10:18 18 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Сүрөт

Зыңкыйган, жүдөгөн Сүймөнкул Чокморов. 40 жыл илгери чыккан "Уландын" сүрөттөрү

Кыскача шилтеме алуу
695 0 0
  • Соң-Көл жайлоосунда боз үйдүн ичинде кино тартылып жаткан ирмемдер
  • Башкы ролдордогу Кыргыз ССРинин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен кино жылдызы Наталья Аринбасарова
  • Мүрзөдө тартылган эпизоддордун кадр артындагы көрүнүшү
  • Улан фильми алгач Фрунзеде, андан соң Москвада көрүүчүлөрдүн назарына сунушталган
  • Соң-Көл жайлоосунда башкы каарман Азаттын эскерүүсүн тартуу учуру
  • Фильмде белгилүү кыргыз жана советтик актерлор роль жараткан
  • Тасмада Азаттын ролун аткарган Сүймөнкул Чокморов менен ойношунун образын жараткан Жамал Сейдакматова
  • Уландын режиссеру Төлөмүш Океев жана башкы каарман Сүймөнкул Чокморов
  • Азаттын аялы Гүлсаранын ролун аткарган Наталья Аринбасарова
  • СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев менен актер Вацлав Дворжецкий кино тартуу маалында
  • Сүймөнкүл Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн эл аралык эки фестивалда сыйлыкка татыган
© Фото / Александр Федоров
Соң-Көл жайлоосунда боз үйдүн ичинде кино тартылып жаткан ирмемдер

Кырк жыл мурда ушул маалда көрүүчүлөрдүн назарына "Улан" тасмасы сунушталган. Көпчүлүктүн эсинде калган фильмди жаратуудагы ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттиги тартуулайт.

Тасманы режиссер Төлөмүш Океев тарткан. Анда ичкиликке берилип үй-бүлөсү, жумушунан айрылып, соңунда түрмөгө камалган адамдын тагдыры көрсөтүлөт. Фильмдин көпчүлүк бөлүгү Ысык-Көл жээгинде тартылган.

Көркөм тасмада башкы ролду Сүймөнкул Чокморов менен Наталья Аринбасарова аткарып, Советбек Жумадылов, Асанкул Куттубаев, Геннадий Базаров, Жамал Сейдакматова, Асанбек Умуралиевдер да катышкан.

Көпчүлүк кино сүйүүчүлөрдүн купулуна толгон эмгек бир катар эл аралык сыйлыктарды багындырган. 1978-жылы Еревандагы Бүткүл союздук XI кинофестивалда Төлөмүш Океев мыкты режиссёрдук иши жана Сүймөнкүл Чокморов эркектин ролун өтөсүнө чыгара аткаргандыгы үчүн сыйлыкка ээ болушкан. Андан сырткары, Ташкенттеги V Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалында ошол эле номинацияларды жеңген.

Тема боюнча

Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй
Океев 80ге чыкмак. Кыргыз керемети, же бүтүндөй доорду кучагына алган бир сап
Белгилер:
архив, актер, кино тасма, Сүрөт, кино, "Улан" тасмасы, Наталья Аринбасарова, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ