Жаныбызда көрүнбөй жашаган чымчыктар. Өлкөдөгү сейрек кездешкен канаттуулардын сүрөтү

Жазылуу
Сүрөтчү Иван Турковский Sputnik Кыргызстан агенттигине өлкөдөгү сейрек кездешкен чымчыктардын сүрөтүн тартуулады

Адистин айтымында, 15 жылдан бери сүрөтчүлүк менен алектенип келет.

"Алгач курт-кумурскаларды тартып жүрдүм. Адамдарга алардын өңүн, кебетесин көрсөтүүгө абдан кызыкчумун. Кийин кишилерди, тоолорду тартууга өтүп кеттим. Эки жыл мурда канаттууларга кызыга баштагам. Бирок алгачкы күндөрү кайсы чымчык экенин билбей кыйналдым. Качан гана казакстандык орнитологдор менен таанышканда бат эле бул жаатта "адис" болуп кеттим. Кыргызстанда канаттууларды сүйүүчүлөр биригип иш кыла турган интернет-ресурс жок экени өкүндүрөт", — деди фотограф.

Турковский казакстандык кесиптештери менен биргеликте жарым жыл мурда сайт ачкан.

Эми Кыргызстандын фаунасы боюнча китеп жазууну көздөп жатат.

Сүрөттөрдүн бардыгы 2017-жылы тартылган.

© Фото / Иван ТурковскийКыш таранчысы майда балыктар менен тамактанат. Сүрөт Чүй өрөөнүндө тартылган
Редкие птицы, обитающих в Кыргызстане на снимках фотографа Ивана Турковского - Sputnik Кыргызстан
1/14
Кыш таранчысы майда балыктар менен тамактанат. Сүрөт Чүй өрөөнүндө тартылган
© Фото / Иван ТурковскийАары жегич — аты айтып тургандай эле аарылар жана ошол сыяктуу курт-кумурскалар менен тамактанат. Сүрөт июнь айында Чүй облусунун Чоң-Арык айылында тартылган
Редкие птицы, обитающих в Кыргызстане на снимках фотографа Ивана Турковского - Sputnik Кыргызстан
2/14
Аары жегич — аты айтып тургандай эле аарылар жана ошол сыяктуу курт-кумурскалар менен тамактанат. Сүрөт июнь айында Чүй облусунун Чоң-Арык айылында тартылган
© Фото / Иван ТурковскийТибет каргасы — өтө сак, тоолуу аймактарда, деңиз деңгээлинген 2,5-5 миң метр бийиктикте жашайт. Сүрөт Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде ноябрь айында тартылган
Редкие птицы, обитающих в Кыргызстане на снимках фотографа Ивана Турковского - Sputnik Кыргызстан
3/14
Тибет каргасы — өтө сак, тоолуу аймактарда, деңиз деңгээлинген 2,5-5 миң метр бийиктикте жашайт. Сүрөт Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде ноябрь айында тартылган
© Фото / Иван ТурковскийКызыл канат аска чымчыгы — бийиктиги 2,8-3,5 миң метр аска-зоонун арасын байырлайт. Сүрөт июнь айында Соң-Көлгө жакын жерде тартылган
Редкие птицы, обитающих в Кыргызстане на снимках фотографа Ивана Турковского - Sputnik Кыргызстан
4/14
Кызыл канат аска чымчыгы — бийиктиги 2,8-3,5 миң метр аска-зоонун арасын байырлайт. Сүрөт июнь айында Соң-Көлгө жакын жерде тартылган
© Фото / Иван ТурковскийКөк чулдук — суу жээктерин мекендейт. Сүрөт июль айында Соң-Көлдүн жээгинде тартылган
Редкие птицы, обитающих в Кыргызстане на снимках фотографа Ивана Турковского - Sputnik Кыргызстан
5/14
Көк чулдук — суу жээктерин мекендейт. Сүрөт июль айында Соң-Көлдүн жээгинде тартылган
© Фото / Иван ТурковскийГималай жорусу — үч же беш түгөй болуп биригип алып зоолордун арасында жашашат. Сүрөт май айында Чүй облусунун Чуңкурчак капчыгайынан тартылган
Редкие птицы, обитающих в Кыргызстане на снимках фотографа Ивана Турковского - Sputnik Кыргызстан
6/14
Гималай жорусу — үч же беш түгөй болуп биригип алып зоолордун арасында жашашат. Сүрөт май айында Чүй облусунун Чуңкурчак капчыгайынан тартылган
© Фото / Иван ТурковскийКөк карга — келгин куш, уясын бактын үстүнө дагы, жерге дагы сала берет. Сүрөт Бишкектен анча алыс эмес жерде июнь айында тартылган
Редкие птицы, обитающих в Кыргызстане на снимках фотографа Ивана Турковского - Sputnik Кыргызстан
7/14
Көк карга — келгин куш, уясын бактын үстүнө дагы, жерге дагы сала берет. Сүрөт Бишкектен анча алыс эмес жерде июнь айында тартылган
© Фото / Иван ТурковскийБалта жутар — орточо салмагы 6,5 килограммга, канаттарынын узундугу үч метрге жетет. Негизинен сөөк менен тамактанат. Сүрөт Ысык-Көл облусунда декабрда тартылган
Редкие птицы, обитающих в Кыргызстане на снимках фотографа Ивана Турковского - Sputnik Кыргызстан
8/14
Балта жутар — орточо салмагы 6,5 килограммга, канаттарынын узундугу үч метрге жетет. Негизинен сөөк менен тамактанат. Сүрөт Ысык-Көл облусунда декабрда тартылган
© Фото / Иван ТурковскийБабырган — майда чымчык, курт-кумурска, кемирүүчү, кескелдирик, айтор, алдынан чыккан жандыктарды жей берет. Үйдүн чатырында, көпүрөнүн алдында, таштын арасында жашай алат. Сүрөт Чоң-Арык айылында август айында тартылган
Редкие птицы, обитающих в Кыргызстане на снимках фотографа Ивана Турковского - Sputnik Кыргызстан
9/14
Бабырган — майда чымчык, курт-кумурска, кемирүүчү, кескелдирик, айтор, алдынан чыккан жандыктарды жей берет. Үйдүн чатырында, көпүрөнүн алдында, таштын арасында жашай алат. Сүрөт Чоң-Арык айылында август айында тартылган
© Фото / Иван ТурковскийАк куу — келгин куш, айланасында камышы көп көлдөрдө жашайт. Сүрөт декабрда Ысык-Көлдө тартылган
Редкие птицы, обитающих в Кыргызстане на снимках фотографа Ивана Турковского - Sputnik Кыргызстан
10/14
Ак куу — келгин куш, айланасында камышы көп көлдөрдө жашайт. Сүрөт декабрда Ысык-Көлдө тартылган
© Фото / Иван ТурковскийСуу бүркүт — балыгы бар суулардан анча алыс эмес аймактарды байырлайт. Сүрөт ноябрь айында Чүй облусунун Озерное айылына жакын жерде тартылган
Редкие птицы, обитающих в Кыргызстане на снимках фотографа Ивана Турковского - Sputnik Кыргызстан
11/14
Суу бүркүт — балыгы бар суулардан анча алыс эмес аймактарды байырлайт. Сүрөт ноябрь айында Чүй облусунун Озерное айылына жакын жерде тартылган
© Фото / Иван ТурковскийКооз короолу — ийне жалбарактуу токойлордо кездешет. Сүрөт Чүй облусунун Кашка-Суу капчыгайында тартылган
Редкие птицы, обитающих в Кыргызстане на снимках фотографа Ивана Турковского - Sputnik Кыргызстан
12/14
Кооз короолу — ийне жалбарактуу токойлордо кездешет. Сүрөт Чүй облусунун Кашка-Суу капчыгайында тартылган
© Фото / Иван ТурковскийСары моюн короолу — ийне жалбарактуу токойлордо жашап, бактын тамырлары менен тамактанат. Сүрөт Бишкектен анча алыс эмес жайдан ноябрь айында тартылган
Редкие птицы, обитающих в Кыргызстане на снимках фотографа Ивана Турковского - Sputnik Кыргызстан
13/14
Сары моюн короолу — ийне жалбарактуу токойлордо жашап, бактын тамырлары менен тамактанат. Сүрөт Бишкектен анча алыс эмес жайдан ноябрь айында тартылган
© Фото / Иван ТурковскийФламинго — Кыргызстанда кышында же чымчыктар жер которуп жаткан мезгилде кездешет. Сүрөт Ысык-Көлдүн жээгинен декабрь айында тартылган
Розовый фламинго на берегу озера Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
14/14
Фламинго — Кыргызстанда кышында же чымчыктар жер которуп жаткан мезгилде кездешет. Сүрөт Ысык-Көлдүн жээгинен декабрь айында тартылган
Жаңылыктар түрмөгү
0