23:52 19 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Сүрөт

Көз талдырган Бишкектеги "Оймо" фестивалы сүрөттө

Кыскача шилтеме алуу
274 0 0
  • Кыргызстанда эл аралык Оймо фестивалы өтүп жатат
  • Көргөзмө-жарманкеге түрдүү мамлекеттен келген 150дөн ашык кол өнөрчү катышып, өз эмгектерин сунуштады
  • Мыкты уз-чеберлер жаштарга кол өнөрчүлүктүн өзгөчүлүгүн көрсөтүп беришет
  • Фестивалдын максаты — кол өнөрчүлүктү колдоо жана өнүктүрүү
  • Көргөзмөдөн кийиз, чопо, жибек, жыгачтан жасалган түрдүү буюмдарды табасыз
  • Фестивалдын алкагында жаштар көркөм жана экологиялык акцияларды уюштурат
  • Көргөзмө күлкү-шаң менен коштолууда
  • Фестивалдын ачылышында кымча бел кыздар бийлеп, өнөрүн тартуулады
  • Көпчүлүк туркомпаниялар Оймо фестивалын өздөрүнүн календарына киргизип, туристтер үчүн ыңгайлуу шарт түзгөнгө аракет кылат
  • Бишкекте фестиваль 27-30-июль күндөрү, Курманжан датканын эстелигинин алдында өтөт
  • Фестиваль Ысык-Көлдө уланат
  • Чолпон-Атадагы фестиваль 1-6-августка чейин болот
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда эл аралык "Оймо" фестивалы өтүп жатат

Бишкек шаарында эл аралык "Оймо" фестивалы өтүп жатат, ал 2006-жылдан бери жылыга уюштурулат

Иш-чара салтка айлангандай Бишкекте башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланат. Көргөзмө-жарманкеге түрдүү мамлекеттен келген 150дөн ашык кол өнөрчү катышып, өз эмгектерин сунуштады. Бул жерден кийизден, чоподон, жибектен, жыгачтан жасалган түрдүү буюмдарды тапсаңыз болот.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосу "Оймо" фестивалынын маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.

Тема боюнча

Бишкекте "Оймо-2017" эл аралык фестивалы эшигин ачты
Азербайжан Кыргызстандагы жаш үй-бүлөлөрдү фестивалга катышууга чакырды
"Ала-Тоо таңшыйт" фестивалы: ырдап-чоордоп тим болбой, Ысык-Көлдү тазалай кетели
Белгилер:
фестиваль, Международный фестиваль "Оймо"
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ