндун калысы алдын ала торпокту же улакты кайсы байгеге кайсы убакта кайсы жерге таштоо керектигин айтат. - Sputnik Кыргызстан
10/15
Мелдештин бирдиктүү эрежелери каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет. Оюндун калысы алдын ала торпокту же улакты кайсы байгеге кайсы убакта кайсы жерге таштоо керектигин айтат.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйрым учурда улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Мисалы алыстан келген конокторго улак тийсин деп ага ашырып берүү үчүн соорун коюлат
Айрым учурда улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Мисалы алыстан келген конокторго улак тийсин деп ага ашырып берүү үчүн соорун коюлат - Sputnik Кыргызстан
11/15
Айрым учурда улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Мисалы алыстан келген конокторго улак тийсин деп ага ашырып берүү үчүн соорун коюлат
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыздар эгин жыйнап, малын короого киргизгенден кийин кыш мезгилинде улак тартып ойногон. Учурда дагы аламан улакты кышында гана ойноп келишет
Кыргыздар эгин жыйнап, малын короого киргизгенден кийин кыш мезгилинде улак тартып ойногон. Учурда дагы аламан улакты кышында гана ойноп келишет - Sputnik Кыргызстан
12/15
Кыргыздар эгин жыйнап, малын короого киргизгенден кийин кыш мезгилинде улак тартып ойногон. Учурда дагы аламан улакты кышында гана ойноп келишет
© Sputnik / Табылды КадырбековУчурда аламан улак Кыргызстандын түштүк регионунда көп уюштурулуп келет. Айыл-айыл болуп шерине сыяктуу өткөрүп жатышканы да белгилүү
Учурда аламан улак Кыргызстандын түштүк регионунда көп уюштурулуп келет. Айыл-айыл болуп шерине сыяктуу өткөрүп жатышканы да белгилүү - Sputnik Кыргызстан
13/15
Учурда аламан улак Кыргызстандын түштүк регионунда көп уюштурулуп келет. Айыл-айыл болуп шерине сыяктуу өткөрүп жатышканы да белгилүү
© Sputnik / Табылды КадырбековАл эми улакты тай казанга ыргытуу сыяктуу бирдиктүү эреже киргизилген көк бөрү оюну 1996-жылдын аягынан бери ойнолот. Аны гениалдуу кинорежиссер Болот Шамшиев ойлоп тапкан
Ал эми улакты тай казанга ыргытуу сыяктуу бирдиктүү эреже киргизилген көк бөрү оюну 1996-жылдын аягынан бери ойнолот. Аны гениалдуу кинорежиссер Болот Шамшиев ойлоп тапкан - Sputnik Кыргызстан
14/15
Ал эми улакты тай казанга ыргытуу сыяктуу бирдиктүү эреже киргизилген көк бөрү оюну 1996-жылдын аягынан бери ойнолот. Аны гениалдуу кинорежиссер Болот Шамшиев ойлоп тапкан
© Sputnik / Табылды КадырбековУчурда бул оюн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан жана Россиянын Алтай жергесинде кеңири жайылууда
Учурда бул оюн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан жана Россиянын Алтай жергесинде кеңири жайылууда - Sputnik Кыргызстан
15/15
Учурда бул оюн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан жана Россиянын Алтай жергесинде кеңири жайылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0