04:11 23 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Сүрөт

Апта ирмеми: бука челип ажал тапкан кишиден жолго чыккан түркүккө чейин

Кыскача шилтеме алуу
101011
  • Эл аралык эмгек уюмунун маалыматы боюнча 50 миңге чукул кыргызстандык өспүрүм үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн саламаттыгын тобокелге салып таштанды таштоочу жана мал союучу жайларда иштейт
  • Жасалгаланган жүк ташуучу унаадагы жүгөрү салынган каптар. Эски унааны ээси аны Пакистандын жолдорунда алып бара жатат
  • Россия күнүнө арналган концертти жана майрамдык салютту көрүү үчүн Кызыл аянтка 30 миңден ашуун адам келди
  • Бишкекте дүйшөмбү күнү республикалык IV театр фестивалынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара Ала-Тоо аянтындагы шаңдуу жүрүш менен башталды
  • Шаршембинин түнүндө Лондондогу 24 кабаттуу үйдөн өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кеткен. Мындан 30га чукул адам каза тапкан. Өрт өчүрүү кызматынын маалыматына ылайык, кырсыктан 120 үй-бүлө жабыркап, 58 адам дайынсыз болууда
  • Пхеньянда Тэдун дарыясындагы кайык ресторанынын кызматкерлери. Кыздар мекеменин ачылышын күтүп турат
  • Индиянын Барсана шаарындагы шахтада көмүргө бууланган кызматкерлер
  • Россия президенти Владимир Путин Түз байланышта төрт саат бою журналисттердин 73 суроосуна жооп берди. Путин мындай программа коомчулук менен жакын мамиледе болууга шарт түзөрүн белгиледи
  • Акробат Эрендира Валленда Ниагара шаркыратмасынан 90 метр бийиктикте өнөрүн тартуулады. Муну ал жолдошу жараткан рекорддун беш жылдыгына карата аткарган. Жолдошу америкалык цирк артисти, акробат, Ник Валленда 2012-жылы 15-июнда ушул шаркыратманын үстүнөн тартылган арканда басып өтүп Гиннестин рекорддор китебине кирген.
  • Global vape — 2017 vape-индустриясынын атайылаштырылган көргөзмөсүнүн катышуучусу Москвадагы Крокус Экспо эл аралык көргөзмө борборунда
  • Борбор калаадагы Фатьянов көчөсүндө электр зымы тартылган түркүк жолдун дээрлик ортосунда турат. Мэриянын маалымат кызматы жолду оңдоо иштери уланып жатканын, ал эми түркүктү Бишкек телефон станциясынын кызматкерлери жолдун жээгине көчүрүп, кайра орнотушаарын билдирди
  • Мигранттар жана качкындар куткаруучу кеменин үстүндө бара жатат. Бейшемби күнү Испаниянын жээк күзөтчүлөрү кайык менен Жер ортолук деңизге өтүүнү көздөгөн ливиялык 600 мигрантты куткарып калышкан
  • Португалия командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Конфедерация кубогу — 2017 оюнуна чыгуу алдында машыгууда. Алар Казанда мексикалык команда менен беттешет
  • Теле алып баруучу Виктория Лопырева Санкт-Петербургдагы Конфедерация кубогу — 2017 оюнунун ачылыш аземинде
  • Каракаста Жогорку соттун имаратынын алдында нааразычылыкка чыккан жаран Венесуэланын улуттук желегин көтөрүп турат. Имарат президент Николас Мадурого каршы чыккан митингчилер тарабынан өрттөлгөн
  • Аты чыккан матадор Иван Фандиньону Францияда оюн учурда бука челип каза тапты. 36 жаштагы матадор жаза басып жыгылып кеткен. Ошол учурда бука чуркап келип челгенде өпкөсүнөн катуу жаракат алган. Ал дароо ооруканага жеткирилгени менен дарыгерлер сактап кала алган эмес
  • Чуңкурчак капчыгайындагы фестивалда бөбөгүн ойнотуп жаткан бийкеч
  • Йемендин 8 жаштагы жашоочусу Имран Фарадж ачарчылыктан жабыркап Ходейд шаарындагы ооруканада отурат
  • Португалияда кең токой өрттөнүп каза болгондордун саны 60ка жетип, ондогон адамдар жабыркаган. Бул сандар Португалияда соңку он жыл ичинде токойдон чыккан өрттөн каза тапкандардын эң көбү болуп калды.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эл аралык эмгек уюмунун маалыматы боюнча 50 миңге чукул кыргызстандык өспүрүм үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн саламаттыгын тобокелге салып таштанды таштоочу жана мал союучу жайларда иштейт

Sputnik Кыргызстан узаган жумада дүйнө жүзүндө болуп өткөн эң маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Чуңкурчак капчыгайында көчмөндөрдүн фестивалы болуп өттү.

Лондондо 24 кабаттуу үйдөн өрт чыгып 30га чукул адам каза таап, 58 адам дайынсыз болууда.

Акробат Эрендира Валленда Ниагар шаркыратмасынан 90 метр бийиктикте өнөрүн тартуулады. Ал күйөөсүнүн ушул шаркыратмадан биринчи жолу аркан үстүндө басып өткөнүнүн беш жылдыгына карата аткарган.

Россия күнүнө карата Москвада Кызыл аянтта өткөн концертти жана майрамдык салютту көрүү үчүн 30 миңден ашуун адам келди.

Тема боюнча

Чүмбөттөлгөн бет, туурулган кол. Шаардагы таштанды жайда иштеген балдар
Бишкекте Театр фестивалы өтүп жатат. Программа
Белгилер:
апта ирмеми, фестиваль, Өрт, Конфедерация кубогу
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ