01:03 23 Аяк оона 2017
Түз эфир
Сүрөт

Финполдун жаңы кызматкерлери салтанаттуу ант беришти. Иш-чарадагы ирмемдер

Кыскача шилтеме алуу
256 0 0
  • Сынактан өткөн 26 жаш кызматкер ант берди.
  • Өздүк курамдын кесиптик даярдыгын көрсөтүү учуру.
  • Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов жаш кесиптештерин куттуктады.
  • Жумушка жаңы алынган кызматкерлер мекеменин Чүй облустук башкармалыгында эмгектенишет.
  • Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын офицерлери.
  • Ыкчам топ кылмышка шектүүнү атайын операция учурунда кармады.
  • Кызматкер салтанаттуу ант берүү аземинде.
  • Мекеменин мыкты кызматкерлерине сыйлык тапшырылды.
  • Ант берүү аземиндеги ирмем
  • Иш-чарага финполдун ардагерлери, өздүк курам, Коопсуздук кеңеши менен өкмөттүн өкүлдөрү катышты.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Сынактан өткөн 26 жаш кызматкер ант берди.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жаңы офицерлери ант беришти.

Укук коргоо органдарына атайын сынактан өтүп тандалып алынган 26 кызматкер салтанаттуу ант берди. Ага Финансы полициясынын жетекчилиги, ардагерлер, өздүк курам жана Коопсуздук кеңеши менен өкмөттүн өкүлдөрү катышты.

Анда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов жаш адистерге жумуштагы жоопкерчилик тууралуу кеп салды.

"Финансы полициясында эмгектенүү ардактуу жана жоопкерчиликтүү иш. Себеби коомчулук менен бийлик бизге чоң үмүт артат", — деди Осмонов.

Иш-чарада мамлекеттик кызматтын офицерлеринин кесиптик даярдыгы көрсөтүлүп, мыкты кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Кошумчалай кетсек, жумушка жаңы алынгандар Финансы полициясынын Чүй облустук башкармалыгында иштей башташат.

Тема боюнча

"Тазалыкчылар" Бишкекти таң атпай кантип кулпуртат. Жумушчулар иш үстүндө
Белгилер:
ант берүү, финансы полициясы, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ