15:11 04 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Сүрөт

Кыргызстандын тарыхындагы ири марафон. Мелдештеги мыкты көз ирмемдер

Кыскача шилтеме алуу
183 0 0
  • Ар жылы өтүүчү Run the Silk Road эл аралык марафону 13-майда Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулат
  • Мелдешке эки миңден ашык адам катышты
  • Катышуучулар төрт дистанцияда: марафон (42,2 чакырым), жарым марафон (21,2 чакырым), ошондой эле 10 жана беш чакырымга чуркашты
  • Акактаган катышуучуларга жолдо турган ыктыярчылар суу берип турушту
  • Ири марафонго чейин Экиден деп аталган балдар мелдеши да өткөн
  • Алдыда келе жаткан марафондун катышуучусун кайгуул унаасы коштоп баратат
  • Run the Silk Road марафонунун 2015-2016-жылкы жеңүүчүсү Аман Момуналиев
  • Кыргызстандык Мария Коробицкая аялдар арасында биринчи келди
  • Көрүүчүлөр колдоруна туу көтөрүп чуркап келген катышуучуларды кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алды
  • Мелдеш жыйынтыкталган соң Sputnik агенттиги марафондун айрым катышуучуларына белек тапшырды
  • 2 саат 35 мүнөт 26 секунддун ичинде 42, 2 чакырымды багынткан кыргызстандык Илья Тяпкин мыкты марафончу аталды
  • Марафондун аялдар арасындагы жеңүүчүлөрү
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ар жылы өтүүчү Run the Silk Road эл аралык марафону 13-майда Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулат

Бул жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн Run the Silk Road эл аралык марафонго эки миңден ашык адам катышты.

13-май күнү Ысык-Көлдүн жээгинде ар жылы өтүүчү Run the Silk Road эл аралык марафону өттү. Уюштуруучулар мелдешке эки миңден ашык адам катышканын билдиришти. Спорттук иш-чарага Россия, Казакстан, Япония өлкөлөрүнөн да спортчулар келген.

Марафон Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо башталып, катышуучулар Корумду айылын көздөй чуркап, кайра ат майданга кайтып келишкен.

Мелдеште 1-орунду кыргызстандык Илья Тяпкин алып, ал 2 саат 35 мүнөт 26 секунддун ичинде 42 чакырым 195 метр аралыкты багынткан. Ал эми аялдар арасында баарынан биринчи болуп Кыргызстандан Мария Коробицкая чуркап келген. 

Жарым марафондун (21 чакырым 97 метр) жеңүүчүлөрү болуп эркектер арасында Султан Айдар уулу (Кыргызстан) жана аялдар арасында Катерина Шатная (Казакстан) аталышты. Жеңүүчүлөр 1000 доллар акчалай сыйлык менен сыйланышкан.

Run the Silk Road эл аралык марафону алтынчы жолу уюштурулуп жатат. Былтыркы жылы спорттук иш-чарага 1800 адам катышкан. Мелдеш Кыргызстандан чыккан жалгыз марафончу, 1980-жылы Олимпиада оюндарында үчүнчү орунду багынткан Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган.

Тема боюнча

Ылдамдык жана секирик. Бишкекте өткөн мото жарыштагы кадрлар
Ысык-Көлдө өтүп жаткан эл аралык марафондо үч кыргызстандык жеңүүчү аталды
Белгилер:
марафон, мелдеш, Сүрөт, Run The Silk Road эл аралык марафон, Ысык-Көл

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ