Жандана баштаптыр! Бишкектин көзгө араң илешкен жашоочуларынын жазгы сүрөттөрү

Жазылуу
Бишкекте күн жылып, ал тургай аптапка жакындап, баары жанданды. Адамдар менен жерди мындай коюңуз, адамзат анча жакшы көрө бербеген табияттын көзгө илешип-илешпеген парандалары да ызылдаган өз жашоосун баштады.

Үңүлүп атайын карабагандыктан, алардын кантип, кайда учуп жүргөнүнө деле маани бербейт эмеспизби. Бул ирет Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн алардын өң-түсүн, кебете-кешпирин, ал тургай көздөрүн даана көрө аласыз.

Sputnik Кыргызстандын фотографы Табылды Кадырбеков курт-кумурскалар менен чымын-чиркейлерди сиз эрикпей барактап көрө тургандай кылып тартып келди.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда "кичинекей бишкектиктер" майдын аягынан тарта жанданып баштайт
Кыргызстанда кичинекей бишкектиктер майдын аягынан тарта жанданып баштайт - Sputnik Кыргызстан
1/12
Кыргызстанда "кичинекей бишкектиктер" майдын аягынан тарта жанданып баштайт
© Sputnik / Табылды КадырбековКумурска – эмгекчилдиктин, темирдей тартиптин символу. Алар 100 миллион жылдан бери "кумурскадай эмгектенип" жашап келет. Исландия, Гренландия жана Антарктидадан башка дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө бар
Кумурска – эмгекчилдиктин, темирдей тартиптин символу. Алар 100 миллион жылдан бери кумурскадай эмгектенип жашап келет. Исландия, Гренландия жана Антарктидадан башка дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө бар - Sputnik Кыргызстан
2/12
Кумурска – эмгекчилдиктин, темирдей тартиптин символу. Алар 100 миллион жылдан бери "кумурскадай эмгектенип" жашап келет. Исландия, Гренландия жана Антарктидадан башка дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө бар
© Sputnik / Табылды КадырбековТааныдыңызбы, бул кадимки эле көпөлөктүн сизди карап турганы. Эч качан мынчалык жакын тиктеп көргөн эмес чыгарсыз, ээ? Бул макулуктардын дүйнө боюнча 165 миңге жакын түрү бар. Алардын көбү — шайтан көпөлөктөр
Тааныдыңызбы, бул кадимки эле көпөлөктүн сизди карап турганы. Эч качан мынчалык жакын тиктеп көргөн эмес чыгарсыз, ээ? Бул макулуктардын дүйнө боюнча 165 миңге жакын түрү бар. Алардын көбү — шайтан көпөлөктөр - Sputnik Кыргызстан
3/12
Тааныдыңызбы, бул кадимки эле көпөлөктүн сизди карап турганы. Эч качан мынчалык жакын тиктеп көргөн эмес чыгарсыз, ээ? Бул макулуктардын дүйнө боюнча 165 миңге жакын түрү бар. Алардын көбү — шайтан көпөлөктөр
© Sputnik / Табылды КадырбековБул жаныбардын адамга зыяны деле жок, анткен менен сасык деп мурун чүйрүп калат эмеспизби
Бул жаныбардын адамга зыяны деле жок, анткен менен сасык деп мурун чүйрүп калат эмеспизби - Sputnik Кыргызстан
4/12
Бул жаныбардын адамга зыяны деле жок, анткен менен сасык деп мурун чүйрүп калат эмеспизби
© Sputnik / Табылды КадырбековМай саратаны Кызыл китепке киргизилген. Чөп, жалбырак, гүл жана бактан сарыгып чыккан суу менен азыктанат. Анын айыл чарбасына да кымындай зыяны жок. Бала кезде көң жыйнагандар бул жаныбарды жакшы билет
Май саратаны Кызыл китепке киргизилген. Чөп, жалбырак, гүл жана бактан сарыгып чыккан суу менен азыктанат. Анын айыл чарбасына да кымындай зыяны жок. Бала кезде көң жыйнагандар бул жаныбарды жакшы билет - Sputnik Кыргызстан
5/12
Май саратаны Кызыл китепке киргизилген. Чөп, жалбырак, гүл жана бактан сарыгып чыккан суу менен азыктанат. Анын айыл чарбасына да кымындай зыяны жок. Бала кезде көң жыйнагандар бул жаныбарды жакшы билет
© Sputnik / Табылды КадырбековКурт-кумурскалар — планетадагы эң байыркы макулуктар. Окумуштуулардын пикиринде, Жерде алар мындан 400 миллион жыл мурда пайда болгон
Курт-кумурскалар — планетадагы эң байыркы макулуктар. Окумуштуулардын пикиринде, Жерде алар мындан 400 миллион жыл мурда пайда болгон - Sputnik Кыргызстан
6/12
Курт-кумурскалар — планетадагы эң байыркы макулуктар. Окумуштуулардын пикиринде, Жерде алар мындан 400 миллион жыл мурда пайда болгон
© Sputnik / Табылды КадырбековБүгүнкү күндө жер жүзүндө миллион, миллиард эмес, 10 квадриллионго жакын кумурска жашайт
Бүгүнкү күндө жер жүзүндө миллион, миллиард эмес, 10 квадриллионго жакын кумурска жашайт - Sputnik Кыргызстан
7/12
Бүгүнкү күндө жер жүзүндө миллион, миллиард эмес, 10 квадриллионго жакын кумурска жашайт
© Sputnik / Табылды КадырбековЭл кайда көчөт, эл кайда көчөт?! Көчөт кезди эске салган бул сонун жандыктын кымындай да зыяны жок. Дегеле, аны жаман көргөн жан жок болуш керек
Эл кайда көчөт, эл кайда көчөт?! Көчөт кезди эске салган бул сонун жандыктын кымындай да зыяны жок. Дегеле, аны жаман көргөн жан жок болуш керек - Sputnik Кыргызстан
8/12
Эл кайда көчөт, эл кайда көчөт?! Көчөт кезди эске салган бул сонун жандыктын кымындай да зыяны жок. Дегеле, аны жаман көргөн жан жок болуш керек
© Sputnik / Табылды КадырбековЗыңылдаган чиркей. Жай айында өзүнөн бир канча эсе чоң адамзатын чыркыраткан жаныбар. Буларда белок, минералдар, витамин, көмүртектер абдан көп. Ошон үчүн алар көптөрдүн артынан сая түшүп, чагып, тытынтып тырматса керек
Зыңылдаган чиркей. Жай айында өзүнөн бир канча эсе чоң адамзатын чыркыраткан жаныбар. Буларда белок, минералдар, витамин, көмүртектер абдан көп. Ошон үчүн алар көптөрдүн артынан сая түшүп, чагып, тытынтып тырматса керек - Sputnik Кыргызстан
9/12
Зыңылдаган чиркей. Жай айында өзүнөн бир канча эсе чоң адамзатын чыркыраткан жаныбар. Буларда белок, минералдар, витамин, көмүртектер абдан көп. Ошон үчүн алар көптөрдүн артынан сая түшүп, чагып, тытынтып тырматса керек
© Sputnik / Табылды КадырбековБул жаныбарды көргөндө денеси жыйрылбаган адамдар аз болсо керек. Окумуштуулар жөргөмүштөр мындан 400 миллион жыл мурда пайда болгондугун айтышат. Ал азыр алардын 40 миңден ашуун түрү бар экен
Бул жаныбарды көргөндө денеси жыйрылбаган адамдар аз болсо керек. Окумуштуулар жөргөмүштөр мындан 400 миллион жыл мурда пайда болгондугун айтышат. Ал азыр алардын 40 миңден ашуун түрү бар экен - Sputnik Кыргызстан
10/12
Бул жаныбарды көргөндө денеси жыйрылбаган адамдар аз болсо керек. Окумуштуулар жөргөмүштөр мындан 400 миллион жыл мурда пайда болгондугун айтышат. Ал азыр алардын 40 миңден ашуун түрү бар экен
© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгекчил, тартиптүү, катылгандын катыгын берген аары. Кээде өзүнөн миллион эсе кичинекей бул жаныбардан чоң эле кишилердин тызылдап качып баратканын көрүп, аргасыздан жылмаясың
Эмгекчил, тартиптүү, катылгандын катыгын берген аары. Кээде өзүнөн миллион эсе кичинекей бул жаныбардан чоң эле кишилердин тызылдап качып баратканын көрүп, аргасыздан жылмаясың - Sputnik Кыргызстан
11/12
Эмгекчил, тартиптүү, катылгандын катыгын берген аары. Кээде өзүнөн миллион эсе кичинекей бул жаныбардан чоң эле кишилердин тызылдап качып баратканын көрүп, аргасыздан жылмаясың
© Sputnik / Табылды КадырбековБул жаныбардын денесинин аяк жагында сасык жытуу суюктук жайгашкан. Коркунуч жаралганда коргонуу үчүн "аңкыган" массаны бөлүп чыгара салат
Бул жаныбардын денесинин аяк жагында сасык жытуу суюктук жайгашкан. Коркунуч жаралганда коргонуу үчүн аңкыган массаны бөлүп чыгара салат - Sputnik Кыргызстан
12/12
Бул жаныбардын денесинин аяк жагында сасык жытуу суюктук жайгашкан. Коркунуч жаралганда коргонуу үчүн "аңкыган" массаны бөлүп чыгара салат
Жаңылыктар түрмөгү
0