08:35 23 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Сүрөт

Кылтылдаткан кыл көпүрөлөр кайсы жерде? Бишкектеги кооптуу өтмөктөр

Кыскача шилтеме алуу
171 0 0
  • Чүй — Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн тосмосунун теңи жол кырсыгынан улам сынып калган. Бирок мэрия тосмону кайра улантып салбай эле оңой кутулуп, кесип салган. Жөө жүргүнчүлөр үчүн бир топ эле кооптуу көрүнөт
  • Ушул эле көчөнүн күн батыш тарабындагы көпүрөнүн тосмосунун да теңи жок. Жөө адамдардын коопсуздугун эч ким эске ала элек сыяктуу
  • Бакай-Ата конушуна кирип бара жаткан жердеги көпүрөнүн эки жагы тосулган, бирок көпүрө өтө эле ылдый жайгашкан. Кокустан суу көп келсе абайлаш керек дейт жергиликтүү тургундар
  • Чүй — Ауэзов көчөлөрүндөгү дагы бир каналдын көпүрөсүнүн эки жагында тең тосмо жок
  • Маевка конушундагы Мидин жана Насыйкат көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн теңи эмне болгону белгисиз. Мэрия же темир үнөмдөгөнбү, же теңи кесилип алынганбы, айтор, кичинекей бир нерсе турат
  • Ушул эле көчөнүн күн батыш тарабында таптакыр эле тосмо жок. Сууну эңкейип карайм деген киши түшүп кетчүдөй эле болот
  • Бул жерден өткөндөрдүн коопсуздугун жыгач тактайлар сактап турат
  • Лермонтов көчөсүндө бир кучак болгон түтүк тобокелдик коштосо да жөө адамдар үчүн ары-бери каттоо каражатына айланган
  • Фрунзе — Набережная аймагындагы көпүрөдө айдоочулар менен жөө жүргөндөрдүн жолун асфальт менен эле ажыратып билбесе, эч кандай белгилер орнотулган эмес
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Чүй — Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн тосмосунун теңи жол кырсыгынан улам сынып калган. Бирок мэрия тосмону кайра улантып салбай эле оңой кутулуп, кесип салган. Жөө жүргүнчүлөр үчүн бир топ эле кооптуу көрүнөт

Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек шаарындагы автоунаалар жана жөө адамдар өтүүчү кооптуу деп саналган көпүрөлөрдү карап көрдү.

Бишкекте дүйнө жүзүндөгү ири шаарлардагыдай көркөмү, көлөмү менен таң калтыра алган көпүрөлөр жок. Бирок келечекте мындай курулуштар курула турганы айтылып, эскиздер жарыялана баштады. Антсе да калаада шаар тургундары үчүн кооптуу көпүрөлөр жок эмес экен. Алардын айрымдарын өз көзүбүз менен көрүп келдик. Кээ бир көпүрөлөрдү салып жатканда курулушчулар унаа өткөнгө ылайыктап, жөө жүргүнчүнү эсепке албай калган өңдүү.

Тема боюнча

Ала-Бука: 10 жылдыктын жигиттери айылына көпүрө салып жатышат
Бишкекте Фучик көчөсүндөгү темир жолдун үстүнөн өтчү эстакадалык көпүрө курулат
Күбө: Ауэзов — Чүй көчөлөрүндөгү талкаланган көпүрө элге кооптуулук жаратууда
Белгилер:
унаа, курулуш, көпүрө, Бишкек

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ