Германиянын курама командасы Конфедерация кубогун жеңип алды.
Нарын облусунун Ат-Башы районунда шырдак фестивалы өтүп, "Чебер колдор" коомдук бирикмеси диаметри 10 метр болгон тегерек шырдакты көрүүчүлөргө тартуулады.Аргентинанын Росарио шаарында футболчу Лионель Месси ашыгы Антонелла Рокуццо менен баш кошту.
Россиянын президенти Владимир Путин Крымдагы балдардын "Артек" эл аралык борборуна барды. Ал эми Индиянын премьер-министри Нарендра Моди АКШ президенти Дональд Трамп менен жолукту.
Кытайдын Шэньянь шаарында (Ляонин провинциясы) "Эң көркөм жамбаш" конкурсу өттү.