12:05 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Сүрөт

Эл башчы Турдакун Усубалиевдин дүйнө салганына эки жыл болду. Архивдик сүрөттөр

Кыскача шилтеме алуу
31310
  • Турдакун Усубалиев Фрунзе шаарында жазуучу Максим Горькийдин эстелигин ачуу салтанатында сүйлөп жатат
  • Усубалиев Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана Армениянын кинематографисттер союзунун биринчи катчысы Калонтарь менен. Фрунзе 1976-жыл
  • Турдакун Усубалиев Манас аба майданынын ачылышында
  • Усубалиев башында турган Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин жетекчилери Күрп-Сай ГЭСинин курулушу менен таанышып жаткан учуру
  • Кыргыз ССРинин Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө Владимир Ильич Лениндин эстелигин ачып жатат. Фрунзе 1980-жыл
  • Турдакун Усубалиев кезектеги юбилейинде замандаштары, шакирттерди, аны сыйлаган мекендешери менен
  • Кыргызстанды 24 жыл башкарган мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 96 жаш курагында дүйнө салды. Ал узакка созулган оорудан улам 2015-жылы 6-сентябрдан 7сине караган түнү көз жумган
  • Мамлекеттик ишмерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектин Ала-Тоо аянтында 9-сентябрь күнү өттү. Улуттук Гвардиянын офицерлери ардак кароолдо турушат
  • Зыйнатка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, экс-президент Роза Отунбаева, ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева, Бишкек шаарынын ошол кездеги мэри Кубанычбек Кулматов, ошондой эле бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышкан.
  • Усубалиев менен коштошууга келген кыргызстандыктар
  • 2016-жылдын 11-ноябрында Бишкектин борборундагы Эмен багында Кыргызстанды чейрек кылым башкарган саясий жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды
  • Салтанаттуу иш-чарага катышкан премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Эл баатырынын эстелигине гүлчамбар коюп жаткан учуру
Предоставлено Центральным Госархивом КР
Турдакун Усубалиев Фрунзе шаарында жазуучу Максим Горькийдин эстелигин ачуу салтанатында сүйлөп жатат

Кыргызстанды чейрек кылымга жакын башкарган мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев мындан эки жыл мурун 7-сентябрда 96 жаш курагында түбөлүк жайга узаган.

Усубалиев Кыргызстанды жетектеп турган жылдары өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп, мамлекеттик кызматчылардын бир нече муунун тарбиялаган. Улуу инсандын шакирттери жана кыргызстандыктар анын эң башкы эмгектеринин бири катары ошол кездеги Фрунзе, азыркы Бишкектеги бир катар ири курулуштарды түптөгөндүгүн айтып келишет.

Ал үч Ленин ордени, Октябрь революциясынын ордени, Кызыл Туу ордени, Достук ордени жана биринчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Тема боюнча

Бишкекте саясий жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды
Белгилер:
жетекчи, архив, Турдакун Усубалиев
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ