03:57 26 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.0754
  • EUR81.2361
  • RUB1.0494
Сүрөт

Апта ирмеми: шайба чапкан Путинден, сүрөт тартып жатып көз жумган фотограф аялга чейин

Кыскача шилтеме алуу
89820
  • Москва метрополитенинде фантастикалык Звездные войны тасмасындагы каармандын пайда болушу көптөр үчүн күтүүсүз болду. Анын кийими өзгөчө таасир калтырды
  • Кыргызстан коммунисттер партиясынын өкүлдөрү Бишкектеги Эски аянтта 1-май — Эмгекчилердин тилектештигинин Күнүнө карат митинг өткөрдү
  • Бир кылка келе жаткан атактуу, легендарлуу Су-34! 9-майда өтө турган парадга камдануу учуру
  • Россиянын лидери Владимир Путин Шайбадеп аталган олимпиадалык стадиондогу хоккей боюнча машыгуу учурунда. Бул жерге президент Эл аралык Олимпиада комитетинин ардактуу мүчөсү Жан-Клод Киллинин чакыруусу менен келген
  • Ирак. Мосул шаарынын батыш тарабы. Согуш жашоосуна так салган балдар. Тамак-аш бөлүштүргөн жерде бышырылып жаткан таттууну карап турган учуру
  • Цюрихтеги (Швейцария) 1-Май демонстрациясы учурунан көрүнүш. Полиция кызматкери жана жай жаран
  • Демидов аймагындагы (Украина) зоопарктагы жырткыч айбандын жана адамдын көз караштары
  • Каракастагы (Венесуэла) нааразылык акциясына чыккан аял полиция менен кагылышуу учурунда. Колунда таш, башында каска. Массалык митинг 4-апрелден бери тынчыбай келет. Баарына күнөлүү баягы эле саясат
  • Израилдик балдар Эгемендүүлүк Күнүнө карата өткөн аскердик парадда
  • Спорт. Жеңиштин күчү керемет. Спартактын так секирген машыктыруучусу Массимо Каррера
  • Формула-1 жарышынын Россиялык этабынын алдындагы учур
  • Greenpeace активисттери Эйфель мунарасынын жанында президенттикке аттанган Марин Ле Пенге каршы чыгып, балет артисттери тартылып жаткан фотосессия учурунда жазууларды көтөрүп туруп алышты
  • Ысымдары Голливудда Даңк аллеясына кирген Голди Хоун менен Курт Рассел
  • Акробатика боюнча республикалык VIII чемпионатынын катышуучусу. Бишкек шаары
  • Согуш техникасы Кызыл аянтка парадга даярдануу үчүн өтүп бара жаткан кезде анын фонунда сүрөткө түшүп жаткан ашыктар
  • Хэнань провинциясында (Кытай) Монихей карнавалы сууга аралаштырылган күлдү бири-бирине шыбап жаткан учуру. Кытайда бул ийгилик алып келет деген түшүнүк бар
  • Россия. Жол кайгуул кызматынын инспекторлору өздөрүнүн жана колдонгон техникаларынын даярдыгын көрсөттү. 2017-жылдагы мотосезондун ачылышы
  • Каракас (Венесуэла). Демонстранттар менен кагылышууда полиция минип жүргөн мотоциклдин бензин куйган багы жарылып кеткен учуру
  • Мабандагы (Түштүк Судан) качкындар лагери. Дарыгер майып баланы карап жаткан учуру
  • Согуш согушу менен, а тиричилик жүрө берет. Ракка шаарындагы контейнердин ичине жайгашкан чачтарач
  • Монреаль. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун эки башка түстөгү байпактары. Кайсы кинотасма экендигин өзүңүз бир баам салып көрсөңүз болот. Сүрөт Ирландиянын өкмөт башчысы Таоисеак Энд Кенни менен жолугушуу учурунда тартылган
  • Президенттик бийликти колдо! Жеңиштин кубанычы. Алга кыймылынын башчысы Эммануэль Макрон Франция президенттигине ат салышып жеңип чыкты.
  • Севилье. Испандык матадор Хосе Падилья буканын жонуна шиш матырууга камданып жаткан учур
  • Америкалык Military Review журналы фотограф Хильда Клейтондин акыркы көз ирмемдери учурунда тартып калган сүрөттөрүн жарыялады. Ал аял 2013-жылдын июль айында Афганистанда каза тапкан. Ал машыгуу учурун сүрөткө тартып жатканда миномет капысынан жарылып кетип, беш киши каза тапкан. Аскерлерден сырткары дагы бир эркек киши, аскердик сүрөтчү да көз жумган
© Sputnik / Евгения Новоженина
Москва метрополитенинде фантастикалык "Звездные войны" тасмасындагы каармандын пайда болушу көптөр үчүн күтүүсүз болду. Анын кийими өзгөчө таасир калтырды

Sputnik Кыргызстан өткөн жумада дүйнө жүзүндө болуп өткөн кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Бишкектеги Эски аянтта Кыргызстан коммунисттер партиясынын өкүлдөрү 1-май — Эмгекчилердин тилектештигинин Күнүнө карат митинг өткөрсө, Каракаста (Венесуэла) эл президент Николас Мадурого каршы көтөрүлдү.

Россиянын лидери Владимир Путин "Шайба"деп аталган олимпиадалык стадиондогу хоккей боюнча машыгуу учурунда хоккей ойносо, атактуу Голди Хоун менен Курт Расселдин ысымдары Голливудда "Даңк аллеясына" кирди.

Москвада Жеңиштин 72 жылдыгына карата даярдык катуу жүрүп жатса, "Звездные войны" тасмасынын каарманы метродо пайда болду. Хэнань аймагында (Кытай) бири-биринин бетине күл шыбаган карнвал өтсө, Бишкекте акробаттар талантын тартуулап, таймашты. Military Review фотограф аял Хильда Клейтондун өмүрүнүн акыркы секундаларында тарткан сүрөтүн жарыя кылды.

Тема боюнча

Россия: Жеңиш парадына 9-майда 130 миң адам катышат
Апта ирмеми: купальникчен лыжачылар, коён менен Трамп
Апта ирмеми. Пил менен учурашкан ханышадан тарта Атамбаев, Путинге чейин
Апта ирмеми: "түрү суук" Роналдудан жар боорундагы сулууларга чейин
Апта ирмеми: жарым жылаңач сулуулардан автомат кармаган аскерлерге чейин
Белгилер:
фото, өлүм, фотограф, окуя, Афганистан, Франция
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ