13:13 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8460
  • EUR77.1205
  • RUB1.0841
Сүрөт

Кыргызстандын алгачкы басмаканасына 91 жыл толду. Архивдик сүрөттөр

Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
19710
  • Окурмандар 1929-жылы Кыргызмамбасылмасынын китеп дүкөнүндө
  • Өткөн кылымдын 50-жылдарында окуу китептерди версткалоо иши
  • Пишпек типографиясынын кызматкерлери
  • Басмакананын кызматкерлери даяр китептерди текшерип жатат
  • Текст терүү процесси
  • Фрунзе шаарындагы №1 республикалык басмакананын кызматкерлери иш үстүндө
  • Жабдууну оңдоо иши
  • Басмакананын текст терүү цехи
  • Кыргызмамбасылмасынын 1928-жылдагы имараты
  • Басмакананын офсет цехинин фото бөлүмү 1970-жыл
  • Басмакана жыл сайын кыргыз жана орус тилинде миллионго жакын китеп басып чыгарган
  • Мекеме китеп менен өлкөнү толугу менен камсыздай алган.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
Окурмандар 1929-жылы Кыргызмамбасылмасынын китеп дүкөнүндө

Өлкөдө эң биринчи китеп басып чыгарган мекеме 1926-жылы 30-сентябрда ачылган. Ал республикадагы окурмандарды окуу китептери, адабияттар менен камсыз кылуу милдетин аткарган. Бул тарыхый датага байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги архивдик ирмемдерди сунуштайт.

Открытие первого агентства центрального государственного архива в КР
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
Кыргыз автономдуу облусунун Аткаруу комитети 1926-жылы 30-сентябрда Кыргызстан мамлекеттик басылмасынын уставын бекиткен. Ачылган басмакананын ишин илгерилетүүгө Алматы, Ташкент шааарынан келген тажрыйбалуу адистер жардамдашкан. Бул аракеттер элди билим алууга, кыргыз элинин улуттук адабиятын өз жеринде өнүктүрүүгө жол ачкан.

Басмакана башында негизинен советтик идеологияга ыктаган окуу китептерди, чыгармаларды басып чыгара баштаган. Андан соң кыргыз акын-жазуучуларынын эмгектерин жана чет элдик жазуучулардын чыгармаларын миңдеген нуска менен окурмандарга сунуштаган.

Тема боюнча

Кыргызстандын ХХ кылымдагы окуу жайлары. Сүрөттөгү тарых
Белгилер:
басмакана, Сүрөт, китеп, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ