Кыргыздар жана Түркстан эли британиялык саякатчынын сүрөтүндө. 1880-жылдагы кадрлар

Жазылуу
XIX кылымдын экинчи жарымында британиялык саякатчы жана жазуучу Генри Лансдейл азыркы Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Батыш Кытайдын аймагын камтыган Түркстанга келип кеткен. Жарым жылдан ашуун убакыт ичинде ал бир топ кызыктуу сүрөттөрдү тарткан. Кайталангыс кадрларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрө аласыз.

1885-жылы Лондондо жазуучу Генри Лансдейл "Орус Борбор Азия" деген китеп чыгарып, анда Борбор Азияга болгон сапарын сүрөттөп берген. Саякат 1882-жылдын июнунан декабрына чейин уланып, 179 күнгө созулган.

Кыргыз мамелкеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) студенттери, 1973-жыл. - Sputnik Кыргызстан
Апаңды таба аласыңбы? ХХ кылымдын аягындагы Кыргыз ССРинде окуган студенттер
Лансдейл поезд, кеме, атчан жана төө минип саякаттаган. Ал Семипалатинск (Казакстан), Ош (Кыргызстан), Кулжа (Кытай), Ташкент, Кокон, Самарканд, Карши, Бухара, Хива (Өзбекстан), Мерв (Түркмөнстан) жана башка ошол кездин ири шаарларын кыдырып чыккан.

Британиялык саякатчы өз байкоолорун тыкыр иликтөө жана адистердин пикири, ошондой эле уникалдуу сүрөттөр менен бекемдеген. Ал кадрлар ушу күнгө чейин сакталып калды. Сүрөттөр жапырт пайдалануу үчүн Flickr фоторесурсуна жана Internet Archive электрондук китепканага коюлса, китептин сканерленген түрү Висконсин университетинин китепканасында сакталып турат.

CC0 / Internet Archive Book Images / Harold B. Lee LibraryАлайык кыргыз келин. Лансдейл аялды шаарга жарманкеге бараткан жеринен кезиктиргенин жазган
Кадры британского путешественника и писателя Генри Лансдейл в Туркестане - Sputnik Кыргызстан
1/14
Алайык кыргыз келин. Лансдейл аялды шаарга жарманкеге бараткан жеринен кезиктиргенин жазган
CC0 / Internet Archive Book Images / Harold B. Lee LibraryКөчмөн кыргыз үй-бүлөсү Сары-Камышка көчүп баратат. Оштун Кара-Кулжа районунда жайгашкан бул аймактын аталышы азыр деле ушундай
Кадры британского путешественника и писателя Генри Лансдейл в Туркестане - Sputnik Кыргызстан
2/14
Көчмөн кыргыз үй-бүлөсү Сары-Камышка көчүп баратат. Оштун Кара-Кулжа районунда жайгашкан бул аймактын аталышы азыр деле ушундай
CC0 / The British Library / LANSDELL, Henry.Кыргыз. Сүрөт 1882-жылы тартылган
Кадры британского путешественника и писателя Генри Лансдейл в Туркестане - Sputnik Кыргызстан
3/14
Кыргыз. Сүрөт 1882-жылы тартылган
CC0 / Internet Archive Book Images / Harold B. Lee LibraryАскерлердин Самарканддагы машыгуусу
Кадры британского путешественника и писателя Генри Лансдейл в Туркестане - Sputnik Кыргызстан
4/14
Аскерлердин Самарканддагы машыгуусу
CC0 / Internet Archive Book Images / Harold B. Lee LibraryШахрисабз чеби. Сүрөтчү бул сүрөттү Бухара эмири менен жолугушуудан кийин тартып алган
Кадры британского путешественника и писателя Генри Лансдейл в Туркестане - Sputnik Кыргызстан
5/14
Шахрисабз чеби. Сүрөтчү бул сүрөттү Бухара эмири менен жолугушуудан кийин тартып алган
CC0 / Internet Archive Book Images / Harold B. Lee LibraryАлтын Ордо ханы Өзбектин кызы Төрөбек-ханымдын мавзолейи
Кадры британского путешественника и писателя Генри Лансдейл в Туркестане - Sputnik Кыргызстан
6/14
Алтын Ордо ханы Өзбектин кызы Төрөбек-ханымдын мавзолейи
CC0 / Internet Archive Book Images / Lansdell, Henry, 1841-1919 Lansdell, Henry, 1841-1919, inscriber. insХива хандыгын 1864-1910-жылдар аралагында башкарып келген Мухаммад Рахим-хан II. Ал өзбектердин кунграт династиясынан чыккан 11-башкаруучу
Кадры британского путешественника и писателя Генри Лансдейл в Туркестане - Sputnik Кыргызстан
7/14
Хива хандыгын 1864-1910-жылдар аралагында башкарып келген Мухаммад Рахим-хан II. Ал өзбектердин кунграт династиясынан чыккан 11-башкаруучу
CC0 / Internet Archive Book Images / Lansdell, Henry, 1841-1919 Lansdell, Henry, 1841-1919, inscriber. insБухара эмири Сейд Мухаффар ад-дин
Кадры британского путешественника и писателя Генри Лансдейл в Туркестане - Sputnik Кыргызстан
8/14
Бухара эмири Сейд Мухаффар ад-дин
CC0 / The British Library / LANSDELL, Henry.Түркмөнстандын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Мерв шаарын басып алууну сүйлөшүп жаткан төрт эмир
Кадры британского путешественника и писателя Генри Лансдейл в Туркестане - Sputnik Кыргызстан
9/14
Түркмөнстандын түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Мерв шаарын басып алууну сүйлөшүп жаткан төрт эмир
CC0 / Internet Archive Book Images / Lansdell, Henry, 1841-1919 Lansdell, Henry, 1841-1919, inscriber. insСамарканддын 1882-жылы тартылган сүрөтү
Кадры британского путешественника и писателя Генри Лансдейл в Туркестане - Sputnik Кыргызстан
10/14
Самарканддын 1882-жылы тартылган сүрөтү
CC0 / Internet Archive Book Images / Lansdell, Henry, 1841-1919 Lansdell, Henry, 1841-1919, inscriber. insБухарадагы медресе. Абдулазизхан башкаруучунун ысымы ыйгарылган
Кадры британского путешественника и писателя Генри Лансдейл в Туркестане - Sputnik Кыргызстан
11/14
Бухарадагы медресе. Абдулазизхан башкаруучунун ысымы ыйгарылган
CC0 / Internet Archive Book Images / Lansdell, Henry, 1841-1919 Lansdell, Henry, 1841-1919, inscriber. insБухара шаарынын ошол кездеги эң бир кооз деп эсептелген аймагы Ляби-Хауз көлмөсү
Кадры британского путешественника и писателя Генри Лансдейл в Туркестане - Sputnik Кыргызстан
12/14
Бухара шаарынын ошол кездеги эң бир кооз деп эсептелген аймагы Ляби-Хауз көлмөсү
CC0 / Internet Archive Book Images / Lansdell, Henry, 1841-1919 Lansdell, Henry, 1841-1919, inscriber. insАзыркы Түркмөнбашы — Түрмөнстандын батышында жайгашкан шаар. Лансдейлдин саякаты маалында калаа Красноводск деп аталып, бул аталышты 1993-жылга чейин алып жүргөн
Кадры британского путешественника и писателя Генри Лансдейл в Туркестане - Sputnik Кыргызстан
13/14
Азыркы Түркмөнбашы — Түрмөнстандын батышында жайгашкан шаар. Лансдейлдин саякаты маалында калаа Красноводск деп аталып, бул аталышты 1993-жылга чейин алып жүргөн
14/14
Бухарадагы музыканттар
Жаңылыктар түрмөгү
0